Венера Акаеванын ийгилик окуясы: ментордун колдоосу менен ишкердик жана өзүнө ишенүү өстү

2025-ж., 6-August
Two women in professional attire side by side, with a blue background and "MENTORSHIP PROGRAMME" text.

Астра Жээналиева и Венера Акаева

Венера Акаева — Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен «Соодага көмөк» долбоорунун алкагында БУУӨП ишке ашырган Ментордук Программанын катышуучусу. Ал Ош облусунун алыскы Кара-Кулжа айылында аарычылык менен алектенет. Ментордук жана адистештирилген колдоо алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу уккан соң, Венера дароо кызыгып, катышууну чечкен — анын максаты бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү гана эмес, жеке деңгээлде да колдоо алуу болчу. 

«Бул программа бизнеске гана эмес, ички тоскоолдуктарды жеңүүгө да жардам берет деп угуп кызыгып калдым. Бул бардык деңгээлде колдоо болуп саналат», — дейт Венера. 

Венера ментор катары Астра Жээналиева менен иштеди — ал да аарычылык тармагында бизнес жүргүзгөн тажрыйбалуу ишкер айым. Алардын багыттары окшош болгондуктан, практикалык маселелерге басым жасалган: аары үй-бүлөлөрүнүн санын көбөйтүү, продукциянын сапатын жакшыртуу жана экспорттук талаптарды түшүнүү. 

«Астра өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын аркасында мен рынокту жакшыраак түшүнө баштадым жана бизнесимди олуттуу пландап калдым», — деп белгилейт Венера. 

Алар биргеликте бизнес-план түзүшүп, рыноктук талдоо, эсептөөлөр жана пландоо этаптарынан өтүштү. Баардык иш онлайн форматта жүрүп, Венера программага катышууну күнүмдүк иштери менен айкалыштырууга мүмкүндүк алды. Ал электрондук коммерция боюнча курстардан өтүп, экспорт стратегиясын кантип түзүү керектигин үйрөндү жана мындан аркы өнүгүү үчүн негиздүү база алды. 

«Программа менин ой жүгүртүүмдү өзгөрттү. Эми мен коркпойм. Кайда жана кантип жылыш керек экенин жакшы билем», — дейт Венера. 

Ментордук колдоодон сырткары, Венера программанын жамааттык турмушуна да активдүү катышып, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашып, идеяларын бөлүшүп, тилектеш адамдарды тапты. 

Бүгүнкү күндө Венера ишенимдүү айта алат: ментордук программа — бул аймактардагы ишкерлер үчүн маанилүү инструмент, айрыкча аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн. Венера алган билимдерин азыртадан колдоно баштады жана өндүрүшүн өнүктүрүп жатат. 

«Жергиликтүү экономиканы колдогон бизнес түзүү керек. Улуттук продуктуну өнүктүрүү жана анын баалуулугун жогорулатуу — бул биздин келечекке кошкон салымыбыз», — дейт ал. 


Астра Жээналиева: «Ментордук — бул монолог эмес, диалог» 

Астра Жээналиева үчүн ментордук программага катышуу — бул билимдери менен бөлүшүү менен катар өзүн өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк болду. Ал ментордук — бул окутуу гана эмес, биргелешкен жол экенин баса белгилейт. 

«Мен ментилеримден өзүм да үйрөнөм. Бул — тажрыйба, урмат-сый жана көз караштар менен бөлүшүү», — дейт ал. 

Астра менен Венеранын ортосунда өнөктөштүк мамиле түзүлүп, эки тарап тең процесске өз салымын кошту. Астранын айтымында, аймактардагы ишкерлер менен иштөөдө ментор үчүн адистик гана эмес, эмпатия, ийкемдүүлүк, угуу жана колдоо көрсөтүү жөндөмү да абдан маанилүү. 

«Айрым учурда ментор жаш, кээде улуу болот — бул маанилүү эмес. Негизгиси — урмат жана адамды алдыга сүрөө жолдорун түшүнүү», — деп бөлүшөт Астра. 

Анын пикиринде, мындай программалар айыл жергесинде өзгөчө мааниге ээ — анткени ал жактагы аялдар менен жаштар үчүн маалымат жана консультация алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Көпчүлүгү үчүн бул программа өзүнө ишенүүгө жана биринчи кадамды таштоого түрткү болду. 

«Көптөгөн катышуучу айымдар өз бизнесин башташты, ишин кеңейтишти, өзүнө болгон ишенимин күчөтүштү. Бул — туруктуу өзгөрүүнүн белгиси», — деп белгилейт Астра. 

Астра программа өз натыйжасын узак мөөнөттө берет деген ишенимде. Менти катары жол баскандар кийин өздөрү ментор болуп, колдоо жана өнүгүү айланмасын түзө алышат. 

Ал өзүнүн ишинде төмөнкү принциптерге таянат: 

  • ментинин оюн угуп, эске алуу; 

  • ийкемдүүлүк жана урмат көрсөтүү; 

  • туруктуулук жана конструктивдүүлүк; 

  • тынымсыз үйрөнүү; 

  • ачык жана түшүнүктүү диалог түзүү. 

«Аялдар менен жаштардын ишкердиги — бул жөн гана тренд эмес, бул бүт өлкөнүн өсүш потенциалы. Аялдарды колдоо менен биз экономиканы да, коомду да бекемдейбиз», — деп жыйынтыктайт Астра. 

БУУӨП ишке ашырган ментордук программа аялдар жана жаштардын ишкердик көндүмдөрүн жана экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Программа жогорку кошумча наркы бар артыкчылыктуу тармактарда иш алып барат — табигый бал, кургатылган жемиштер, кол өнөрчүлүк жана окуялык туризм. Катышуучулар окутууларга, жеке менторлукка, гранттарга жана нетворкинг мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. 

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 60тан ашуун ишкер бул программадан өтүп, анын алкагында 15 жаңы ишкана жана 56 жумуш орду түзүлдү — алардын ичинен 45 орунду аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээлешти. 

БУУӨП үчүн ишкердикти колдоо — Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты бойдон калууда. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга өбөлгө түзүп, аймактардагы экономикалык өсүштү стимулдаштырып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле программа Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө да салым кошуп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес ыкмаларын жайылтууну улантууда.