Айымдардын балчылыктагы жаңы мүмкүнчүлүктөрү: «Ысык-Көл Бал» кооперативи стереотиптерди кантип өзгөртүүдө

Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында, гүлдөгөн жайыттар жана таза тоо абасы арасында «Ысык-Көл Бал» кооперативинин аялдары күн сайын бир нерсени далилдеп келишет: балчылык — бул Кыргызстандын салттуу тармагы гана эмес, аялдардын ишкерлигин өнүктүрүүгө, экономикалык көз карандысыздыкты бекемдөөгө жана айыл жеринде туруктуу бизнес курууга мүмкүнчүлүк берген келечектүү багыт.

2026-ж., 20-May

Бул өзгөчө маанилүү, анткени Кыргызстанда балчылык көп убакыттан бери “эркектердин иши” катары кабылданып келген. Себеби бул тармак оор физикалык эмгек, көчмөн балчылык, аары уюктарын ташуу жана алыскы тоолуу аймактарда иштөө менен байланыштуу. Натыйжада аялдар көбүнчө жардамчы катары гана каралып, толук кандуу ишкер, кооператив жетекчиси же өндүрүштү башкарган адис катары сейрек кабыл алынчу. «Ысык-Көл Бал» кооперативинин катышуучулары бул түшүнүктү акырындык менен өзгөртүп жатышат. Алар заманбап технологияларды өздөштүрүп, өндүрүштү уюштуруп, бизнес чечимдерди кабыл алып жана аялдардын да балчылык тармагында ийгиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкер боло аларын көрсөтүүдө. 

Ошол эле учурда айыл жериндеги аялдар бир гана стереотиптер менен эмес, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеген системалык тоскоолдуктар менен да күрөшүп келет.: 

  • Аялдардын каржылоого жетүүсү дагы эле чектелүү бойдон калууда. Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн болгону 29 пайызы жана жер тилкелеринин 18,5 пайызы гана аялдардын атына катталган. Бул насыя алууда, банктык кызматтарга жетүүдө, жабдуу сатып алууда жана өндүрүштү кеңейтүүдө олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. 

  • Мындан тышкары аялдар үй-бүлөдөгү акы төлөнбөгөн кам көрүү иштеринин негизги бөлүгүн аткарышат. Орточо эсеп менен алар күнүнө 5 сааттан ашык убакытын балдарга, улгайган адамдарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүүгө жумшайт. Бул ишкерликти өнүктүрүүгө убакыт жана мүмкүнчүлүк табууну кыйла кыйындатат. 

  • Айрыкча тоолуу жана алыскы аймактарда рынокко, заманбап технологияларга жана кесиптик байланыштарга жетүү чектелүү бойдон калууда. Натыйжада аялдар өлкөдөгү катталган ишкерлердин жалпы санынын болгону 27 пайызын түзөт. 

  • Аларга көбүнчө каржылоого, заманбап жабдууларга, атайын билимдерге, жер жана мүлк ресурстарына, ошондой эле кесиптик байланыштарга жана сатуу рынокторуна жетүү кыйыныраак болот. Бул чектөөлөр төлөнбөгөн эмгектин теңсиз бөлүштүрүлүшү менен дагы курчуйт: Кыргызстанда балдарга, улгайган үй-бүлө мүчөлөрүнө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүүнүн негизги түйшүгү аялдардын мойнунда. 

  • Айыл жериндеги аялдар күн сайын төлөнбөгөн үй жумуштарына орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт коротушат. 

  • Менчикке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгү да аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыймылсыз мүлктүн 29%ы гана расмий түрдө аялдарга таандык болсо, ал эми жер тилкелеринин 18,5%ы гана аялдардын атына катталган. Бул насыя алууга, банктык жана финансылык кызматтарга жетүүгө, жабдууларды сатып алууга жана өндүрүштү кеңейтүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Натыйжада, өлкөдөгү жалпы ишкерлердин 27%ын гана айымдар түзөт.  

(улак: КРдагы гендердик теңчилик боюнча өлкөлүк аналитикалык сереп)  

Дал ушул себептен «Ысык-Көл Бал» кооперативинин тарыхы аялдардын тамыр жайган стереотиптерди кантип ийгиликтүү жеңип, балчылыктын заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү өнүктүрө аларынын ачык мисалы болуп калды. Бул мисал колдоо, билим, ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгү жана кооперативдерге биригүү аркылуу аялдар салттуу түрдө «эркектердики» деп саналган тармактарга кирип гана тим болбостон, Кыргызстандын айыл экономикасында ким ийгиликтүү ишкер боло алат деген көз караштарды да өзгөртө аларын көрсөтүп турат. 

 2019-жылы Каракол шаарында түзүлгөн «Ысык-Көл Бал» кооперативи бүгүнкү күндө 250гө жакын аары үй-бүлөсүн баккан 17 балчы айымдын башын бириктирет. Көпчүлүк катышуучулар үчүн балчылык кошумча киреше булагы гана болбостон, өз ишин өнүктүрүү, экономикалык жактан көз карандысыздыкты бекемдөө, жумуш орундарын түзүү жана өз аймагында калып иштөө мүмкүнчүлүгүнө айланды. Кооператив акырындап өндүрүштү кеңейтип, продукцияны сатуунун туруктуу каналдарын бекемдөөдө. Айымдар балды ички рынокко да, «Дары Тянь-Шаня» ЖЧКсы сыяктуу жергиликтүү экспорттоочуларга да жеткирип, ошол эле учурда аары үй-бүлөлөрүнүн санын көбөйтүп, чарбаны мындан ары туруктуу өнүктүрүүгө негиз түзүп жатышат. 

"Биз үчүн балчылык эми жөн гана хобби же үй чарбасы эмес, ал биздин ишибизге, экономикалык жактан өз алдынча болуунун булагына жана туулуп өскөн аймагыбызда келечекти куруу мүмкүнчүлүгүнө айланды. Мурда көптөгөн аялдар өз алдынча балчылык менен алектене аларына ишенишчү эмес, ал эми бүгүн бизде өз күчүбүзгө болгон ишеним жана бул багытты профессионалдык деңгээлде кантип өнүктүрүү керектиги боюнча түшүнүк пайда болду. Кыргыз балы өлкөдөгү эң экологиялык таза продуктулардын бири катары бааланат, бирок ар бир куту балдын артында күнүмдүк мээнет, аарыларды багуу, көчүү иштерин уюштуруу жана тынымсыз билим алуу турат. Айрыкча заманбап технологияларга жана сатуу рынокторуна жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда чакан пасекаларды өнүктүрүү абдан кыйын",
- дейт кооперативдин жетекчиси Дилбара Муратова.
Beekeeper in protective gear holding a honeycomb frame beside colorful beehives in a sunny garden.

Кооперативдин жетекчиси Дилбара Муратова

Аялдардын балчылыгын туруктуу өнүктүрүүдө физикалык күчтү азайтууга, бал челектерди кароону жеңилдетүүгө жана ошол эле учурда органикалык балчылыкты өнүктүрүүгө шарт түзгөн заманбап жана жеткиликтүү технологияларды киргизүү маанилүү роль ойнойт. Кооператив үчүн мындай чечимдердин бири товардык жана органикалык бал өндүрүшүндө кеңири колдонулган заманбап "Рута" жыгач бал челектерин колдонуу болду. 

Табигый жыгач аарыларды кармоо үчүн табигый шарттарды камсыздайт жана органикалык өндүрүштүн принциптерине жооп берет. Бул экологиялык таза жана экспортко багытталган бал өндүрүүдө жогорку жаратылыш потенциалына ээ болгон Ысык-Көл облусу үчүн өзгөчө маанилүү. Өндүрүштүк артыкчылыктардан тышкары, "Рута" уюгуна өтүү гендердик да мааниге ээ болду: ыңгайлуураак жана бир топ жеңил конструкция аялдар үчүн физикалык тоскоолдуктарды азайтып, аларга бизнес катары балчылыкка ишенимдүү кадам таштоого жол ачты. Оор физикалык эмгекти талап кылгандыктан салттуу түрдө «эркектердин» тармагы катары кабыл алынган сектордо бал челектердин дизайнын өзгөртүү – аялдардын өндүрүшкө, мезгилдүү жумуштарга катышуусун кеңейтүүчү жана өз пасекаларын акырындап өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн практикалык чечим болду. 

Балчы айымдардын кесиптик коомчулугун өнүктүрүү, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана ментордук программаларды өнүктүрүү да маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул программалар практикалык билимдерди, балчылыктын заманбап ыкмаларын өткөрүп берүүгө жана тармактын тажрыйбалуу катышуучулары тарабынан балчылыкты жаңы баштаган айымдарды колдоого мүмкүндүк берет. 

 

"Мурда көп нерсени өз алдынча, ката кетирүү менен өздөштүрүүгө туура келчү. Долбоордун эксперттеринин окутууларынан жана кеңештеринен кийин биз балчылыктын заманбап ыкмаларын, аары үй-бүлөлөрү менен кантип туура иштөө керектигин, аарыларды кыштоого даярдоону жана акырындап пасекаларды кеңейтүүнү жакшыраак түшүнө баштадык. Бүгүнкү күндө биз кооперативибиз үчүн товардык пасекалар, органикалык балчылык жана эне аары өстүрүү сыяктуу бир нече багытты бирдей өнүктүрүү маанилүү экенин аңдап жатабыз. Ошондой эле, эне аары өстүрүү, айрыкча личинкаларды көчүрүүдө жогорку тактыкты, кылдат техниканы жана туруктуу практиканы талап кыларын билебиз. Мындан тышкары, Рута уюгу балчы айымдар үчүн өзгөчө маанилүү болгондой эле, тейлөөдө бир топ ыңгайлуу жана жеңил. Экологиялык таза балга болгон суроо-талап тынымсыз өсүп жаткандыктан, биз органикалык балчылыкты өнүктүрүүдө чоң келечекти көрүп жатабыз",
- дейт кооперативдин мүчөсү Мая Адыбаева.

«Ысык-Көл Бал» кооперативинин тарыхы айыл жериндеги ишкер айымдарды колдоо кирешенин жана иш менен камсыз кылуунун өсүшүнө гана өбөлгө болбостон, алардын катышуусу айылдык ишкердик жөнүндөгү түшүнүктүн өзүн кеңейтип жатканын көрсөтөт. Аялдар жөн гана чарбадагы жардамчы эмес, толук кандуу өндүрүүчүлөргө, жетекчилерге жана рыноктун катышуучуларына айланууда. Аймактагы башка айымдар үчүн бул өз ишин өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз айылында экономикалык жактан активдүү болууга боло тургандыгынын айкын мисалы. Кыргызстандын Балчылар күнүнө карата жарыяланган «Ысык-Көл Бал» кооперативинин тарыхы аялдар салттарды сактоодон тартып, жаңы ыкмаларды киргизүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө чейинки заманбап балчылыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын тастыктап турат. 

Долбоор тууралуу маалымат. Балдын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүнү колдоо жана Ментордук программа Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн  «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун негизги багыттарынын бири болду. Долбоор балчыларды колдоого, кыргыз балынын экспорттук потенциалын бекемдөөгө жана аялдардын айылдык ишкердикке жана аймактардын экономикасына катышуусун кеңейтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында айымдар окууларга, эксперттик кеңештерге жана балчылыктын заманбап тажрыйбаларына ээ болушту. Кооперативдин мүчөлөрү эне аары өстүрүү, аарыларды багуу технологиялары, оорулардын алдын алуу, пасекаларды уюштуруу жана чарба жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары боюнча тренингдерден өтүштү. Көптөгөн айымдар үчүн бул системалуу кесиптик окуунун, тажрыйба алмашуунун жана өзүн кесиптик коомчулуктун бир бөлүгү катары сезүүнүн алгачкы тажрыйбасы болуп калды. 

Балдын кошумча нарк чынжырын (КНЧ) күчөтүү боюнча долбоордун алкагында сынактын негизинде 6 микро, чакан жана орто ишкана (МЧОИ) тандалып алынган. Анын максаты — өндүрүш жана экспорт көлөмүн көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү, кирешени жогорулатуу, жаңы рынокторго чыгуу, ошондой эле эл аралык сапат стандарттарын жана сапат менеджменти системаларын киргизүү. Ошондой эле балды кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча тандалган ишканалар менен кызматташкан 120 балчы тандалып алынды. Долбоор алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. 

Долбоордун алкагында комплекстүү ыкма колдонулуп, институттук да, жергиликтүү деңгээлде да өнүгүүгө тийгизген таасирдин деңгээлин жогорулатуу каралган. Балдын кошумча нарк чынжырынын ар кандай катышуучуларын, анын ичинде фермер-балчыларды, экспорттоочу компанияларды, кызмат көрсөтүүчү операторлорду жана жергиликтүү бийлик органдарын колдоо пландалган. Аялдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кошуу маселелерине, ошондой эле экологиялык туруктуулукка өзгөчө көңүл бурулат.