Руслан: АИВге карабастан оптимизмге толтура

2021-ж., 1-December

Руслан* менен болгон биринчи жолугушуу эски дос менен жолугушууга окшош: ал бизди түз эле өз дүйнөсүнө чакыруу менен ачык сүйлөйт жана чын дилинен жылмаят. 55 жаштагы Руслан АИВ менен беш жылдан ашык жашап келет, бирок анын келбетинен же жүрүм- турумунан эч нерсе анын статусу тууралуу билдирбейт. Жана ал азыр кабыл алышы керек болгон күнүнө бир таблеткадан башка, АИВ  Русландын турмушунун эч нерсесин өзгөртө алган жок. Өзүнүн ушул диагнозуна карабастан, ал мурдагыдай эле ачык-айрым жана элпек, ошондуктан ага эл менен иштөө жага тургандыгын дароо түшүнүүгө болот.

Руслан АИВ жөнүндө анын өзүнө инфекция жукканга чейин эле билчү, анткени ал АИВдин алдын алуу программаларында 2005-жылдан бери иштей баштаган. “Өзүмдүн статусум жөнүндө беш же алты жыл мурда жумуштан билдим. Ошол күнү мен жөн эле жумушка келдим жана сменаны кабыл алып, тест жасоону чечтим – мен мындай эч нерсе деле күткөн эмесмин, чын эле. Менин коллегам мага тест жасап, таң калган, алайган көздөрү менен мени карап, “Сенде АИВ” – деп айтты. Мен буга эң токтоо мамиле жасадым. Кайра тескерисинче, мен өзүмдүн коллегамды жооткото баштадым”.

АРТ: турмуштагы жаңы мүмкүнчүлүк

Руслан эси ооп калган жок, коркуп же айласы кеткен жок: ал АИВ кимге болбосун жуга тургандыгын жана АИВ жакшы жана узак жашоо менен рахаттанууга жолтоо болбостугун эң жакшы билчү. Бирок ага вирустун организмде өнүгүүсүнө жол бербей турган жападан жалгыз дарылоо  - антиретровирустук терапияны (АРТ) алууну баштоо үчүн бир топ убакыт керек болду. “Адегенде дарыларга мене абдан эле ишенбөөчүлүк менен мамиле кылчумун жана АРТты бир жылга жакын кабыл алган жокмун. Бирок акыр аягында менин коллегаларым мени баштоого ынандырышты, жана мен муну жасагандыгым үчүн бактылуумун деп эсептеймин.Ошондон бери мен АРТты үзгүлтүксүз кабыл алам жана азыр мен өзүмдүн ден соолугумду кадимкидей деп эсептеймин. Жумуштагылардын бардыгы COVID-19 менен ооруп чыгышты, а мен болсо чүчкүргөн дагы жокмун”, - дейт ал, кубаныч менен өзүнүн күчтүү иммундук системасына мактанып. АИВ – бул организмге чабуул коюп иммундук системаны алсыздандырып, адамды башка ооруларга таптакыр туруштук бере албагыдай кыла турган вирус. Дарылоосуз АИВ ЖИКСке өтөт , анда организм инфекциялар менен күрөшө албай калат. Бирок азыркы учурдагы дайыма жүргүзүлүүчү АРТта АИВ өнүгүүсүн токтотот, ал эми бул АИВди жуктуруп алган адам дени сак жана ооруларга туруктуу болуу менен башкаларга АИВди жуктурбайт дегенди билдирет.

Руслан өз тажрыйбасынан жана тааныштарынын тажрыйбасынан АРТтын канчалык эффективдүү экендигин билет. “Мен көп жылдан бери билген бир адам өзүнүн АИВ статусун билсе дагы АРТты кабыл алуудан баш тартты.Мен аны АРТты алуусуна ынандырууга аракет кылдым, ал мунун бардыгы жөнүндө эң жакшы билчү, бирок баары бир болбой эле баш тарта берди. Аңгыча ал кургак учук менен ооруп калды. Ал кургак учуктан абдан оор дарыланды: кээде ал эс учун жоготуп дагы койчу. Так ошондо ал өзүнүн иммундук системасы өзү ойлогондой бекем эмес экендигине түшүндү. Бир жолу ал мага келди да, ЖИКС- борборго каттоого тургандыгын айтты. Ал өзүнүн иммундук системасы мындар ары каршы тура албастыгына көзү жеткенден кийин гана дарыланууну чечти. Мен аны жарым жылдан кийин көрдүм жана ал бир аз жеңилдеп калган экен”,- дейт Руслан.

Адамдарга өз тажрыйбасы менен жардам берип

Руслан адамдарга өзүнүн статусун кабыл алууга жардам көрсөтүп жана АРТты ичүүгө ынандыруу менен өзүнүн жашоосуна каражат табат. “Мен ушундай жагдайга кабылган адамдарга жардам бере ала тургандыгымды сездим” -дейт ал. “Мен дайыма өзүмдү мисал кыламын. Менин ишим адамдын сезимине жетүүдө жатат. Анын жашыруун коңулдарын ачуу. Ага бардыгын түшүндүрүү. Жана жөлөк -таяк болуп, ооруканага алып баруу, каттоого турууга жардам берүү. Ага адамдар ушунусу менен деле жашап, үй-бүлөсү бар экендигин айтуу. Жөн эле дарылануу керек, анын үстүнө бардыгы акысыз. Мен ушуну адамдарга түшүндүрөм. Кээ бирөө түшүнөт, кээ бирөө түшүнбөйт. Кээ бирине жыйырма жолу айткандан кийин гана жетет. Кимде АИВ жок болсо, мен аларды эскертем,алардын этият болуусу үчүн  маалымат берем”.

Руслан АИВ менен жашоо деген эмне экендигин жана АРТ канчалык жардам бере тургандыгын бардыгынан жакшы билет. “Албетте, АРТтын дагы кыйыр таасирлери бар, бирок аларга көнүп кетесиң”, -дейт ал, андан кийин кошумчалайт:” мен АИВ менен жашаган адамдарга айткым келет, эң жакшы жашоого болот, үй -бүлө, достор менен, АИВ менен иштей берсе дагы болот. Жөн эле этияттык зарыл жана АРТты кабыл алуу керек, ошондо эч кандай кыйынчылык болбойт”.

Руслан өзү өзүнүн статусунун аркасында стигмага кабылган жок; чындыгында анда АИВ бар экендиги жөнүндө анын кошуналары дагы билишет жана бул алардын мамилелеринде эч нерсени өзгөртө алган жок. “Менде АИВдин аркасынан дискриминация боюнча өзгөчө көйгөй жок. Жалгыз эле, мен шериктерге менде АИВ бар деп айтканда, адамдар ар кандай кабыл алышат. Айрымдары коркушпайт. ал эми кээ бирөөлөрү дароо көздөн кайым болушат.

Руслан үчүн стигма жеке мамилелерде эмес, негизинен мамлекеттик деңгээлде орун алган. Ал жумушу боюнча Казакстанга кетип, АИВ статусу ачылар замат жумуштан бошотулуп, өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон  өзүнүн досун мисал кылат. “Мыйзам боюнча биздин иштөөгө укугубуз бар, бирок иш жүзүндө андай эмес, биз кайда барбасак дагы, кууп чыгышат”.

Кадимки адамдай эле жаша

“Качан мен АИВ  чөйрөсүндө иштей баштаганымда албетте, башка саясат болгон. Мурда биз элди АИВ инфекциясы менен коркутчубуз. Азыл албетте, бизде башкача мамиле: биз АИВ менен жашоого болот жана ал тургай эгерде терапияны кабыл ала турган болсоң, дени соо үй-бүлөлүү дагы боло аласың”. Руслан бүтүндөй өз өмүрү сыяктуу эле өз иши менен алектенет жана адамдар өз саламаттыгына көбүрөөк көңүл бурса болот эле деп эсептейт.

Азыр биз өзүбүз үчүн кам көрө турган мезгилде жашап жатабыз. Эгерде жашагың келсе, дарылан. Бардыгы сенин колуңда, сен өзүң чечишиң керек. Бирок, албетте, эгер сен эмненидир түшүнбөсөң, эң башкысы -сура, биз түшүндүрүп беребиз. Адистер жардам беришет”.

“Мен ошондой эле аларда АИВ бар экендигин эми эле билген адамдарга кимден жана кантип деп аныктаганга аракет кылууга убакытты коротпоого кеңеш берер элем. Мунун пайдасы жок. Келечек үчүн гана тынчсыздануу керек. Өткөн эми жардам бербейт. Уюмду, адисти табуу керек, алар сага жардам беришет. Эч кыйынчылык жок, жөн эле дарыланыш керек”, -дейт, “кадимки адамдай” жашоого бел байлаган  Руслан.

Мага менин ишим абдан жагат. Мен ар кандай адамдар менен жолугушууну, алардын көз караштарын билүүнү жакшы көрөм”, - дейт Руслан. “Керегим барында, мен иштей берем”. Русландын “жөн эле жашоодон” башка келечекке башка конкреттүү планы жок. Ал жолбун итти сылаш үчүн эңкейди жана күчүк менен кошо энтузиазм менен күзгү жалбырактар каптаган аллея менен чуркап жөнөдү. Анын оптимизми жана туруктуу энергиясы  анын жаш курагы же илдети тууралуу эч нерсесин билгизбейт жана өзүнүн АИВ -статусун татаал кабыл алып жаткандардын көпчүлүгүнө үмүт берет.

*Аты өзгөртүлдү.