Баткен шаары, Кыргыз Республикасы, 2026-жылдын 19-майы — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу жана Россия Федерациясынын каржылык жардамы менен Баткенде Жаштар борборунун ачылышы болду. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана БУУӨПтүн командасы катышты.
Баткенде Жаштар борбору ачылды
2026-ж., 20-May
Жаштар борбору: 12 000 жаш адам үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Жаштар борбору жаштарга заманбап көндүмдөрдү үйрөнүүгө, бизнес-идеяларды иштеп чыгууга, коворкинг аянтында иштөөгө жана өздөрүнүн демилгелерин ишке ашырууга шарт түзүү максатында негизделди. Бүгүнкү күндө Баткенде 15 жаштан 35 жашка чейинки 12 000ден ашуун жаштар жашайт. Мындан тышкары, шаардагы 15тен ашык окуу жайларында (мектеп, ЖОЖ, колледж жана кесиптик лицейлерде) облустун бардык райондорунан келген студенттер билим алышат. Борбор алардын бардыгы үчүн негизги тартуу борборуна айланууга тийиш.
Борбордун имараты конференцияларды, санариптик көндүмдөр боюнча тренингдерди өткөрүү жана коворкинг режиминде иштөө үчүн зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалган. Россия Федерациясынын БУУӨП аркылуу көрсөткөн каржылык колдоосунун негизинде борборго жалпы суммасы 51 686 АКШ долларын түзгөн эмеректер, оргтехника, муздатуу жана жылытуу системалары орнотулду.
«Россия Федерациясынын Элчисинин тапшырмасы боюнча РФ көмөгү менен каржыланган БУУӨПтүн жаштар борборунун ачылышына катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Жаштар борборунун ачылышы Баткен шаарынын жана облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошот деп терең ишенем. Россия мындан ары да БУУ линиясы боюнча каржылык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр».- белгиледи Россия Федерациясынын Башкы консулу Роман Свистин
Долбоорду ишке ашырууга Баткен шаарынын мэриясы баа жеткис салым кошуп, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 6 миллион сом бөлүп берди. БУУӨП жана анын өнөктөштөрү мэрияга бул чечими үчүн терең ыраазычылык билдиришет. Бул кадам жергиликтүү бийликтин шаардагы жаштардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аларды өнүктүрүүгө канчалык кызыкдар экенин айкын далилдейт.
Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте жана БУУӨПтүн көмөгү менен мэриянын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Ал борборду башкарууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз катышат. Кеңештин курамына жаш активисттер, ишкерлер, ыктыярчылар, окуу жайлардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирди — демек, жаштар борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп калышат.
Бул демилге БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте, БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун «Конфликттердин алдын алуу жана тынчтыкты орнотуу боюнча улуттук потенциалды чыңдоо: ишенимди жана социалдык биримдикти чыңдоого жарандык коомдун конструктивдүү катышуусу» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Баткендеги Жаштар борбору БУУӨП тарабынан Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын инфраструктурасын чыңдоо жана өсүп келе жаткан муунга өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү максатында колдоого алынган өлкө боюнча 13 борбордун бири болуп калды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттиги менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Суроолор боюнча:
Айнагүл Абдрахманова, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн башчысы, +996 770 183 493 ainagul.abdrakhmanova@undp.org