БУУӨПтүн STEM4ALL платформасы негизги кызыкдар тараптарды биргелешип чечимдерди иштеп чыгууга чакырды

2022-ж., 17-November

Бишкек, 11-ноябрь, 2022-жыл – БУУ Өнүктүрүү программасы Кыргызстандагы айымдардын COVID-19дан кийинки керектөөлөрүн баалоонун алкагында STEM (илим, технология, инженерия, математика) боюнча семинар уюштурду. Биргелешип иштеп чыгуу боюнча семинар борбордун коомчулугундагы негизги кызыкдар тараптарды аныктоого, ошондой эле бул сектордо гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-аракеттер планын биргелешип иштеп чыгууга багытталган. Акыркы отчет жана иш-аракеттер планы расмий түрдө 2023-жылдын башында көрсөтүлөт.

COVID-19 пандемиялык кризистин шартында дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар жумушсуз калган учурда, STEM — токтобой өсүп келе жаткан жалгыз сектор

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча гендердик теңчилик жана айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы прогресске тоскоол болду. Глобалдык отчеттор көрсөткөндөй, айымдар эркектерге караганда жумушунан көбүрөөк айрылышат. Мисалы, Европада жана Борбордук Азияда (ЕБА) айымдардын жумушка орношуу деңгээли эркектердикине караганда дээрлик 15 пайызга төмөн болот деп болжолдонгон. Жумуш орундары кыскарганына карабастан, STEM-кесиптеги кызматкерлерге суроо-талап сакталууда жана келечекте өсүшү гана күтүлүүдө.

БУУӨП ар кандай кызыкдар өнөктөштөрдүн ишине көмөк көрсөтөт. 32 уюмдун өкүлдөрү, анын ичинде өкмөт, эл аралык жана улуттук институттар, БУУнун агенттиктери, академия, жарандык коом уюмдары, жеке сектор, ошондой эле искусство, диний коомдоштуктар жана феминисттик топтор сыяктуу адаттагыдай эмес өнөктөштөр чогулушту. Кээ бир өнөктөштөр биринчи жолу бирге чогулушту. Ар түрдүү өкүлдөр БУУӨПкө күн тартибине ар түрдүү көз караштарды киргизүүгө мүмкүндүк берди. Эң башкысы, STEM гендердик паритетти илгерилетүү бардык негизги кызыкдар тараптар менен кызматташтыкта ишке ашырылышы керек. БУУӨП кызыкдар тараптардын ортосундагы диалогго көмөктөшүүгө жана STEM жаатындагы кыздар менен айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр.

Кыргызстандагы БУУӨП илим менен алектенген айымдардын баяндарынын өзгөрүүсүн бекитүү үчүн антропоборборчул ыкма менен экспресс-изилдөө жүргүзүп жатат.

БУУӨП Бишкек жана Ош шаарларындагы коомдоштуктарга басым жасоо менен экспресс-изилдөө жүргүзүүдө. Алдын ала чогулган жыйынтыктар БУУӨПкө жана анын өнөктөштөрүнө, эрте кийлигишүүнүн башталышын аныктоого жана өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга мүмкүндүк берген, негизги баяндын скриншотун көрсөтүшөт.

БУУӨП прогресске тоскоол болгон тутумдук мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнүү үчүн STEMди изилдеп жаткан айымдардын жеке тажрыйбасына көз салып, адамга багытталган ыкманы колдонот. Семинарда STEMдеги айымдар туш болгон негизги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн бир нече гипотезалар текшерилди.

Көйгөйлөрдүн түпкү себептерин аныктагандан кийин, катышуучулар акыры көйгөйдүн төмөнкү негизги туюндурмаларына келишти:

Көйгөйдү туура коюу 1. Кызыкдар тараптардын (мамлекеттик мекемелердин/ата-энелердин жана камкорчулардын/мугалимдердин жана башка педагогдордун/жаштардын ж.б.) STEMдин маанилүүлүгү жана баалуулуктары жөнүндө маалымдуулугунун төмөндүгү айымдар менен кыздардын STEMге катышуусун чектейт.

Көйгөйдү туура коюу 2. Айымдар жана кыздар өзүлөрүнүн STEM жаатында иштөө/окуу жөндөмдүүлүктөрүнө ишенишпейт

Көйгөйдү туура коюу 3. Гендердик саясат менен аны практикалык ишке ашыруунун ортосундагы ажырым айымдардын/кыздардын STEMге катышуусуна тоскоол болууда.

Кийинчерээк катышуучулар ар бир көйгөйдү чечүү үчүн мыкты тажрыйбаларына негизделген чечимдерди иштеп чыгышты. Бул түзүлгөн чечимдер акыры БУУӨП тарабынан сыналат. Изилдөөлөрдүн жана эксперименттердин акыркы жыйынтыктарынан кийин БУУӨП ишти андан ары масштабдоо үчүн эң мыкты далилденген чечимдерди колдонууну пландаштырууда.

2022-жылдын аягына чейин эмне күтүлүүдө?

«Кыргызстандагы STEM айымдардын муктаждыктарын баалоо» жыйынтыктоочу отчету кызыкдар тараптардын картасы менен бирге даярдалат. STEM семинарынын жыйынтыктары 2023-жылдын февралында коомчулукка сунуштала турган БУУӨПтүн STEM жаатындагы иш-аракеттер планына киргизилет. Эгерде изилдөө жана/же кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан башка өнөктөштөр болсо, БУУӨПтүн эксперименттер бөлүмүнүн башчысы Женни Жениш кызы (Энси Цзи) менен байланышыңыз ensi.tszie@undp.org

ММК суроолору боюнча БУУӨПтүн коомчулук менен байланыштар боюнча адиси Айнагуль Абдрахмановага кайрылыңыздар ainagul.abdrakhmanova@undp.org