Жаратылышты коргоо үчүн куру убадалар жетишсиз — ресурстарды ачык-айкын, натыйжалуу жана туруктуу башкарууну камсыз кылган натыйжалуу системалар керек. Муну түшүнүү менен, БУУӨПтүн Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси (БИОФИН) токой секторунда финансылык башкарууну бекемдөө жана санариптик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына «Токойду пайдалануу» автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АМТ) модернизациялоодо колдоо көрсөттү
Кыргызстандын токой секторун туруктуу каржылоо үчүн санариптик чечимдер
2026-ж., 17-June
Токтогул токой чарбасы
Жаратылышты коргоо үчүн куру убадалар жетишсиз — ресурстарды ачык-айкын, натыйжалуу жана туруктуу башкарууну камсыз кылган натыйжалуу системалар керек. Муну түшүнүү менен, БУУӨПтүн Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси (БИОФИН) токой секторунда финансылык башкарууну бекемдөө жана санариптик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына «Токойду пайдалануу» автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АМТ) модернизациялоодо колдоо көрсөттү.
Алгач арендалык төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн гана колдонулуп келген система бүгүнкү күндө токой секторундагы кызматтардын алда канча кеңири спектрин камтыган комплекстүү санариптик платформага айланды.
Жаңыланган система мамлекеттик төлөм шлюзу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча төлөмдөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет. Бирдиктүү төлөм реквизиттерин жана QR-коддорду түзүү механизмдерин киргизүүнүн аркасында колдонуучулар үчүн төлөм процесси кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү. Модернизациялоонун алкагында колдонуучуларга алдыдагы төлөм мөөнөттөрү тууралуу автоматтык түрдө билдирүү жөнөтүү функциясы да кошулду, бул төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүнө өбөлгө түзөт. Системанын интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү мамлекеттик төлөм куралдары жана башка маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылды. Бул маалыматтардын шайкештигин жана төлөм маалыматтарын иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатып, токой чарба кызматтарын пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү төлөм каналдарынын санын көбөйттү. Жаңы отчеттуулук модулу токой чарбасын башкаруу органдарына түшүүлөрдүн так жана деталдуу сүрөтүн сунуштап, финансылык маалыматтардын ачык-айкындуулугун, байкалышын (көзөмөлдөнүшүн) жана отчеттуулугун жогорулатат. Бул өз кезегинде Токой кызматынын финансылык маалыматтарды талдоо жана негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
АМТны модернизациялоо тутумду иштеп чыгууну, тестирлөөнү, пилоттук ишке киргизүүнү, кызматкерлерди окутууну жана системаны өндүрүштүк (өнөр жайлык) эксплуатацияга киргизүүнү камтыган толук цикл менен коштолду.
Алынган натыйжалар мамлекеттик каржы чөйрөсүндөгү санариптик чечимдерге салынган инвестициялардын баалуулугун айкын көрсөтүп турат. Пилоттук ишке киргизилген бир жылдын ичинде система аркылуу башкарылган түшүүлөрдүн 27% га өсүшү — 2024-жылдагы 52,8 млн сомдон 2025-жылы 66,9 млн сомго чейин көбөйүшү — төлөмдөрдү башкаруунун натыйжалуулугунун жогорулагандыгын жана санариптик форматка өткөрүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагы кеңейгенин көрсөтөт.
Эмне үчүн бул маанилүү? Ачык-айкын жана натыйжалуу чогултулган ар бир сом — бул Кыргызстандын токойлорун сактоого жана алар камсыз кылган биологиялык ар түрдүүлүктү колдоого кайрадан багыттала турган каражат. Күнүмдүк операцияларды ишенимдүү жана байкоого боло турган каржылоо булагына айландыруу менен, бул демилге санариптик чечимдер токой секторунун финансылык туруктуулугун кантип түздөн-түз бекемдей аларын көрсөтөт. Бул биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо реалдуу жана конкреттүү натыйжаларды алып келе тургандыгынын айкын мисалы болуп саналат.
БИОФИН тууралу
БИОФИН — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) глобалдык демилгеси болуп саналат. Ал биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн жетиштүү каржылоону камсыз кылуу сыяктуу заманбап доордун негизги милдеттеринин бирин чечүүгө багытталган. Демилге өлкөлөргө биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоонун комплекстүү стратегияларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда техникалык колдоо көрсөтөт.
Кыргызстанда БИОФИН долбоору Европа Биримдигинин, ошондой эле Германия, Швейцария жана Улуу Британия өкмөттөрүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.