БУУӨП Баткен жаштарынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берүүдө

2023-ж., 12-April

 

Баткен, Кыргызстан / 10- апрель 2023-ж. – БУУӨП Баткен шаарындагы «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн Жаштардын Креативдүү ХАБына заманбап оргтехникаларды тапшырды. Азыркы учурда борбордо Баткен облусунун кыз-келиндери үчүн “Санарип айымдар” долбоорунун алкагында компьютердик сабаттуулук, IT, SMM, графикалык дизайн жана мобилография боюнча окутуулар өтүп жатат. Демилге кыздардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу санариптик гендердик ажырымды жоюуга жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жаштардын Креативдүү ХАБы – жаштар үчүн жумуш ордун, коомдук мейкиндикти, билим алуу жайын, эс алуу борборун камтыган көп функционалдуу платформа. Бул жер Баткен облусунун жаштары өз убактысын пайдалуу өткөрүү жаңы нерселерди үйрөнүү, идеяларды жаратуу жана талкулоо, креативдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эң мыкты жана уникалдуу аянтча.

Жаштардын ХАБында социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык маанидеги ар кандай багыттагы тренингдер, мастер-класстар, конференциялар, бейформал жолугушуулар, талкуулар, жаштардын иш-чаралары өткөрүлөт. Бул жаштардын потенциалын ачууга, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүүгө, жаңы бизнес-идеяларды жаратууга жана аларды ишке ашырууга, жалпысынан жаштардын шаардын жана облустун социалдык-экономикалык турмушуна катышуусун жогорулатууга жардам берет.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков  белгилегендей, жаштар борбору Баткен шаарынын өнүгүүсүнө, заманбап технологиялардын интеграциясына жана жумуш орундардын түзүлүшүнө салым кошот. «Эми Баткен шаарында жаштардын гана эмес, бардык чыгармачыл адамдардын жолугушуу жайы пайда болду. Бул жерде аларга баарлашууга жана бири-биринен көп нерсени үйрөнүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди ал.

«БУУӨП азыркы шарттарда санариптик көндүмдөрдүн өсүп жаткан ролун эске алуу менен, кыздарга билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана жумушка орношуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууда, анын ичинде санариптик мейкиндикте колдоо көрсөтүү аркылуу социалдык биримдикке көмөктөшөт. Аймактардагы кыздардын санариптик жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүү санариптик гендердик ажырымды кыскартуунун жана жеке өнүгүүнүн ачкычы болуп саналат деп эсептейбиз, деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.

Akmaral Satinbaeva, head of PA "Youth of Osh" (left) and monica Rijal, UNDP Deputy Resident Representative in Kyrgyzstan (right) signing a Memorandum of Cooperation

UNDP

Иш-чара учурунда жаштарды өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык турмушуна жигердүү тартуу, шаарды өнүктүрүү, социалдык биримдикти жана жаштардын потенциалын жогорулатуу, стартаптарды ишке ашыруу, кыздарды санариптик кесиптерге тартуу жана эмгек рыногуна чыгууга көмөктөшүү, туруктуу жашоо каражаттарын түзүү боюнча биргелешкен чараларды мындан ары ишке ашыруу максатында БУУӨП менен «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси Жаштардын Креативдүү ХАБынын алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бүгүнкү күндө, ХАБда медиа-контент түзүү үчүн керектүү фоторедакторлор жана видеоредакторлор бар. Келечекте Жаштардын Креативдүү ХАБынын  Баткен облусунун мыкты фотографтарды, видеографтарды, блогерлерди, СММ-адистерди жана графикалык дизайнерлерди тарбиялап чыгат.

Баткен шаарындагы Жаштардын Креативдүү ХАБы 2022-жылы “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси тарабынан Европа Биримдиги жана DVV International уюмунун каржылык колдоосу менен түзүлдү. 2023-жылы БУУӨП тарабынан борборго жалпы суммасы 1.8 миллион сомдон ашык техникалык жабдуулар жана эмеректер берилген, анын ичинде программалоо жана видеомонтаждоо үчүн 15 ноутбук,  камера, көп фүнкционалдуу түзмөк (принтер), проектор ж.б