Нарын облусу Кыргызстандын салттуу кийиз кол өнөрчүлүгүнүн негизги борборлорунун бири болуп эсептелет. Дал ушул жерде чеберлер жүндү иштетүүнүн уникалдуу технологияларын кылдаттык менен сактап, кыргыз шырдактарынын оюуларын муундан-муунга өткөрүп келишет, ал оюулардын ар биринин өзүнүн символикалык мааниси бар болуп, кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана маданий салттарын чагылдырып турат.
Салттуу кол өнөрчүлүктөн креативдүү бизнеске карай: Салтанат Чикеева Нарында кийиз өндүрүшүн кантип өнүктүрүүдө
2026-ж., 28-July
Салтанат Чикеева
Ача-Кайыңды айылынын тургуну Салтанат өмүр бою кийиз жасоо менен алектенип келет. Бала кезинен жүндү иштетүүнүн бардык этаптары көз алдында болгондуктан, ал 15 жашынан кыргыз шырдактарына татаал оюуларды өз алдынча сала баштаган. Бүгүнкү күндө Салтанат жергиликтүү чеберлерди бириктирип, таза кийизден жасалган, кылымдаган салттарды заманбап дизайн менен айкалыштырган жана Кыргызстанда да, анын чегинен тышкары да суроо-талапка ээ болгон экологиялык таза продукция чыгарып, өзүнүн кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүүдө.
Анын чеберканасында дубалга илинүүчү паннолор, кыргыздын салттуу баш кийимдери (калпактар жана элечектер), ноутбуктарга жана уюлдук телефондорго каптар, үйдүн ички жасалга буюмдары, азем белек продукциялары жана башка көптөгөн нерселер жасалат.
Бүгүнкү күндө Салтанат айына 1–2 шырдак жасайт, ошондой эле кийиз буюмдардын түрүн чыгарат, алар өнөктөштөр аркылуу сатылып, Бишкектеги кардарларга да жөнөтүлүп турат . Азырынча өндүрүш чакан үй-бүлөлүк ишкана бойдон калып, айына 10–15 миң сом кошумча киреше алып келет. Бирок, Салтанат үчүн бул чоң жетишкендик: көп жылдар бою жөн гана жакшы көрүп алектенген кол өнөрчүлүгү туруктуу киреше алып келип, акырындык менен үй-бүлөлүк бизнеске айланууда. Бүгүнкү күндө чеберканада бир жалданма кызматкер жумуш менен камсыз болгон.
Көп жылдык тажрыйбасына карабастан, Салтанат сүйүктүү ишин туруктуу киреше булагына айландыруу үчүн мыкты чебер болуу жетишсиз экенин түшүнгөн. Бул үчүн брендди кантип өнүктүрүү, продукцияны илгерилетүү, кардарларды табуу жана андан аркы өсүүнү пландаштыруу сыяктуу ишкердик билимдер дагы талап кылынган.
Өз ишин жаңы деңгээлге чыгарууну көздөгөн Салтанат БУУӨП тарабынан 2024–2025-жылдары ишке ашырылган жети айлык "Аялдардын креативдүү лабораториялары" аттуу билим берүү программасына тандоодон өтүп, катыша баштаган. Программа Салтанатка өзүнүн кол өнөрчүлүгүн маданий мурасты сактоонун ыкмасы катары гана эмес, өсүү потенциалы бар бизнес катары кароого жардам берди. Брендинг, маркетинг, продукцияны таңгактоо жана чебер-класстарды уюштуруу боюнча алган билимдери өз ишин акырындык менен өнүктүрүп кетүүгө жана сатуу үчүн жаңы рынокторду издөөгө негиз болуп берген.
Бизнес-моделди кеңейтүү программага катышуунун алгачкы натыйжаларынын бири болуп калды. Буюмдарды чыгаруу менен катар, Салтанат өз айылында мектеп окуучуларына, жаштарга жана туристтерге чебер-класстарды өткөргөн чакан чыгармачыл клуб ачкан. Ошентип, кол өнөрчүлүгү продукция сатуудан гана киреше алып келбестен, билим берүү, маданиятты жайылтуу жана айылдык туризмди өнүктүрүү үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Практикалык сабактар катышуучуларга кыргыздын кийиз жасоо салттары менен таанышып, өз колу менен алгачкы буюмун жасоого мүмкүндүк берет. Бул формат маданий мурасты сактоону, жаштарды өнүктүрүүнү жана маданий туризмди илгерилетүүнү бириктирип, ошол эле учурда аймактын креативдүү экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Калдыксыз өндүрүш - анын ишинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда. Кийиздин калдыктары кураштырылып, кооздук буюмдарды жасоо үчүн колдонулуп, табигый чийки затты болушунча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Акыркы кезде ага түшкөн ири тапшырыктардын бири - Кыргызстандын улуттук символикасын чагылдырган азем белек катары 400 ак илбирс жасоого буйрутма түшкөн.
Чебер жакын арада "Булак шыңгыры" аттуу өз брендин каттоону, сатуу рынокторун кеңейтүүнү пландаштырууда жана кыргыздын кийиз жасоо боюнча бай мурасы менен мүмкүн болушунча көп жаштарды, өлкөнүн конокторун тааныштыруу үчүн чыгармачыл клубду өнүктүрүүнү мерчемдөөдө.
Салтанат Чикееванын мисалы аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн чакан демилгелер кандай өрнөк боло аларын көрсөтүп турат. Аялдардын креативдүү лабораторияларынын максаты элеттик аялдарга кол өнөрчүлүгүн, чыгармачыл көндүмдөрүн, сүйүктүү ишин киреше булагына айландыруу үчүн ишкердик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана андан аркы өсүү үчүн негиз түзүүгө жардам берүү болуп саналат. Дал ушундай алгачкы кадамдар аялдар, алардын үй-бүлөлөрү жана жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.
Нарын облусунда БУУӨПтүн колдоосу менен Ак-Жар, Кызарт жана Кочкор айылдарында үч Аялдардын креативдүү лабораториясы ачылган. Демилге ишке ашырылган убакыттын ичинде 313 аял резидент болуп, дагы 1589 кыз-келин Women Creative Labs коомчулугуна кошулуп, катышуучулар ишкердик, финансылык сабаттуулук, маркетинг жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча 83төн ашык билим берүү иш-чарасына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Үч он жылдыктан ашуун убакыттан бери БУУӨП инклюзивдик өсүштү, адамдык капиталды өнүктүрүүнү, ошондой эле жаштар менен аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү колдоо максатында Экономика жана коммерция министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарын алдыга жылдырууда анын стратегиялык өнөктөшү болуп келет.