БУУӨПтүн жалпы маалыматы: Климаттын өзгөрүшү, жаратылышты коргоо, энергетика жана табигый кырсыктар тобокелдиктерин башкаруу 2026
БУУӨПтүн жалпы маалыматы: Климаттын өзгөрүшү, жаратылышты коргоо, энергетика жана табигый кырсыктар тобокелдиктерин башкаруу 2026
2026-ж., 3-July
БУУӨП Кыргыз Республикасына климаттык амбициялардан практикалык ишке ашырууга өтүүдө колдоо көрсөтүүдө. Улуттук институттар, өнүктүрүү өнөктөштөрү, жарандык коом жана жамааттар менен биргеликте иштеп, БУУӨП өлкөнүн климаттык башкаруусун, пландаштыруусун, каржылоосун, отчеттуулугун жана жергиликтүү деңгээлдеги туруктуулугун бекемдөөгө көмөк көрсөттү.
Бул колдоо Кыргыз Республикасынын Париж келишими боюнча милдеттенмелерине негизделет. Климаттык аракеттер боюнча БУУнун Бирдиктүү мамилесинин алкагында БУУ системасындагы интегратор катары, БУУӨП Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жетектеген жана БУУнун Резидент-координаторунун кеңсеси менен координацияланган бирдиктүү улуттук климаттык күн тартибинин айланасында БУУ системасынын аракеттерин бириктирүүгө көмөк көрсөттү.
Улуттук климаттык пландаштырууну бекемдөө биринчи маанилүү кадам болду. БУУӨП Париж келишиминин алкагындагы Кыргыз Республикасынын негизги климаттык милдеттенмеси болгон Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС3.0) жаңыртылышын колдоду. 1 000ден ашык кызыкдар тарап, анын ичинде аялдар, жаштар жана майыптыгы бар адамдар, консультациялар жана санариптик платформалар аркылуу катышты. Бул улуттук климаттык артыкчылыктардын жалаң техникалык талдоого эмес, ошондой эле коомдун муктаждыктарына жана көз карашына негизделишине көмөк көрсөттү.