БУУӨП жана Ош шаарынын мэриясы Жапониянын колдоосу менен Борбордук Азияда кырсыктарга туруктуулукту чыңдоо боюнча аймактык демилгени баштады

Ош шаары, 10-июль, 2026-жыл — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Жапония Өкмөтүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча борбордун, БУУӨПтүн, тиешелүү мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, жарандык коом уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү Ош шаарында чогулушту.

2026-ж., 10-July

Жолугушуунун максаты — Борбордук Азиядагы шаарлардын туруктуулугун жогорулатууга жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу тутумун чыңдоого багытталган жаңы аймактык долбоорду ишке ашыруунун башталышын белгилөө болду. 

Ош шаарындагы улуттук техникалык консультациялык жолугушуу аймактык долбоордун ишке киришүүсүнө негиз түзүп, артыкчылыктарды макулдашуу, өнөктөштүктү бекемдөө жана шаарлардын кырсыктарды алдын ала аныктоо, аларга даярдануу жана кесепеттерин азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган практикалык кадамдарды аныктоо үчүн аянтча болуп берди. 

Борбордук Азия дүйнөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон аймактардын бири болуп саналат. Жер титирөөлөр, суу ташкындары, селдер, жер көчкүлөр жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири калкка, инфраструктурага жана экономикага олуттуу коркунуч жаратууда. 

Шаарлардын тез өсүшү бул тобокелдиктерди дагы күчөтүп, кырсыктардын тобокелдигин баалоону, климаттык факторлорду жана коопсуздукту шаардык пландаштырууга жана инвестициялык чечимдерге киргизүүнү өзгөчө маанилүү кылууда. 

Кыргызстандын ири шаарларынын бири катары Ош шаары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаарды өнүктүрүү пландарына кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин кантип интеграциялай аларын көрсөтүүдө стратегиялык мааниге ээ. Ош шаары Кыргызстандагы жана аймактагы башка муниципалитеттер үчүн үлгү боло ала турган практикаларды көрсөтүүдө. 

Жапония Өкмөтү тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча борбор менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан бул аймактык долбоор туруктуулукту чыңдоого багытталган бир катар практикалык иш-чараларды камтыйт. 

Алардын арасында жер титирөөлөргө даярдыкты жогорулатуу, жер титирөөнү алдын ала эскертүү системалары өркүндөтүү, институттук жана техникалык потенциалды бекемдөө, тобокелдиктерди эске алган пландаштырууну колдоо, инновациялык пилоттук чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле аймактык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү бар. Долбоор ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууда инклюзивдүү жана гендердик аспектилерди эске алган ыкмаларды жайылтууну колдойт. 

“Бул долбоор аркылуу биз туруктуулукту ар кыл деңгээлде чыңдоочу практикалык жана келечектүү чечимдерди колдоого умтулабыз. Бул жер титирөөлөргө даярдыкты жогорулатууну, жер титирөөнү алдын ала эскертүү системалары, институттук потенциалды чыңдоону жана кийинчерээк аймак боюнча кеңири жайылтууга мүмкүн болгон инновациялык ыкмаларды киргизүүнү камтыйт”, — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман. “Бул демилгенин өзөгү конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган. Кеп институттарды чыңдоо, даярдыкты жогорулатуу, инновацияларды киргизүү жана туруктуулук маселелерин өнүктүрүү пландарына жана чечим кабыл алуу процесстерине интеграциялоо жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле биздин биргелешкен аракеттерибиздин борборунда жергиликтүү билимдер, жергиликтүү артыкчылыктар жана жергиликтүү деңгээлдеги лидерлик турганы маанилүү”. 

Жапония Өкмөтү Борбордук Азияда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана туруктуулукту чыңдоо багытындагы аракеттерди колдоого, ошондой эле бул жааттагы көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин ырастады. 

“Жапония Борбордук Азиядагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу тутумдарын чыңдоого багытталган БУУӨПтүн жаңы аймактык долбоорун колдоого кубанычта. Бул демилге аймактык координацияны жакшыртууга, жер титирөөлөрдү эрте кабарлоо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, кырсыктардын тобокелдигин башкарууга жооптуу органдардын потенциалын бекемдөөгө жана Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга көмөктөшөт”, — деди Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано. “Ош шаары менен болгон ийгиликтүү кызматташтыгыбыздын негизинде бул жаңы долбоор шаардын жер титирөөлөргө даярдыгын мындан ары чыңдоого жардам берет. Бул Ош шаарынын келечектеги өнүгүүсүн коопсуз, туруктуу жана мүмкүн болуучу кырсыктарга даяр кылууга өбөлгө түзөт. Ошто топтолгон тажрыйба жана мыкты практикалар Борбордук Азия боюнча кеңири жайылып, аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө жана башка шаарларга дем берүүгө жардам берет деп ишенебиз”. 

Консультациялык жолугушууда ошондой эле коопсуз жана туруктуу коомчулуктарды түзүүдө жергиликтүү лидерликтин маанилүүлүгү жана чечим кабыл алуу процесстерине бардык тараптардын катышуусу белгиленди. 

“Ош шаары үчүн туруктуулук — бул өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдык гана эмес, ошондой эле шаардын келечегин стратегиялык пландаштыруу. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин шаарды өнүктүрүүгө, инфраструктурага, коомдук кызматтарга жана калктын катышуусуна интеграциялоо менен биз тургундарыбыздын коопсуздугуна жана бакубаттуулугуна инвестиция жасап жатабыз”, — деди Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев. 

Консультациянын жүрүшүндө катышуучулар 2026–2027-жылдарга каралган долбоорду ишке ашыруунун артыкчылыктарын талкуулап, техникалык кызматташтыктын багыттарын аныкташты жана муниципалдык бийлик органдарынын, улуттук мекемелердин жана аймактык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны чыңдоо боюнча кийинки кадамдарды макулдашышты. 

Ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин башкаруу процесси бардык адамдардын муктаждыктарын эске алган учурда гана натыйжалуу болору белгиленди. Алдыдагы талаа иштеринде жана пилоттук объекттерди тандоодо гендердик теңчиликке жана социалдык инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулат. Аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана башка аялуу топтордун муктаждыктары коопсуздук пландарына жана инфраструктураны жакшыртуу иштерине эске алынат. 

Жолугушуу кырсыктардын тобокелдигин азайтуу бир гана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматтарынын милдети эмес, туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү инвестиция экенин дагы бир жолу тастыктады. Кырсыктар болгонго чейин туруктуулукту чыңдоо адамдардын өмүрүн коргоого, инфраструктураны сактоого, өнүгүүдөгү жетишкендиктерди бекемдөөгө жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн бекем негиз түзүүгө жардам берет.