Метадон Исламды баңгизатка көз карандылыктан сактап калды

2020-ж., 4-February

БУУӨП Глобалдык фонддун грантынын алкагында метадон алмаштыруучу терапиясын өткөрөт жана Кыргыз Республикасында инъекциялык баңгизаттарды колдонуучулардын арасында АИВди жайылтууга бөгөт коюу боюнча башка кызматтарды көрсөтөт.   

Жакшы таанып калган мээрмандын колунан күнүгө даары ичип жатып: «Метадон мага бутума туруп, алдыга көздөй жылууга жардам берди. Жалгыз ушул нерсе мени баңгизатка көз карандылыктан чыгарды», - дейт Ислам. Азыркы учурда Исламдын жумушу, жубайы жана ден соолугу чын төрт жаштагы уулу бар.   

Ислам 13 жылдан бери метадон алмаштыргыч терапиясын алат.  Метадон – Глобалдык фонддун гранты боюнча Кыргызстанда 1000 оорулуунун арасында  акысыз таратылуучу легалдуу синтетикалык баңгизат. Ал колдонуучуларда эйфория сезимдерин пайда кылбайт, бирок керектөөгө муктаждык  сезимин канаатандырат жана баңгизатка көз карандылык жана баңгизаттын жоктугу менен пайда болгон каалаган ооруну жок кылат, башкача айтканда, метадон ичкен бейтаптар, аң-сезими тунук, саламаттуу болушат жана кадимкидей жашоо менен жашай алышат.   

«Метадонсуз мен азыр кайда болоорумду элестете албайм»

Ислам героинге 15 жашында көнүп, канчалык аракет кылса да, токтоно алган жок. Мунун кесепетинен ал татаал турмуш кырдаалдарына кабылды, 2007-жылы ал метадон жөнүндө укту. Бүгүнкү күндө Ислам күнүгө эртең менен бул препаратты авторлошкон клиникадан алып ичет, анын жашоосу уланууда, муну менен бирге анын жүрүм-турумунда жана ден соолугунда эч кандай өзгөрүүлөр жок.    

«Баңгиликтен жапа чеккен адамдардын көбү үчүн үч гана жол бар: метадон, абак же өлүм», - дейт Ислам. Ал жумушунда кофеден ууртап коюп, компьютерин жылмаюу менен ачат.  Азыр Ислам инъекциялык баңгизаттарды колдонгон адамдар үчүн тең консультант  болуп иштейт жана кардарлардын арасында метадонду пропагандалайт.   

Метадонду колдонуу оорулуу адамдар  АИВ-инфекциясынын булагы болуп саналган шприцтерди башка колдонушпайт, эйфориядан же абстиненттик синдромунун оорусунан жапа чегишпейт, ашыкча доза алуу тобокелдигине кабылышпайт жана кезектеги дозаны сатып алууга акчага муктаж болушпайт дегенди билдирет.  «Метадон баңгизаттарды колдонууну токтотууга жана кадимки жашоого кайтууга жардам берет. Метадонсуз мен азыр кайда болоорумду элестете албайм», - дейт Ислам.

Метадон менен кадимки жашоо

«Метадон колдонгон адамдар, башка баңгизаттарга караганда, аң-сезими тунук болот. Алар транспорттук каражаттарды да башкара алышат», - деп түшүндүрөт  Республикалык наркология борборунда долбоордук координатору Айбек Дуйшеналиев.

Күн сайын Кыргызстанда болжол менен 1000 адам, анын ичинде 80 аял метадон алмаштыргыч терапиясын алышат жана баңгизаттарды колодонушпайт.  Глобалдык фонд метадонду АИВдин алдын алуу боюнча программанын алкагында алат. Метадон алган оорулуулар, ошондой эле АИВге жана кургак учук туруктуу тестирлөө, медициналык консультациялар жана социалдык жумушчулар/тең навигаторлор тарабынан колдоо сыяктуу  башка кызматтарды да алышат.     

«Баңгилик – бул дарылоосу өтө татаал өнөкөт оору. Метадон колдонгон оорулуулар – бул баңгизаттарды узак мөөнөттүн ичинде  колдонгон адамдар. Алардын бардыгында көйгөйлөр бар: айрымдарында жумушу жок, кимдир бирөө көчөдө жашайт, бирөө абакта отурат... Метадон программасы -  бул көрпчүлүк учурда  эч нерсеси жок адамдарга акысыз жардам», - дейт Айбек Дуйшеналиев.

Метадон программасынын жардамы менен баңгизат колдонгон адамдардын арасында кылмыштуулуктун деңгээли төмөн болгону байкалууда.Кыргызстанда орточо эмгек акысы 230 долларды түзсө, көпчүлүгү күнүнө баңгизаттарга 100 долларга жакын коротушкан, дейт Айбек Дуйшеналиев. Демек, көпчүлүгү өз дозасын алуу үчүн уурдашкан же зомбулукка барышкан.    «Бангилик жана баш тартуу синдрому ушунчалык күчтүү болгондуктан, сиз бөлөк эч нерсе жөнүндө ойлобой,  кесепеттерди да ойлоно албай каласыз», - деп түшүндүрөт  Ислам. Метадон колдонуучулар үчүн толук акысыз.   

Башкаларга үмүт тартуулоо

Метадон алмаштыргыч терапиясына өткүсү келбегендерге Глобалдык фонд дезинфекциялоочу майлыктары менен шприцтерди, ашыкча дозалануу учуруна дары каражаттарын жана каалаган жагдайларда коопсуз болуу үчүн презервативдерди акысыз тартуулайт. Мунун баардыгы  өлкөдөгү 16000 адамдын арасында жайылтылат.   Аутрич-жумушчулар кардарларга АИВ, кургак учук жана башка ооруларды табууга, алар баңгизаттарды кантип колдонууну токтотушканы жөнүндө өздүк окуялары менен бөлүшүүгө жардам беришет жана метадон терапиясы тууралуу айтып беришет.

«Коомдор АИВди аяктоодо маанилүү роль ойношот, - дейт Айбек Дуйшеналиев. – Баңгизатка көз карандуулукту жеңип чыккан  адамдар, мисалы, өздөрүнүн окуялары менен бөлүшө алышат, алар башынан эмнелерди өткөргөндөрүн жана кантип өзгөрүшкөнүн  түшүндүрө алышат.   Алар башкаларга үмүт берип, мындай кырдаалдан чыгуу мүмкүн экенин көрсөтө алышат. Аларга күрөшүүгө дем берип, жашоонун маңызын табууга жардам беришет». ЮНЭЙДС акыркы отчетуна ылайык дүйнө боюнча АИВ-инфекциясынын жаңы учурларынын 95%ы Глобалдык фонд өзүнүн бардык программаларында активдүү камтыган  калктын негизги топторунда (секс-жумушчулар, инъекциялык баңгизаттарды колдонуучулар, ЛГБТ) пайда болот.

Кыргызстанда АИВ мурда инъекциялык баңгизаттарды колдонгон коомдордун арасында жайылган, бирок бул тенденция Глобалдык фонд тарабынан ишке ашырылуучу ушул эки программанын натыйжасында өзгөрдү.  2019-жылы 86 адам шприцтерди колдонуунун натыйжасында АИВ менен инфекцияланган, ошол эле учурда 2009-жылы 445 адам болгон. Азыркы учурда АИВ жыныстык катнашуулардын натыйжасында жугууда.

Айбек Дуйшеналиев кошот: «Глобалдык фонддун жардамы менен биздин кардарлар шприцтерди, метадонду жана/же АИВдин дарылоосун акысыз алышат. Башка өлкөлөрдө адамдар  чечим таба албай калганына байланыштуу  каза табышууда. Глобалдык фонд Кыргызстанда ишин улантат деген үмүттөмүн».

БУУӨП 2011-жылдан тарта Кыргыз Республикасында КИЖС, малярия жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун грантын ийгиликтүү ишке ашырууда.  Грантка АИВ жана кургак учукту дарылоо үчүн дарыларды сатып алуу, дарт аныктоонун ыкмаларын жакшыртуу жана коомду бул оорулардын алдын алуусуна тартуу  кирет.