Чакан гранттык долбоорлорду ишке ашырууга гранттык сунуштарды берүүгө сурам

2026-ж., 27-January
Person in purple jacket and gardening gloves at an outdoor plant market stall.

БУУнун Өнүктүрүүпрограммасы төмөнкү максаттуу коомдоштуктарда иштеген бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) арасында конкурс жарыялайт

1. Акман АА, Бай-Мундуз а., Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу

2. Багыш АА, Кеде-Арык а., Октябрь а. Сузак району, Жалал-Абад облусу

3. Масы Д.Садырбаев АА, Кызыл-Туу а.,  Ноокен району, Жалал-Абад облусу

4. Достук АА, Кудук а., Ноокен району, Жалал-Абад облусу

5. Жоош АА, Маданият а. Кара-Суу району, Ош облусу

6. Толос АА, Кенеш а., Ноокат району, Ош облусу

7. Көк-Жар АА, Алашан а., Ноокат району, Ош облусу

8. Кызыл-Кыя ш. Мэриясы, Жин-Жигения а., Баткен облусу

9. Майдан АА, Майдан а., Кадамжай району, Баткен облусу

10. Орозбеков АА, Кудук а., Кадамжай району, Баткен облусу

БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан финансылануучу “Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшүнө, адаптациялануу жана тынчтык туруктуулугунун алдыңкы катарында” долбоорун ишке ашыруунун алкагында. 

Чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун максаты – суу ресурстарына жетүү, бөлүштүрүү жана башкаруу менен байланышкан жаңжалдарды болтурбоого багытталган практикалык багыттагы демилгелерди колдоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аялуу коомдоштуктарында туруктуу тынчтыкты, социалдык биримдикти жана климаттык жана табигый тобокелдиктерге туруктуулукту бекемдөө. 

Өтүнмөлөр төмөнкү ишмердиктин чөйрөлөрүндө иш-чараларды ишке ашырууда тажрыйбага ээ болгон БӨУдан кабыл алынат: 

  • жаңжалдарды төмөндөтүүнүн жана кызматташууну бекемдөөнүн фактору катары суу ресурстарын жана ирригацияны башкаруу;

  • коомдоштуктардын деңгээлинде суу натыйжалуу жана климаттык-адаптациялануу чечимдерди жайылтуу;

  • суу колдонуучулары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда диалогдун жана биргелешип чечим чыгаруу механизмдерин өнүктүрүү;

  • жашоого каражаттардын туруктуулугун жогорулатуу;

  • аялдарды, жаштарды жана аялуу топторду тынчтыкты куруу процесстерине тартуу;

  • социалдык туруксуздуктун булагы катары климаттык жана суу тобокелдиктерин алдын алуу 

Гранттын суммасы: Чакан грант алууга өтүнмөнүн жалпы суммасы 40, 000.00 АКШ доллардан (кырк миң АКШ доллары) ашпоого тийиш. Өтүнмө берүүчүнүн салымы (БӨУ) гранттын суммасынын кеминде 20% ын түзүшү керек, өтүнмө берүүчүнүн салымы накталай же натуралай түрдө (акчалай, эмгектик же материалдык) көрсөтүлүшү мүмкүн.

Узактыгы: чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтү гранттык макулдашууга кол койгон датадан тартып 6 айдан ашык эмес. 

Эскертүү:

БУУӨП долбоорунун каражаттарынын эсебинен товарлардын жана кызматтардын төмөнкү түрлөрүн финансылоого багытталган чыгымдар беренелери менен өтүнмөлөр каралбайт:

  • жер участокторун, имараттарды жана башка кыймылсыз мүлктү сатып алуу;

  • долбоордун максаттары жана иш-чаралары менен түздөн-түз байланышы жок чыгымдар;

  • айлана-чөйрөгө зыян келтирген же адам укуктарын бузган ишмердик;

  • жаңжал сезимталдыгы, гендердик теңчилик жана социалдык инклюзивдүүлүк принциптерине каршы келген ишмердик.

  •  КР мыйзамдары менен тыюу салынган ишмердик.

Белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди берүү зарыл: 

  1. Өтүнмөнүн формасы (2-тиркеме);

  2. Долбоорду ишке ашыруунун календардык планы (3-тиркеме);

  3. Долбоордун деталдуу бюджети (4-тиркеме);

  4. БӨУ мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

  5. Уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөсү;

  6. Салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарды жоктугу тууралуу маалым кат;

  7. Эсептешүү эсебинин реквизиттери менен банкттан маалым кат;

  8. Жетекчинин жана негизги эксперттеринин резюмеси;

  9. Долбоордун коомдоштуктар менен макулдашылганын ырастоочу документтер  
    (жыйындын протоколу, Айыл Өкмөтүнүн, Жергиликтүү Кеңештин же Мэриянын колдоо каты);

  10. Сатып алынуучу жабдууга кеминде бир прайс-баракчасы (сатып алуулар бар болсо);

  11. Бардык документтерде колу, мөөрдүн жана датанын болушу.

Конкурстун катышуучулары 2026-ж. 15-февралда саат 18:00гө чейин grants.env.kg@undp.org  электрондук почтасына документтер топтомун билдирүүнүн темасында “ Women of Ferghana Valley at the Frontlines of Climate Resilience, Adaptation and Peace (PID 01003878)” көрсөтүү менен жөнөтүүгө тийиш. 

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор/сурамдар почта аркылуу grants.env.kg@undp.org  дарекетелүүгө тийиш. Конкурска байланышпаган сурамдардын башка формалары каралбайт.  

Өтүнмөнүн колдонуу мөөнөтү: ноябрь 2026-ж. 

Толук эмес көлөмдө же көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген документтер каралбайт. БУУӨП БӨУ конкурстан өтпөй калган себептери боюнча түшүндүрмө бербөө укугун өзүнө калтырат.

Тиркеме 1: көрсөтмө

Тиркеме 2: өтүнмөнүн формасы

Тиркеме 3: календардык планы

Тиркеме 4: бюджет

Тиркеме 5: колдомо