Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында климаттык жана экологиялык туруктуулукту бекемдөөдө

2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарында кызматташуу боюнча алкактык программасынын III артыкчылыктуу багыты: «Климат, айлана-чөйрө, энергетика жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу» боюнча аткарылышынын жыйынтыктарын талкуулоо боюнча консультациялар өткөрүлдү

2026-ж., 26-February
Photograph of three panelists at a conference table with a Kyrgyz flag behind them.

Жолугушуу климаттык туруктуулук, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана табигый кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу маселелерине арналды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министрдин орун басары Асел Раимкулова, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдиев ачышты.

Катышуучулар 2025-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарып, 2026–2027-жылдарга карата негизги стратегиялык артыкчылыктарды аныкташты.

2025-жылы Кыргызстан өлкөнүн экологиялык жана климаттык архитектурасын мындан ары да бекемдеди. Көмүртек нейтралдуулугу жана экологиялык коопсуздук жаатындагы стратегиялык документтер илгерилетилип, мыйзамдык жана институционалдык негиздер өркүндөтүлдү, анын ичинде биологиялык коопсуздук жана биотүрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча. Мамлекеттик органдардын жана аймактардын потенциалы олуттуу жогорулады — окутуу, усулдук колдоо жана климаттык жана табигый тобокелдиктерди пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу инструменттерин киргизүү аркылуу. Ошондой эле эл аралык уюмдар, мамлекеттик түзүмдөр жана жеке сектор ортосундагы кызматташтык бекемделди.

Министрдин орун басары Асел Раимкулова климаттык жана экологиялык артыкчылыктарды 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы менен шайкеш келтирүүнүн жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз сөзүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык күн тартибиндеги негизги ролун белгиледи. Ал учурдагы климаттык чакырыктар бүткүл эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттерин талап кыларын баса белгилеп, БУУ системасы инновациялык ыкмаларды киргизүү жана ресурстарды мобилизациялоо аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын айтты.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгиледи: «Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында, айрыкча климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу багытында, БУУ системасы Өкмөткө климаттык саясатты иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө, климаттык каржылоо механизмдерин түзүүдө жана бекемдөөдө, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу системаларын өнүктүрүүдө, ошондой эле өлкөнүн негизги экосистемаларын коргоону жана туруктуу башкарууну күчөтүүдө колдоо көрсөтөт. Биздин милдет — эл аралык колдоонун улуттук артыкчылыктар менен шайкештигин камсыз кылуу жана узак мөөнөттүү натыйжа бере турган туруктуу институционалдык чечимдерди калыптандырууга көмөк көрсөтүү».

ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдиев агроазык-түлүк системаларын трансформациялоо — өлкө калкынын көпчүлүгүнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана жашоо каражаттарына түздөн-түз таасир эткен багыт — климаттык туруктуу механизмдерди киргизүүсүз мүмкүн эместигин белгиледи. Бүгүнкү күндө кургакчылык, жайыттардын деградациясы, мөңгүлөрдүн эриши, жер көчкүлөр сыяктуу тобокелдиктер азык-түлүк системаларына жана адамдардын жашоо сапатына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Тараптар ачык диалогду сактоо жана өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү аркылуу климаттык жана экологиялык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди жана чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү макулдашышты.