“Жейрен Ордонун” тарыхы: алгачкы жейрендерден мамлекеттик заказникке чейин

Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстанда жейренди көрүү мүмкүн эместей сезилчү. Браконьерлик жана жашоо чөйрөсүнүн бузулушунан улам 1980-жылдарга карата өлкөнүн жапайы жаратылышынан толугу менен жок болуп кеткен бул түр карыялардын эскерүүлөрүндө жана илимий архивдерде гана калган. Бирок 2025-жылдын август айында Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жакында эле жомок сыяктуу сезилген окуя болду: 30 жейрен кайрадан Көл өрөөнүндө чуркап жүрдү.

2026-ж., 19-June

Сүрөттүн автору: Татьяна Турковская

Бул түрдүн жоголуп кетиши браконьерлик жана табигый жашоо чөйрөсүнүн таруусу менен байланыштуу болгон. Жейрендердин акыркы чакан топтору Ысык-Көл аймагында XX кылымдын ортосунда катталса, 1980-жылдарга келип алар Кыргызстандын жапайы жаратылышынан таптакыр жок болгон. Бүгүнкү күндө жейрен Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл тизмесине аялуу түр катары киргизилген, бул анын популяциясын калыбына келтирүү зарылчылыгын көрсөтүп турат. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) жана «Илбирс» коомдук фонду (бейөкмөт уюму) менен өнөктөштүктө, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Глобалдык экологиялык фондунун Чакан гранттар программасынын колдоосу менен «Аргали фонду» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылды. Бул долбоордун жана өзбекстандык адистер менен эл аралык кызматташуунун аркасында питомниктен 15 жейрен алып келүүгө мүмкүн болду. Калгандары кийинчерээк NABU уюмунун колдоосу менен сатып алынган. 

2021-жылдан 2023-жылга чейин аймакка 27 жейрен алынып келинген (анын 15и Кичи гранттар программасынын, 12си Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун көмөгү менен). Жагымдуу шарттарды түзүү, жашоо аймагын 50 гектарга чейин кеңейтүү, ошондой эле системалуу түрдө багуу жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында популяция 70 башка чейин өстү. Долбоордун алкагында кенен вольерлер курулуп, жаныбарларды азыктандыруу, багуу жана аларга байкоо жүргүзүү ыкмалары иштелип чыккан.  

2025-жылдын августунда долбоордун эң толкунданткан учуру келди. Бир нече жылдык көбөйтүү жана көндүрүү иштеринен кийин 30 жейрен алгачкы жолу жапайы жаратылышка кое берилди. Вольердин дарбазалары ачылганда, жаныбарлар алгач токтоп калып, андан соң өз түрү ондогон жылдар бою жок болуп кеткен кеңири мейкиндикке карай чуркап жөнөштү. Алардын ыңгайлашуусуна көз салуу үчүн алты жейренге спутниктик трекерлер тагылды. 

Жейрендерди кайтаруу демилгеси мамлекеттин эң жогорку деңгээлинде колдоо тапты. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарын, тургундарды, мергенчилерди жана малчыларды жейрен популяциясын калыбына келтирүү аракеттерин колдоого жана адам тарабынан жасалган коркунучтарды алдын алууга чакырды. Ал жейрендердин дээрлик бир кылымдан кийин Ысык-Көл жээгине кайтып келиши Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү түрдү сактоого гана эмес, экосистемаларды калыбына келтирүүгө, биоартүрдүүлүктү чыңдоого жана туруктуу экологиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экенин баса белгиледи. 

Бирок жаныбарларды жаратылышка кое берүү — бул башталышы гана. Жейрендер жаратылышта туруктуу байырлап калышы үчүн аларга суу жана тоют базасы бар корголгон аймак керек. Дал ушул себептен кийинки этап катары «Жейрен Ордо» мамлекеттик зоологиялык заказнигин түзүү демилгеленди. Бул демилге Кыргызстандын өзгөчө корголуучу табигый аймактарынын тармагын кеңейтүү боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. 

Алгач аянты 9 763 гектарды түзгөн жергиликтүү маанидеги заказник түзүү пландалган, бирок Жаратылыш ресурстары министрлигинин демилгеси менен анын статусу мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, аймагы 16 945 гектарга чейин кеңейтилген. 2026-жылы уюштуруу иштери менен катар экосистеманы калыбына келтирүү боюнча практикалык чаралар башталды. 

«Жашыл Мурас» президенттик кампаниясынын алкагында, БУУӨП өнөктөштөрү менен биргеликте Жейрен Ордо конушунда 1 500 түп саксаул көчөтүн отургузуу акциясын өткөрдү. Бул иштер бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө, жейрендердин жашоо шартын жакшыртууга жана экосистеманын туруктуулугун бекемдөөгө багытталган. 

Учурда Жаратылыш ресурстары министрлигине, КР УИАнын Биология институтуна, райондук администрацияга жана айыл өкмөттөрүнө өтүнүч каттар даярдалды. Жергиликтүү жана илимий деңгээлде макулдашылган заказниктин картографиялык схемасы түзүлдү. Министрлик КРдин «Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө» мыйзамына ылайык мекемелер аралык макулдашуу процессин баштады. 

Долбоордун кийинки өнүгүү багыты жаныбарларды суу жана тоют базасы менен камсыз кылууну камтыйт. Көп каражатты талап кылган кудуктарды бургулоонун ордуна, экологиялык жактан туруктуу чечим — сырткы энергия булактары жок, суу агымынын күчүн колдонгон гидротарандык системаларды орнотуу каралууда. Бул жейрен популяциясын сактоо үчүн узак мөөнөттүү шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Долбоор ошондой эле заказниктин туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктуралык чечимдерди биргелешип каржылоого жана өнөктөштүккө ачык. Мындай аракеттер аймактын экосистемасын чыңдап, сейрек кездешүүчү түрдү узак мөөнөткө сактоого көмөктөшөт. 

Долбоордун экинчи этабы ГЭФтин Кичи гранттар программасы тарабынан БУУӨП аркылуу COMDEKS (Satoyama демилгеси үчүн жамааттарды өнүктүрүү жана билимди башкаруу - Community Development and Knowledge Management for the Satoyama Initiative) программасынын алкагында колдоого алынган. Сатояманын философиясы — бул жергиликтүү жамааттар экономикалык муктаждыктар менен экологиялык бакубаттуулуктун ортосундагы тең салмактуулукту сактаган «жаратылыш менен гармонияда жашоо» болуп саналат 

2022-жылы башталган COMDEKS программасынын 4-фазасы Жапониянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлиги (MOEJ) жана Кейданрен жаратылышты коргоо комитети (KCNC) тарабынан каржыланып, БУУӨПтүн алдындагы ГЭФ Кичи гранттар программасы аркылуу ишке ашырылууда.