Идеядан сапаттуу долбоордук өтүнмөгө: БУУӨП жана Эмгек министрлиги аймактык бейөкмөт уюмдар үчүн тренингдерди өткөрдү

Жергиликтүү көйгөйлөр тууралуу билимди кантип сапаттуу долбоорго айландырууга болот?

2026-ж., 21-September
Group of adults posing for a photo in a conference room with a projection screen behind.

Өкмөттүк эмес уюмдардын мамлекеттик социалдык заказ конкурсунда катышуусу боюнча тренингтер

Жергиликтүү көйгөйлөр тууралуу билимди кантип сапаттуу долбоорго айландырууга болот? Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каржылоону кантип алууга жана адамдардын керектүү социалдык кызматтарга жетүүсүн кантип камсыз кылууга болот? Ушул маселелер бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын жана калктын аялуу катмарларынын кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн практикалык тренингдердин негизги темасы болду.

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек, Ош, Баткен, Манас, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында жети окуу иш-чарасын өткөрдү. Аймактардан келген катышуучулар долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо жана мамлекеттик социалдык заказ боюнча сынактарга катышуу үчүн керектүү практикалык инструменттерди өздөштүрүштү.

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар социалдык көйгөйлөрдү талдоону, долбоордун максаттарын жана күтүлгөн жыйынтыктарын аныктоону, долбоордук өтүнмөнүн логикалык түзүмүн иштеп чыгууну, реалдуу бюджет түзүүнү жана финансылык отчеттуулукту туура пландаштырууну үйрөнүштү.

«Бейөкмөт уюмдар жардам алуучулар эмес. Алар мамлекеттин тең укуктуу өнөктөштөрү. Мамлекеттик социалдык заказ жыйынтыкка, отчеттуулукка жана ишенимге негизделген өнөктөштүк», - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман куттуктоо сөзүндө.

Ал аймактык уюмдар адамдардын жана жергиликтүү коомчулуктардын муктаждыктарын жакшы билерин баса белгиледи. Эгерде уюмдар өз идеяларын сапаттуу иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн керектүү инструменттерге ээ болсо, дал ушул практикалык билим натыйжалуу социалдык долбоорлордун негизи боло алат.

«Мамлекет аймактардагы сапаттуу социалдык жана коомдук пайдалуу долбоорлорду, өзгөчө ар кандай социалдык кызматтарга муктаждык бар алыскы жана тоолуу райондордо каржылоого даяр. Ошондуктан биз бейөкмөт уюмдарды активдүү болууга, сапаттуу өтүнмөлөрдү берүүгө жана элге керектүү, сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө чакырабыз. Майыптыгы бар адамдар, улгайган жарандар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик социалдык заказ - керектүү колдоону өздөрү жашаган жерде алуунун реалдуу жолу», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетектөөчү адиси Чолпон Мамбетаипова.

Тренингдердин сериясы жаңы билим алуу менен гана чектелбестен, долбоордук идеялардын үстүндө практикалык иштөө үчүн да аянтча болду. Катышуучулар үйрөнгөн инструменттерин тренинг учурунда дароо колдонуп, өз өтүнмөлөрүн жакшыртуу боюнча сунуштарды алышты.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда «Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулду.