Кыргызстандык окуучулардын ийгилиги идеядан эл аралык таанылууга чейин

2026-ж., 27-January
Group of students around a whiteboard with blue writing in a classroom.

Үчүнчү Эл аралык фестиваль Таиландда өтүп, Азия жана Европанын 12 өлкөсүнөн келген окуучуларды бириктирди

Стамбулдагы БУУӨПтүн Регионалдык борбору

700дөн ашык катталуучусу бар Telegram-канал, Бишкек үчүн геотермалдык орнотмонун модели жана жеке көмүртек изин эсептөө ыкмасы — Кыргызстандан чыккан мектеп окуучуларынын үч долбоору «Климаттык кутуча» программасынын окуучулар үчүн үчүнчү Эл аралык фестивалында таанылууга ээ болду. Иш-чара 2025-жылдын 1–5-декабрында Таиландда өтүп, Азия жана Европанын 12 өлкөсүнөн келген окуучуларды бириктирди.

Эл аралык платформа Армения, Беларусь, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Сербия, Россия, Тажикстан, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген педагогдор менен мектеп окуучуларын чогултту. Катышуучулар мастер-класстарга, климат боюнча эксперттердин лекцияларына катышып, өз долбоорлорун сунушташты.

«Бул фестивалдагы өз ара колдоонун атмосферасы мени абдан жагымдуу таң калтырды, — деп бөлүшөт Бишкек шаарындагы №64 мектептин 9-классынын окуучусу Джафар Абдыкалыков. — Башка эл аралык мелдештерден айырмаланып, жогорку атаандаштык чыңалууну жаратат, бул жерде мен жылуулукту жана жамааттык маанайды сездим. Бул мага биздин мектептеги команда менен иштегенде пайда болгон сезимдерди эске салды».


Бир көйгөйгө үч ыкма 

Кыргызстандан барган делегация таасир берүүнүн ар кыл стратегиясын камтыган долбоорлорду сунуштады.

Климаттык билим берүү үчүн санарип экосистема. Бишкек шаарындагы №65 мектептин «Климаттык класс» командасы веб-сайт, буклеттер жана 700дөн ашык жазылуучуну камтыган Telegram-каналды түздү. Платформа теңтуштарына климаттык тобокелдиктерди түшүнүүгө жана аракеттенүүнүн конкреттүү жолдорун табууга жардам берет.

Борбор калаа үчүн технологиялык чечим. Бишкек шаарындагы №64 мектептин окуучулары геотермалдык энергиянын мүмкүнчүлүгүн изилдеп, орнотмонун моделин курушту. Долбоор окуучулардын көйгөйдү талкуулоо менен гана чектелбей, өз шаары үчүн технологиялык чечимдерди сунуштоого даяр экенин көрсөтөт.

Көмүртек изин өлчөө жана азайтуу. Таластан келген окуучулар «Дыши Кыргызстан!» долбоорунда адегенде өздөрүнүн көмүртек изин эсептеп, андан кийин энергияны үнөмдөө, аң-сезимдүү керектөө жана экологиялык жактан таза жүрүп-түрүү аркылуу аны азайтуунун конкреттүү кадамдарын иштеп чыгышты. Долбоор үй-бүлөлөрдү жана жергиликтүү коомчулуктарды тартууда жөнөкөй аракеттердин да натыйжалуу болорун көрсөттү.

Photo: attentive audience in a classroom workshop as presenters stand by a whiteboard and poster.

Кыргызстандан барган делегация таасир берүүнүн ар кыл стратегиясын камтыган долбоорлорду сунуштады

Стамбулдагы БУУӨПтүн Регионалдык борбору

Шыктандыруу берген курал

Долбоорлор боюнча иш «Климаттык кутучага» — Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП тарабынан иштелип чыккан окуутуу-оюндук колдонмого таянды. Комплектке иллюстрацияланган окуу китеби, викториналык оюн карталары, климаттык тобокелдиктер картасы жана мугалимдер үчүн методикалык сунуштар кирет.

«Климаттык кутуча» — эң оболу интерактивдүү колдонмо, — деп белгилейт Талас шаарындагы 2 мектептин педагогу Ангела Ганюк. — Ал балдарга планетаны бирдиктүү система катары аңдоого жардам берет: анда жашоонун мыйзамдары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ушундай бүтүндүү ыкманын аркасында окуучулар географияны тереңирээк өздөштүрүп гана койбостон, заманбап билимдүү адам үчүн зарыл болгон негизги компетенцияларды да өнүктүрүшөт.

Заманбап окуучу үчүн долбоор үстүндө иштөө — окуу китебин окуудан да кеңири процесс. Эгер параграф теория катары кабыл алынса, долбоор билимди «өзүнөн өткөрүүгө» мажбурлайт. Реалдуу көйгөйлөрдү изилдөө аркылуу окуучулар өз ишмердигинин практикалык маанисин көрүшөт.


Мугалимдердин ролу: класстан эл аралык сахнага чейин

Фестивалдагы ийгилик — окуу материалдарын эксперименттер жана өз алдынча чечим издөөгө ыңгайлуу мейкиндикке айландырган мугалимдердин системдүү эмгегинин жыйынтыгы болду.

Окуучуларыбыздын жолун «тикенектүү жолдон жылдыздарга чейин» деген сөз айкашы менен сүрөттөсө болот, — деп бөлүшөт Бишкек шаарындагы №65 мектептин физика мугалими Ольга Якимовская. — Долбоорго 8-класста келгенде алар көз карашын жана көндүмдөрүн жаңыдан гана калыптандыра башташат. Бирок климаттык тапшырмалар үстүндө тынымсыз иштөө аркылуу балдар зор секирик жасашат: алар климаттын өзгөрүшү боюнча билимди тереңдетип гана койбостон, келечекте керектүү боло турган кесиптик сапаттарды өздөштүрүп, инсан катары да өсүшөт.

Мугалимдер үчүн эл аралык иш-чарага катышуу күн сайын класста жасаган иштеринин окуучулардын ишениминде жана демилгелүүлүгүндө кандайча чагыларын көрүүгө шарт түздү. Бул башка мектеп окуучулары үчүн да күчтүү түрткү: теңтуштарынын ийгилигин көргөндөр климаттык кыймылга кошулууга шыктанышат.


Туруктуу келечекке салым

Мектептеги климаттык долбоорлор климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана кесепеттерин түшүнгөн, экологиялык жоопкерчилиги жогору жаңы муунду калыптандырат. Эл аралык кызматташуу тажрыйбасы, долбоордук иш жана заманбап билим берүү инструменттерин колдонуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, демилгелүүлүгүн жана айлана-чөйрө алдындагы жоопкерчилигин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Узак мөөнөттүү келечекте мындай демилгелер Кыргызстандын климаттык тобокелдиктерге ылайыкташуу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Климаттык билим берүүнү мектептик программаларга интеграциялоо туруктуулук маданиятынын калыптанышына жана табигый ресурстарга аң-сезимдүү мамиленин бекемделишине өбөлгө түзөт.