Бакчадан шоколадга чейин: Аксы районундагы фермерлер кантип жаңы жол табышты
2025-ж., 3-October
Тимур Субанкулов жубайы Дилдеайым Акишова менен ишканада
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кара өрүк ар дайым маанилүү өсүмдүк жана жергиликтүү фермерлер үчүн киреше булагы болуп келген. Бирок климаттын өзгөрүшү, жаңы оорулар жана зыянкечтердин пайда болушу түшүмдү жана чарбалардын туруктуулугуна коркунучка салды. Бул тармакты кантип сактап калууга жана өнүктүрүүгө болору тууралуу «Музтор» уюмунун башчысы Тимур Субанкулов, БУУнун ГЭФтин Чакан Гранттар Программасынын алкагында айтып берди.
«Мен бакчада көп жылдар бою иштеген фермерлердин дарактары өлгөнүн көрдүм. Жибек чегирткеси жана тешик оорусу бир нече жылдын ичинде бактардын өндүрүмдүүлүгүн кескин азайтты. Адамдар түшүм гана эмес, келечекке болгон ишенимин да жоготушту», - деп эскерет Тимур.
Ошондон улам өсүмдүктү өстүрүүдөн, аны иштетип, сатууга багыт алуу идеясы пайда болду. Ага адамдар: «Тимур, сен кыялкечсиң! Биздин айылда шоколад кайдан табылат?» деп сурашкан. Бирок ал жергиликтүү кара өрүк жөн гана чийки мөмө катары сатылууга татыктуу эмес деп эсептеген.
БУУнун колдоосу менен Тимур жана айылдаштары өрүк өстүрүү менен чектелбестен, аны иштетип, даяр продукция чыгара башташты. Алар «Стенлей» сортундагы кара өрүктүн төрт демонстрациялык участкасын түзүп, элүү фермерди заманбап багбанчылык ыкмалары боюнча окутушту. Түшүмдү коргоо үчүн химиялык препараттардын ордуна био-продуктар колдонулду. Андан кийин кургатуу жана сапаттуу кайнатылган өрүк жасоо үчүн жабдуулар сатып алышты. Эң кызыктуусу, кара өрүктү шоколад конфетке айландыруучу кичинекей цех ачылды.
Натыйжалар байкалууда. Долбоорго катышкан фермерлердин кирешеси болжол менен 20%га өстү. Айылда жаңы жумуш орундары пайда болду: төрт туруктуу орун (негизинен аялдар, жаштар жана майыптыгы бар жарандар үчүн) жана жыйырма мезгилдүү. Био-азыктар топуракка жана айлана-чөйрөгө тийген терс таасирди азайтты.
Тимурдун жана анын тобунун иши Кыргызстандын негизги максаттарына — аймактарды өнүктүрүү, фермерлерди колдоо, жумуш орундарын түзүү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө түздөн-түз байланыштуу. Бүгүн Аксы районундагы кара өрүк жөн гана базарда сатылбастан, өлкө сыймыктана турган жогорку баалуулуктагы шоколад конфеттерине айланып жатат.
«Музтор» долбоору билим, жоопкерчилик жана өнөктөш колдоосунун биримдиги туруктуу өзгөрүүлөрдүн негизи боло аларын көрсөттү. Тимурдун жана анын тобунун аракеттери аркылуу Аксы районундагы салттуу кара өрүк бактары жаңы өмүргө ээ болуп, иштетүү, жаңы продуктулар жана жумуш орундары аркылуу жергиликтүү экономиканы бекемдеп, келечекке ишенимди жаратты.
БУУнун ГЭФтин Чакан Гранттар Программасы (ЧГП) жергиликтүү коомдордун дүйнөлүк экологиялык көйгөйлөрдү чечүүсүнө жана адамдардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган демилгелерин колдойт. Байлыктардын ар түрдүүлүгү, климат, жер жана токой башкаруу, суу ресурстары жана химиялык заттар боюнча долбоорлорду каржылоодо, ЧГП жергиликтүү аракеттердин дүйнөлүк таасирге ээ экенин көрсөтүп келет.