Айгүлдүн баяны же БУУӨП Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик көндүмдөрдү жана санариптештирүүнү тездетүүнү кантип колдойт

2023-ж., 19-October

Айгүл Жамалдинова (ортодо) жана Санарип Айымдар демилгесинин башка катышуучулары.

БУУӨП Кыргызстан

«Мунун баары менин декретте үйдө олтурган кезде башталган. Менин үч балам бар, үйдө отуруп балдарымдын физикалык жана психикалык ден соолугун чыңдоо, сүйлөө жана майда моторикасын өрчүтүү үчүн пайдалуу маалыматтарды издене  баштадым. Мен муну көптөгөн жаш  энелердин көйгөйү деп билем. Анткени көпчүлүк бала тарбиялоого, жеке өнүгүугө жана эне-бала саламаттуулугуна байланыштуу маалыматтар англис же орус тилдеринде. Дегеле Кыргызстандагы анын ичинде өзгөчө Баткен областына жашаган  көптөгөн жаш энелер тилдик тоскоолдуктан улам керектүу маалыматты издөөдө кыйынчылыкка туш болушууда. Мен башка тилден алынган көнүгүулөрдү балдарым менен биргеликте аткарган тажрыйбамды өзүмө окшогон жаш эненлер менен бөлүшкүм келди».

Бул БУУӨПтун «Санарип айымдар» долбоорунун жүз катышуучусунун ичинен жана өлкөнүн эң алыскы аймагы болгон Баткен облусунан тандалып алынган  беш катышуучунун бири болгон Айгүл Жамалдинованын окуясы. Демилге 15 жаштан 34 жашка чейинки кыздар менен жаш аялдардын арасында санариптик окутуу, IT көндүмдөрүн өнүктүрүү жана лидерлик жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга багытталган. 

««Санарип Айымдар» долбоорунун алкагында санариптик көндүмдөр боюнча тренингден өтүү мүмкүнчүлүгүн билгенде мен кызыгуу менен катышууну туура көрдүм. Анын үстүнө бир-эки жыл декретте үй жумуштары  менен алектенип жүргөндүктөн, өзүмдү өнүктүрүүдө артта калып жатам деп ойлочумун. Бирок, менде балдар менен үйдө отуруп жаңы нерсени үйрөнүп, киреше тапсам деген каалоом да бар болчу. Мен буга чейин эле социалдык баракчаны  кантип туура жүргүзүу  керектиги тууралуу маалыматтарды топтоп жаткам, ал үчүн ар кандай блоггерлерге жазылгам. Көптөн бери өзүмдүн инстаграм баракчамды ачып блогумду алып баруу тууралуу бир нече  идеяларым бар болчу, бирок элементардык статус киргизүү, түз эфир, кыска форматттуу видео жана жаңы пост чыгаруу, өзгөчө видеолорду монтаждоо үчүн тажрыйбам жок болчу. Ошондуктан, сунушталган курстардын арасында мен мобилография курсуна жазылдым, анда профессионалдык фото жана видеолорду тартуу жана монтаждоо боюнча практикалык сабактар сунушталды. Мен үчүн эң негизги артыкчылык, мобилография курсу башка курстардан айырмаланып оффлайн форматта болгону. Анткени мен практика жүзүндө  жөндөмүмдү  мыкты өркүндөткүм келди. Бүгүн, окутууну  аяктагандан кийин, мен өз алдынча өзүмдүн социалдык тармактарым үчүн кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүп келе жатам, билим берүүчү жана көңүл ачуучу видеолорду жаратам. Кыска видеолордо  балдарымдын майда моторикасын өнүктүрүүдө аткарган көнүгүүлөрдүн  натыйжалары менен бөлүшөм. Айыл жергесиндеги жаш энелерге пайдалуу болуусу үчүн  жаш балдардын жалпы өнүгүүсү боюнча атайын тандалган  маалыматтар менен көнүгүүлөрдүн жеткиликтүү болуусу үчүн социалдык баракчамды  кыргыз тилинде алып барып жатам ”. – дейт Айгүл.

Айгүл Жамалдинова БУУӨПтун туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Риззалдан окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат алган мезгили.

БУУӨП Кыргызстан

Санарип Айымдар долбоору БУУӨПтун санариптик көндүмдөрдүн жардамы менен татыктуу жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, ошону менен аялдар менен кыздарга өзгөчө көңүл буруу менен санариптик ажырымды кыскартууга жана социалдык биримдикти бекемдөөгө  салым кошот. 

Пилоттук ( атайын тандалып алынган) аймактардагы катышуучулардын  көбү көп улуттуу жана чек ара аймактарында жайгашкан. Акыркы жылдары, COVID-19 терс таасиринен улам, бул жамааттар көбүрөөк социалдык-экономикалык тоскоолдуктарга  дуушар болушту. 

«Санариптик ажырым же технологиялык ажырым – бул технологияга жана интернетти колдонууга мүмкүнчүлүгү бар социалдык топтор менен мүмкүнчүлүгу жок болгон топтордун ортосундагы айырма. Кыздар менен аялдар көбүнчө айыл жергесинде жаңы технологияларды жана интернетти колдонууда  азыраак мүмкүнчүлүккө ээ. БУУӨП технологияны колдонууда технологияга жана жаңы билимдин жеткиликтүү болуусуна мүмкүнчүлүктөрду  кеңейтүү аркылуу санариптик ажырымды жоюунун жолдорун колдойт, ошол эле учурда он-лайн мейкигинде мээрим тил менен баарлашуу идеясын илгерилетүүдө жана санариптик инструменттерди жана социалдык тармактарды колдонууда “зыян келтирбөө” принцибин ишке ашырууга салым кошот. Ошондуктан биз билим берүү булактарын, окуу мүмкүнчүлүктөрүн жана маалыматка жетүүнү камсыз кылган, санариптик жеткиликтүүлүктү кеңейткен жана санариптик гендердик ажырымды жоюуга олуттуу салым кошкон демилгелерди колдойбуз”, - дейт Наргиза Таштемирова, БУУӨПтун башкаруу жана тынчтыкты куруу боюнча долбоорунун адиси.

Ушуга байланыштуу БУУӨП ошондой эле Баткен жаштар борборун IT жабдуулар менен камсыз кылып, жаштардын билимин жана маңыздуу катышуусун өнүктүрүү үчүн билимдуу чөйрөнү түзүүдө  колдоо көрсөттү, бул зордук-зомбулуктун алдын алып, тынчтыкты жана коомдук биримдикти орнотууга көмөктөшөт. Ал эми Айгүл ошол жерде мобилографиялык курстарды окуган. 

 

«Мен YouTube платформасында үйрөнүүнү каалагандар үчүн көптөгөн курстар бар экенин билем, бирок Санарип Айымдар демилгесин мага жана башка катышуучуларга чоң пайда алып келди, бул окутуу учурунда баардык маалымат кыргыз тилинде жүргузүлдү, анткени Кыргызстанда көптөгөн аймактардагы энелер жана кыз келиндер  орус же англис тилинде сүйлөбөйт же маалыматтардын тоолук мазмуунун түшүнбөй калышат. Ошол себептүү окутуунун башында максат кылгандай эле, окууну аяктагандан кийин да өзүмө окшогон кыздарга билимимди бөлүшүүдө  кыргыз тилинде гана маалыматтарды даярдап, сунуштайм деп так максат койдум”. – дейт Айгүл. 

Айгүл мобилография курсун окуп эле токтоп калбастан, көптөгөн күтүулөрүн ишке ашыра баштады. Ал жекече кыз келиндерди көп тарматуу  өнүгүүсүнө салым кошкон жекече автордук курсун  онлайн форматта ачып, экинчи группасын окутууда. Ага кошумча  эксперттик видеолорду тартууну жана монтаждоону баштады, ошондой эле профессионалдык деңгеелде социалдык баракчасын алып барууда, мында ал кыздарга жана жаш аялдарга өзгөчө көңүл буруу менен мотивация жана тажрыйбасы менен бөлүшүп келүудө. 

Айгүл жана Москвада өткөн бизнес-лагердин башка катышуучулары.

Ушул айда Айгүл Москвага онлайн чөйрөдө билимин өнүктүрүү жана кирешеге чыгаруу жаатында 5 кундүк бизнес лагерине катышууга жолдомо алып даярданып жургөн кези. Алдыдагы пландарынын биринде «Санарип Айымдар» долбоорундагы мобилография курсунда катышкан группалашы менен биргеликте мобилография боюнча онлайн жана оффлайн курсун ачууну пландап жатат жана жакында фотостудия ачып, Баткен шаарынын тургундарына кызмат көрсөтө баштаары тууралуу пикири менен бөлүшүп кетти. 

«Мен 10 келиндин эң кичүүсүмүн, балким, айыл жеринде жашаган кыз келиндер  мени түшүнүп, мындай үйбүлөлүк абалда өз ишин ачуу оңой эмес экенине макул болушат. Бирок, канчалык кыйын болбосун жолдошумдун жана үй-бүлөмдүн колдоосу  менен ийгиликке жеттим деп айта алам. Долбоорго катышууда коркуу  сезимин жеңүүгө жана өзүмдүн мыкты адис экениме  ишенүүгө жардам берген долбоор кызматкерлерине жана бизди окуткан мугалимдерге  ыраазымын!”

Айгүл балдары менен