Үй-бүлөлүк бизнестен туруктуу бизнеске: БУУӨПтүн колдоосу Арстанбапта туризмди кантип өзгөртүүдө

2025-ж., 20-August
A cozy room with pottery, a woman in a striped dress, and a decorated living space.

Ленара Зиганшина

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Арстанбап тоолорунун этегинде, кылымдарды карыткан жаңгак токойлорунун арасында Ленара Зиганшинанын конок үйү - үй-бүлөлүк жылуулук, маданий мурас жана туристтерди тейлөөнүн заманбап стандарттары айкалышкан жайлуу бурч.

Ленара конок үйүн 2000-жылы, Арстанбапта туристтик инфраструктура жаңыдан пайда болуп жаткан кезде ачкан. Ал үй-бүлөсү менен бирге алты бөлмөлүү бизнесин баштап, акырындык менен коноктор үчүн шарттарды жакшыртат жана сунушталган кызматтардын спектрин кеңейтет.

«Жолдошум эмеректерди өз колу менен жасап, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүн салган», - дейт Ленара.

Экологиялык жана маданий туризмге болгон кызыгуунун өсүшү менен Ленаранын алдында жаңы кыйынчылыктар пайда болду: айрым мөөнөттөрдө туристтердин саны көп, айрымында аз болуу, заманбап жабдуулардын жетишсиздиги жана туристтик менеджмент тармагында квалификацияны жогорулатуунун чектелген мүмкүнчүлүктөрү. Чечим БУУӨПтүн Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган жана FSDS коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөк көрсөтүү» долбооруна катышуу аркылуу келди.

Окутуу сессияларынын алкагында Ленара бизнес-процесстерди оптимизациялоонун жана жаңы туристтик продукттарды түзүүнүн куралдарын өздөштүрдү. Бул сессияларды өткөндөн кийин ал грант үчүн арыз берип, идиш жуугуч, кир жуугуч жана кургатуучу машиналарды сатып алуу үчүн колдоо алды, бул иштин эффективдүүлүгүн жана тейлөөнүн сапатын кескин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.

Бүгүн мейман үйү 20 конокту бир эле убакта кабыл алууга даяр 10 жайлуу бөлмөгө чейин өсүп жетти. Жогорку мезгилде Ленара үч аялга жумуш менен камсыз кылып, сапаттуу кызмат көрсөтүп, айыл тургундары, өзгөчө аялдар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.

Долбоорго катышуусунун аркасында Ленара өзүнүн бизнесине маданий туризмдин элементтерин киргизди, анын ичинде коноктор арасында суроо-талапка ээ болгон татар ашканасы жана кулинардык мастер-класстар.

«Биздин боорсоктор чыныгы хит. Долбоорго катышкандан кийин мен тамак-аш жөн гана тамак эмес, бүтүндөй бир окуя жана аны даярдоо туристтик продукттун дагы бир элементи боло аларын түшүндүм. Бул сезондо конокторго татар таңкы жана кечки тамакты мастер-класс менен даярдоону кошууну пландап жатам», — дейт Ленара.

 

Ленаранын окуясы БУУӨПтүн окуялуу туризмдин кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү жана бекемдөө долбоору ишкерлерге жана жергиликтүү жамааттарга өздөрүнүн ишмердүүлүгүн баштоого жана өнүктүрүүгө кандайча жардам берерин көрсөткөн бир гана мисал. Берилген 76 арыздын ичинен 44 катышуучу кошумча нарк чынжыры грант колдоосун алышты, анын ичинде 12 туроператор, 29 кызмат көрсөтүүчү жана 3 туристтик бирикме.

Мындай демилгелер жана ыкмалар Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына жетишүүгө түздөн-түз өбөлгө түзөт: туризмдин экономикага кошкон салымын күчөтүү, эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана коопсуз, сапаттуу туристтик чөйрөнү түзүү.

Маалымдама: БУУӨП Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор «жашыл» нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдүү жана туруктуу өсүштү камсыз кылууга багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык түзүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.