Миграциядан “жашыл” ишкерликке: Амирбек Масыралиевдин ийгилик окуясы

2016-жылы Амирбек көпчүлүк тобокелчилик деп эсептеген чечимди кабыл алган: Москвадагы айлыгын таштап, миграциядан Кыргызстанга кайтып келген. Учурда ал Манас шаарындагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан эко-компаниялардын биринин негиздөөчүсү.

2026-ж., 19-June
Person in a light gray shirt selfies with a smartphone in a yard beside a blue container.

Амирбек Масыралиев

БУУӨП Кыргызстан

2016-жылы Амирбек көпчүлүк тобокелчилик деп эсептеген чечимди кабыл алган: Москвадагы айлыгын таштап, миграциядан Кыргызстанга кайтып келген. Учурда ал Манас шаарындагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан эко-компаниялардын биринин негиздөөчүсү. 

Амирбек Масыралиевдин окуясы — жаштардын ишкерлигине жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууга кандайча салым кошорунун айкын мисалы. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргызстан — жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясы жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы калдыктарды кайра иштетүүнү жана циркулярдык (айланма) экономиканы туруктуу өсүштүн негизги багыттары катары аныктайт. Дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу менен, тактап айтканда, БУУӨП Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ишкерлердин дараметин ачууга жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө салым кошууга көмөктөшүүчү демилгелерди колдоп келет. 

Бут алдындагы байлык 

Көпчүлүк картон менен пластиктен полигондордо жылдап чириген же күйгөндө абаны ууландырган кадимки таштандыны гана көрсө, Амирбек андан баалуу ресурс көрө билген. Ошентип, ал таштанды чогултуу менен алектене баштаган. 

“Өнүккөн өлкөлөрдө калдыктар – бул баалуу чийки зат. Биз дагы мындан экологиялык жана экономикалык пайда ала аларыбызга ишендим”, – дейт ал. 

Жумушту жөнөкөй эле нерседен баштаган: кагаз менен пластикти чогултуп, заводдорго өткөрчү. 2018-жылга чейин иш кеңейип, Ош жана Бишкек шаарларында алгачкы кабыл алуу пункттары ачылган. Бирок Амирбек жөн гана кайра сатуу менен чектелбестен, даяр өнүм (продукт) чыгарууну каалаган.  

2021-жылы анын «Эко Грин Кейжи» компаниясы Karton.kg бренди менен өзүнүн алгачкы цехин ишке киргизген. Эми мурда көчөдө чачылып жаткан полиэтилен плёнкалары кайра иштетилип, жаңы товарларды өндүрүү үчүн даяр чийки зат — гранулаларга айланууда. 

Технологиялык секирик 

Бүгүнкү күндө 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жаштардын ишкерлигин өнүктүрүү жана туруктуу бизнес-чечимдерди колдоо жергиликтүү экономиканы чыңдоонун, жаштарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн жана өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды. Амирбектин окуясы ишкердик демилгелер экономикалык жана экологиялык маселелерди бир эле учурда чечүү менен бирге, социалдык биримдикти чыңдоого кандайча көмөктөшөрүн көрсөтүп турат. 

Таштанды бизнесиндеги эң башкы көйгөй ар дайым логистика болуп келген. Калдыктар өтө көлөмдүү болгондуктан, аны кол менен өлчөө узак жана татаал убакытты талап кылат. Орусия Федерациясынын Өкмөтү менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүнүн аркасында Кыргызстандын ишкерлери заманбап жабдууларга, ментордук колдоого жана бизнести кеңейтүү менен туруктуу киреше булактарын түзүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушууда. Амирбектин компаниясы үчүн мындай колдоо өсүштүн маанилүү баскычы болуп калды. Ишкана заманбап автотаразага ээ болгондо, бул анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейттии. 

“Бул чоң секирик болду. Автотараза биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү үч эсеге жогорулатты. Мурда адамдарга чийки затты өткөрүү ыңгайсыз болчу, ал эми азыр унаа жөн гана платформага кирет жана баары бир нече мүнөттө даяр болот. Бул биздин да, бизге чийки зат камсыздоочулардын да убактысын үнөмдөдү”, – деп бөлүштү Амирбек. 

Манас шаарынын администрациясы жана Жалал-Абад облустук администрациясы калдыктарды кайра иштетүү секторун өнүктүрүүнү шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү аракеттеринин бир бөлүгү катары карашат. Амирбектин бизнеси бул багытта аймактагы алгачкы жеке операторлордун бири болуп, башка ишкерлерге жол ачып жатат. 

Бүгүнкү күндө Амирбектин ишканасында 8 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Бирок анын таасири мындан алда канча кеңири: 20дан ашык жаран таштандыларды үзгүлтүксүз чогултууну жолго коюп, Karton.kg пунктуна өткөрүп турушат жана муну менен өз үй-бүлөлөрү үчүн туруктуу киреше табышат.  

Мындай натыйжа бир эле ишкананын алкагынан ашып түшөт. Жергиликтүү ишкерликти колдоо жаңы жумуш орундарын жана киреше булактарын түзүүдөн баштап, циркулярдык экономиканын принциптерин жана ресурстарды туруктуу пайдаланууну жайылтууга чейинки бүтүндөй экономикалык чынжырчалардын өнүгүшүнө шарт түзөт. 

Бул так Экономика жана коммерция министрлиги менен Жаратылыш ресурстары министрлиги биргеликте бүткүл өлкө боюнча кеңейтүүгө умтулуп жаткан жеке жашыл бизнестин түрү болуп саналат: мындай ишканалар бир эле учурда жумуш орундарын түзөт, таштанды полигондоруна түшкөн жүктү азайтат жана өнөр жай үчүн жаңы чийки зат өндүрөт — натыйжада мурда таштанды гана болгон жерде айлануу циклин камсыз кылат. 

Амирбек дагы деле миграцияда жүргөндөргө өз кеңешин берет. Анын башкы сыры абдан жөнөкөй: 

“Өзүңүз үчүн иштейсизби же башка бирөөгөбү — айырмасы жок, эң башкысы сапаттуу иштеңиз. Өз ишиңиздин мыкты адиси болуңуз. Сапаттуу адис ар дайым бааланат жана анын статусу кайсы жерде болбосун — өзгөчө бул жерде, өз үйүндө ар дайым бийик болот”. 

Амирбектин окуясы жалгыз гана мисал эмес. Жаштар ишкердиги Орусия Федерациясынын жана БУУӨПтүн каржылык колдоосу менен Janyration («Жаңы муун») тармагы аркылуу жигердүү өнүгүүдө. Бул демилгенин алкагында буга чейин 312 000 АКШ доллары суммасында жаштардын 76 бизнес-долбоору колдоого алынып, 200гө жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Дагы 52 долбоор ишке ашырылуу алдында турат жана алар 442 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция менен кошумча 150гө жакын жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө. 

Отуз жылдан ашуун убакыттан бери БУУӨП Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашырууда стратегиялык өнөктөшү болуп келет. Ал Экономика жана коммерция министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Жалал-Абад облусунун администрациясы менен биргеликте жашыл экономиканы илгерилетүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иш алып барууда. Орусия Федерациясынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө, БУУӨП Кыргызстандын өкмөтүнүн Амирбек сыяктуу ишкерлер өз үй-бүлөсү, шаары жана бүткүл өлкөсү үчүн туруктуу бизнести кура алышына шарт түзүү аракеттерин колдойт.