Жыл сайын 27-июнда белгиленүүчү Эл аралык микро, чакан жана орто ишканалар күнүнүн алдында, Кыргызстандын түштүгүндө жашаган 27 жаштагы Дилзат Абдималик кызы сыяктуу инсандардын окуясы чакан бизнестин эмне үчүн экономикалык өсүш үчүн гана эмес, сергек жана инклюзивдүү коомду калыптандыруу үчүн да маанилүү экенин айкын көрсөтүп турат.
Чакан бизнес Кыргызстандагы айымдар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат
2026-ж., 25-June
Чакан бизнес секторунун масштабына баа бербөө мүмкүн эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) дүйнөдөгү бардык ишканалардын дээрлик 90 пайызын түзүп, жумуш орундарынын 60–70 пайызын камсыз кылат жана дүйнөлүк ИДПнын болжол менен жарымын калыптандырат. Өнүгүп келе жаткан экономикасы бар өлкөлөрдө расмий катталган МЧОИ ар бир он жумуш ордунун жетөөсүн түзүп, калктын иш менен камсыз болушунун жана экономикалык туруктуулуктун эң күчтүү кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасында да чакан жана орто ишканалар өлкө экономикасында негизги ролду ойноп, жумуш орундарынын олуттуу бөлүгүн камсыз кылат жана ички дүң продукциянын маанилүү бөлүгүн түзөт. МЧОИди өнүктүрүү — жумуш орундарын түзүүнүн, аймактарды колдоонун жана экономикалык туруктуулукту жогорулатуунун куралы катары 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ош шаарында Дилзат маанилүү локалдык маселени чечүү менен бул глобалдык процесске өз салымын кошууда.
Жакында ал кантсыз, глютенсиз жана аз калориялуу десерттерге, ошондой эле туура тамактануунун даяр тамактарына адистешкен “Sweet Fit” кафесин ачты. Бул идея анын айланасындагы адамдардын арасында байкалган жөнөкөй, бирок барган сайын өсүп жаткан муктаждыктан улам жаралган.
“Көптөгөн адамдар дени сак тамактанууну каалашарын, бирок аларда тандоо абдан чектелүү экенин байкадым,” — дейт Дилзат. — “Спортчулар, кант диабети бар адамдар жана сергек жашоо образын жайылтууга умтулган аялдар үчүн өздөрүнүн муктаждыктарына ылайыктуу тамак табуу көп учурда кыйынга турчу. Мен бир эле учурда даамдуу да, пайдалуу да продуктуну түзгүм келди”.
Бизнес-идея катары башталган иш тез эле сергек жашоо образын жайылтуу жана башкалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү миссиясына айланды.
Орусия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУӨПтүн (ПРООН) “Жаштардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ишкердик менен социалдык биримдик үчүн туруктуу жергиликтүү чечимдер” долбоорунун алкагындагы акселерациялык программага катышуу Дилзат үчүн бурулуш учур болду. Бул программанын аркасында ал интенсивдүү бизнес-окутуудан өтүп, насаатчылык жана гранттык колдоо алды. Бул анын идеясын туруктуу бизнеске айлантууга жардам берди.
Долбоордун алкагында берилген баасы болжол менен 6 175 АКШ долларын түзгөн жабдуулардын жардамы менен Дилзат заманбап өндүрүштү жолго коюп, продукциянын сапатын жогорулатууга жана бизнестин масштабын кеңейтүүгө жетишти. Анын ишканасы буга чейин үч туруктуу жумуш ордун түзүп, жергиликтүү аялдардын фитнес-борборунда кошумча жеткирүү түйүнүн ачуу менен өз ишин кеңейтти.
“Sweet Fit” кафесинин тарыхы бүгүнкү күндө Кыргызстанда болуп жаткан алда канча кеңири өзгөрүүлөрдү — аймактардагы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүн чагылдырат.
Аялдар жетектеген МЧОИлер экономикалык өсүштүн жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү булагы катары барган сайын көбүрөөк таанылууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар ээлик кылган ишканалар башка аялдарды жумушка алууга көбүрөөк ыктайт, ал эми ишкер аялдардын кирешесинин жогору болушу көбүнчө үй-бүлөнүн ден соолугуна жана билимине инвестициялардын көбөйүшүнө алып келип, кеңири социалдык жана экономикалык натыйжаларды берет.
Дилзаттын жолу ошондой эле аймактык экономиканы өнүктүрүүнү жана чакан жана орто бизнести максаттуу колдоону артыкчылыктуу багыттар катары аныктаган Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын иш жүзүндө ишке ашырылышын көрсөтөт. Программада ишкер аялдар аймактык теңсиздикти кыскартуунун жана инклюзивдүү өсүштү камсыз кылуунун негизги катышуучулары катары каралат. Дилзаттын окуясы ишкер аялдарды максаттуу колдоо бир эле учурда өнүктүрүүнүн бир нече максаттарына — татыктуу жумуш орундарын түзүүгө, калктын ден соолугун чыңдоого, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кандайча өбөлгө түзөрүн көрсөтүп турат.
Отуз жылдан ашуун убакыттан бери БУУӨП өлкөнүн өнүгүү боюнча улуттук артыкчылыктарын алдыга жылдырууда Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп келет. Ал Экономика жана коммерция министрлиги, Ош шаарынын мэриясы жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, инклюзивдүү өсүштү, адамдык капиталды өнүктүрүүнү, ошондой эле жаштар менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдойт.
Бир гана 2025-жылы БУУӨПтүн ишкердикти колдоо программалары өлкө боюнча 600дөн ашык ишкер аялдарга сатуу көлөмүн 41 пайызга жогорулатууга жардам берди. Жаштар ишкердигине салынган инвестициялар да ондогон бизнес-демилгелерди колдоого алып, жергиликтүү деңгээлде жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түздү.
Бирок Дилзат үчүн ийгилик сатуунун көлөмү же бизнестин кеңейиши менен гана өлчөнбөйт.
“Кардарлар ден соолугуна зыян келтирбей, кабатыр болбой жей турган десерттерди акыры табышканын айтышканда өзгөчө кубанам, “— дейт ал. — “Мен “Sweet Fit“ аркылуу сергек тамак-аш жеткиликтүү, даамдуу жана шыктандыруучу боло аларын көрсөткүм келет.
Дилзаттын окуясы — көптөгөн ийгиликтүү окуялардын бири гана. Ал бизге МЧОИ жөн гана чакан бизнес эмес экенин эскертет. Көбүнчө дал ушул ишканалар биринчи иш берүүчүлөр, алгачкы новаторлор жана өз жамаатынын потенциалына биринчилерден болуп ишенгендер болуп калышат.
Микро, чакан жана орто ишканалардын эл аралык күнүндө Дилзаттын окуясы ар бир ийгиликтүү ишкананын артында экономикалык көрсөткүчтөр гана эмес, адамдардын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөр турарын айгинелейт. Ишкердикте аялдарды жана жаштарды колдоо — Кыргызстанда кыйла инклюзивдүү, туруктуу жана гүлдөгөн экономиканы куруунун эң натыйжалуу жолдорунун бири болуп кала берет.
БУУӨП тарабынан колдоого алынган «Janyration» («Жаңы муун») демилгесинин алкагында 76 жаштардын бизнес-долбоору жалпысынан 312 000 АКШ доллары суммасында колдоо алып, бул 200гө жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди. Дагы 52 долбоор ишке ашырылуу стадиясында турат жана 442 000 доллар инвестициянын эсебинен кошумча 150гө жакын жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.