Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү: Кыргызстан ВИЧ эпидемиясын токтотууга багытталган кадамдарды жасоодо

2025-ж., 1-December
Lab technician in blue PPE holds yellow-capped bottles near a lab incubator.

1-декабрда дүйнө Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн «Кыйынчылыктардан өзгөрүүлөргө: ВИЧке жооп берүүдө» деген глобалдык ураандын алдында белгилейт. Бул ураан саясий лидерликтин туруктуулугун, эл аралык кызматташууну жана адам укуктарына негизделген мамилелерди баса белгилеп, СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин токтотууну көздөйт.

Кыргызстан ВИЧке каршы күрөштө ишенимдүү кадамдарды жасоодо: тестирлөөнүн көлөмүн кеңейтүүдө, заманбап дарыларды киргизүүдө жана адамдарга жашоого мүмкүнчүлүк берген колдоо системасын түзүүдө.

2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда расмий түрдө 15 183 ВИЧ учурлары катталган, алардын ичинен 14 285и өлкөнүн жарандары. 2025-жылы эле 800дөн ашык жаңы учур аныкталган. Бул сандар артында адам тагдырлары турат. ВИЧ менен жашаган адамдар коркуу, оорунун өзү, стигма жана кээде жумушун, үй-бүлөсүн, жашоодогу тирегин жоготуу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болушат.

Бирок БУУӨП менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин стратегиялык өнөктөштүгү натыйжаларды берүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги БУУӨПтүн колдоосу менен системалуу чечимдерди ишке ашырууда: ВИЧке тестирлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ВИЧ инфекциясын дарылоо үчүн заманбап дарылар менен камсыз кылуу, психологиялык жана социалдык колдоо тармагын түзүү. Бул жөн гана оорунун алдын алуу эмес — бул ар бир адамдын дискриминациясыз жашоого болгон укугу үчүн күрөш.

Бүгүн Кыргызстанда заманбап антиретровирустук дарылар жеткиликтүү, анын ичинде TLD деген бир таблетка менен күн сайын кабыл алынуучу айкалышкан терапия — дээрлик терс таасирсиз. Бул кадимки жашоого мүмкүнчүлүк. Бирок бул мүмкүнчүлүк адам күн сайын терапияны кабыл алганда гана иштейт. Муну ишке ашыруу үчүн диагноздон баштап психологиялык жардамга чейин колдоо системасы керек.

«Биздин ролубуз — мыкты билимди, потенциалды алып келүү жана эл аралык аянтчаларга, каржылык чечимдерге жеткиликтүүлүктү ачуу. Глобалдык фонддун грантын ишке ашыруу дары-дармектерди, жабдууларды жана кызматтарды системалуу камсыз кылуу кандайча реалдуу натыйжаларды берерин көрсөттү, эч кимди артта калтырбай. ВИЧ-позитивдүү адамдарды дарылоо менен камтуу 80%га жетти. Миңдеген адамдар, анын ичинде аялуу топтордун өкүлдөрү, жашоо үчүн маанилүү кызматтарга жана эрте диагностикага жеткиликтүүлүк алышты», — деп баса белгилейт БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев кошумчалайт: «БУУӨП менен кызматташуу эпидемиологиялык системаны бекемдөөгө, тестирлөөнүн көлөмүн кеңейтүүгө жана антиретровирустук дарыларды туруктуу жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Бүгүн биз колдоо тармагын өнүктүрүүнү улантып жатабыз — баштапкы диагностикадан бейтапты коштоп жүрүүгө чейин. Дал ушундай ыкма реалдуу натыйжа берет».

СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин токтотуу максатына жетүү жолундагы башка биргелешкен натыйжалардын катарында — аялуу топтордон 45 000 адам профилактикалык иш-чаралар менен камтылды, 480 медициналык кызматкер ВИЧти эрте аныктоо жана дарылоо боюнча окутуудан өттү, бул өзгөчө аялдар жана негизги калк топтору үчүн медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү жакшыртты, 29 коомдук коргоочу ВИЧ менен жашаган адамдарга, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына медициналык жардамга жетүүдө тоскоолдуктарды жеңүүгө, стигма жана дискриминация менен күрөшүүгө, коомчулуктун жана медициналык адистердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жардам берүүдө.

Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү эске салат: ВИЧ эпидемиясы — бул жөн гана медициналык көйгөй эмес. Бул коомго чакырык. Бул колдоого жөндөмдүүлүктү текшерүү. Бул күнү БУУӨП дагы бир жолу билдирет: ар бир өмүр маанилүү, ар бир коом өз ролун ойнойт.