Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү
Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгиледи
2026-ж., 5-June
Бишкек шаары, 2026-жылдын 5-июну - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Иш-чара БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын (ЮНЕП) #АзырКлиматҮчүн глобалдык өнөктүгүнүн алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) колдоосу менен өттү. Ал мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнестин, экологиялык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн башын бириктирди.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы эксперти Залкар Орозобеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Роликте Министрликтин айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык аракеттер жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы ишинин негизги багыттары, ошондой эле өлкөнүн экологиялык жана климаттык саясатын ишке ашырууда эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуунун жыйынтыктары чагылдырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик экологиялык саясатты мындан ары бекемдөөнүн, Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
«Тоолуу өлкө катары Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өзгөчө катуу сезүүдө. Буга байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери мамлекеттик саясатта артыкчылыктуу орунду ээлейт. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн жаратылыш байлыгын сактоого, климаттык жана экологиялык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган мамлекеттик экологиялык саясатты ырааттуу түрдө ишке ашырууда.
Эл аралык өнөктөштөргө жемиштүү кызматташтыгы, ишеними жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана климат чөйрөсүндөгү аракеттерин колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Сейдалиев Жеңиш Каныбекович.
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кызыкчылыгында мамлекеттин, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана жеке сектордун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн бекемдөөгө жана экологиялык чөйрөдө санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө үч меморандумга кол коюу аземи өттү:
Министрлик менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жаңылоо жөнүндө;
Министрлик менен «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасынын ортосунда көзөмөл-өткөрмө пунктун (КӨП) куруу жөнүндө;
Министрлик менен «Түндүк» ААКтын ортосунда «Мергенчи» автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) иштеп чыгуу жөнүндө.
«БУУӨП үчүн Кыргыз Республикасы менен климат жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү өнөктөштүк биздин ишибиздин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары Министрлик жана улуттук өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн климаттык саясатын бекемдөө боюнча олуттуу иштер аткарылды. Кыргызстан Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарын ырааттуу түрдө илгерилетип, Улуттук адаптациялык планга карата ыкмаларды өнүктүрүүдө, климаттык отчеттуулукту жана ачык-айкындуулукту күчөтүүдө, көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнүн узак мөөнөттүү көз карашынын үстүндө иштеп, климатты башкаруунун улуттук тутумдарын бекемдеп жатат.
Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча иштер өзгөчө мааниге ээ. Глобалдык экологиялык фонддун долбоорлору жана башка өнөктөштүк демилгелер аркылуу Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегияны жана иш-аракеттер планын жаңылоо, улуттук отчеттуулукту даярдоо, Памир-Алайдын жана Батыш Тянь-Шандын уникалдуу экосистемаларындагы иштер, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды колдоо жүзөгө ашырылууда», - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
«Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүндө БУУнун ДАТПсы Президенттин жетекчилиги астындагы тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча глобалдык күн тартибине жана өлкөнүн Улуттук деңгээлде аныкталган салымына ылайык, Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана айлана-чөйрөнүн туруктуулугун жогорулатууга болгон өзүнүн умтулуусун тастыктайт. 2025-жылы БУУнун ДАТПсы 360 000 аялуу адамга колдоо көрсөтүп, өнөктөштөр менен биргеликте климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулукту камсыз кылууга багытталган 300 долбоорду ишке ашырды. Климаттык тобокелдиктерди камсыздандыруу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин баалоо куралдары сыяктуу инновациялык чечимдердин аркасында БУУнун ДАТПсы климаттык тобокелдиктерди натыйжалуураак болжолдоо жана аларды башкаруу үчүн улуттук дараметти күчөтүүдө», - деди БУУнун БУУ ДАТП Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана Директору Кожиро Накай.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоого жана туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон жаратылышты коргоо тармагынын кызматкерлерин, экологдорду, адистерди жана өнөктөштөрдү сыйлоо аземи өттү.
Катышуучулар үчүн айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык аракеттер жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жаатындагы жетишкендиктерди жана демилгелерди чагылдырган тематикалык көргөзмө уюштурулду.
Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн өткөрүү жаратылышты коргоо тармагынын адистеринин салымын баалоо, өнөктөштүктү бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын уникалдуу жаратылыш мурасын сактоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.