ГЭФ БУУӨПтүн Чакан Гранттар Программасы НКОлордун долбоордук сунуштары үчүн конкурс жарыялайт
НКОлордун долбоордук сунуштары үчүн конкурс жарыяланат
2026-ж., 1-June
ГЭФ БУУӨПтүн Чакан Гранттар Программасы
НКОлордун долбоордук сунуштары үчүн конкурс жарыялайт
Конкурстун аталышы:
"Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттар тарабынан сакталган аймактарда ICCA‑GSI алкагындагы табиятты коргоо демилгелерин мониторинг кылуу, баалоо жана документтештирүүгө колдоо көрсөтүү"
Мөөнөттөр:
- Арыздарды кабыл алуу: 2026-жылдын 19 июньга чейин, саат 17:00
- Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 24-30 айга чейин
- Гранттык келишим 2026-жылдын июль айынын аягына чейин кол коюуга пландаштырылууда
Кимдер катыша алат?
- Кыргызстанда катталган НКОлор (коммерциялык эмес уюмдар);
Катышуу үчүн эмне керек?
- Долбоордук сунуш формасын толтуруу.
- Төмөнкү документтерди кошумча жиберүү:
- Уюмуңуздун уставынын жана каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Уюмдун профили (2 беттен ашпоо);
- Долбоор командасынын тизмеси жана команда мүчөлөрүнүн резюмелери;
- Эсептин реквизиттери бар банк справкасы (сом);
- Өнөктөштөрдүн сунуш каттары;
- Долбоордук сунушту колдоого башка документтер.
Арызды кайда жана кантип жөнөтсө болот?
Арызды төмөнкү жолдор менен жөнөтсөңүз болот:
Электрондук почта аркылуу (бардык документтердин сканы бир PDF файлда 10Мб га чейин): irina.talkambaeva@undp.org
Кошумча маалымат:
- Техникалык тапшырма (керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз - орус тилидне);
- Сунуш формасы (керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз - орус тилиде);
- 8-операциялык фаза үчүн өлкөлүк программалык стратегия (керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз - орус тилидне).