Ден соолук үчүн өнөктөштүк: Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматын өнүктүрүүдөгү эл аралык кызматташтыктын ролу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору (Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматы). Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматынын 100 жылдык мааракесине карата. Бул жылы Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматы өзүнүн 100 жылдык мааракесин — өлкө жарандарынын ден соолугун коргоо багытындагы кылымдык тынымсыз эмгегин белгилеп жатат. Акыркы он жылдыкта өлкө аймактагы эң таасирдүү эпидемиологиялык бурулуштардын бирин жасай алды: кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу түрдө азайып, өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөдү, ал эми дары-дармекке туруктуу формасы бар бейтаптарды дарылоо менен камтуу 63%дан 93%га чейин өстү. Бул натыйжалар улуттук кургак учукка каршы кызматтын жана анын эл аралык өнөктөштөрү — БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун биргелешкен, ырааттуу ишинин аркасында мүмкүн болду.

2026-ж., 6-July
Photo of a radiology technician in a white coat and hairnet reviewing X-ray images on dual monitors.

Өнөктөштүктүн башталышы: 2003–2011-жылдар 

Кыргыз Республикасы көп жылдар бою Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европа чөлкөмүндө көптөгөн дары-дармектерге туруктуу кургак учуктун (МЛУ-ТБ) жүгү эң оор болгон өлкөлөрдүн бири болуп келген. Кургак учук жөн гана медициналык маселе эмес, ал жакырчылык, ички миграция жана социалдык туруксуздук менен тыгыз чырмалышып, саламаттыкты сактоо тутумуна эбегейсиз салмак салып келген. 

2003-жылы өлкөгө (АИВ) адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун программалары кирген. Бул өнөктөштүк дары-дармектерди сатып алуу жана эл аралык дарылоо стандарттарын киргизүү үчүн ири каржылоону камсыз кылды. 2011-жылы Өлкөлүк координациялык комитеттин суроо-талабы боюнча БУУӨП Глобалдык фонддун гранттарынын Негизги реципиентинин ролун өзүнө алган. Мына ушул учурдан тарта өлкөнүн бүтүндөй кургак учукка каршы кызматын системалуу түрдө чыңдоого жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдөн туруктуу өнүгүүгө өтүүгө багытталган жаңы этап башталган. 

Түптөлгөн пайдубал: дарылоого жеткиликтүүлүк жана лабораториялык тармак (2011–2019-жылдар) 

БУУӨПтүн жетекчилиги астындагы алгачкы жылдардагы башкы чакырык дары-дармектердин реалдуу тартыштыгы болгон. 2011-жылга карата кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооруган 806 бейтаптын 505и гана дарыланып, калгандары кезекте турушкан. БУУӨП гранттык каражаттарды тез арада кайра бөлүштүрүп, кошумча 300 терапия курсун сатып алган. Ал эми 2012-жылдын аягынан баштап өлкө ДСУ тарабынан сунушталган кургак учукка каршы бардык дары-дармектерге үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүк алды. 2019-жылга чейин МЛУ-ТБ менен ооруган бейтаптарды дарылоо менен камтуу 93%га жетти. 

МЛУ-ТБны дарылоо менен камтуу: 2011-жылы 63% → 2019-жылы 93% 

Ушул эле учурда лабораториялык инфраструктураны ири масштабдуу модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. 2016-жылдан 2024-жылга чейин өлкөгө 27 GeneXpert аппараты алынып келинип, ишке киргизилди. Алар дарыга туруктуулукту аныктоо убактысын бир нече айдан бир нече саатка чейин кыскартты. Тез диагностикалоо ыкмалары менен камтуу 2018-жылдагы 30%дан 2025-жылга чейин 95%га өстү. Бардык кургак учукка каршы стационарлар заманбап инфекциялык көзөмөл каражаттары менен жабдылды. 

Бул мезгилде дарылоо режимин сактоону көзөмөлдөгөн баштапкы деңгээлдеги медицина кызматкерлерин финансылык жактан кызыктыруу (мотивациялоо) механизмдери киргизилди. Кургак учукка каршы кызматтарды АИВ боюнча программалар менен интеграциялоо башталды. Натыйжада: 2015-жылдан баштап кургак учуктан каза болгондордун саны туруктуу төмөндөп, ал эми жаңы катталган учурлардын көрсөткүчү 2017–2019-жылдар аралыгында гана 100 миң калкка 88,5тен 77,2ге чейин азайды. 

Жаңы дары-дармектер жана бейтапка багытталган мамиле 

Дарылоого жеткиликтүүлүк кеңейгенине карабастан, кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн айыктыруу көрсөткүчү 52% деңгээлинде калып, ал эми дарыга кеңири туруктуулугу бар (ШЛУ-ТБ) учурларда 20%га да жеткен эмес. Ийгиликсиздиктин негизги себептери: дарылоонун узактыгы (24 ай), ийне сайылуучу дарылардын терс таасирлери жана натыйжада бейтаптардын терапияны үзгүлтүккө учуратуусунун жогорку пайызы эле. 

2017-жылы БУУӨПтүн сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында Кыргызстанга жаңы жана башка максатта кайра профилдештирилген дарылар — бедаквилин жана деламанид келди. Бул 24 айдын ордуна 9-12 айга созулган кыска мөөнөттүү дарылоо режимдерин, өзгөчө балдар үчүн маанилүү болгон ийнесиз ШЛУ-ТБ менен ооруган бейтаптар үчүн жекече дарылоо ыкмаларын киргизүүгө шарт түздү. 2019-жылга карата РУ/МЛУ-ТБ менен ооруган бардык бейтаптардын 50%ы жаңы дары-дармектер менен дарылана баштаган.  

Тарых барактарынан: 27%дан 2%га чейин — кейс-менеджерлер бейтаптарды кантип куткарып калышты 

2018-жылга чейин Бишкекте ар бир төртүнчү бейтап (27%) алгачкы алты айда дарыланууну токтотуп койчу. Адамдар өздөрүн жакшы сезе баштаганда эле дары ичүүнү өз алдынча таштап коюшкан, натыйжада оору кыйла оор түрүндө кайра кайтып келген. 

2018-жылдын августунда БУУӨП жана Глобалдык фонддун колдоосу менен Улуттук Кызыл Ай коомунун кейс-менеджерлер командасы ишке киришти. Алар бейтаптар үчүн чыныгы насаатчы жана жол көрсөтүүчү болуп калышты: дары-дармектерди үйүнө жеткирип берип, терс таасирлер менен күрөшүүгө көмөктөшүп, дарыгерлердин кеңешин уюштуруп, укуктук жана гуманитардык жардам көрсөтүп жатышты. Бул жердеги негизги жаңылык видео-көзөмөлдүү дарылоо (ВКЛ) болду: бейтаптар күн сайын WhatsApp аркылуу дары ичип жаткан кыска видеосун жөнөтүп турушту, бул клиникага күн сайын баруу зарылчылыгын жок кылды.  

Натыйжада: дарыланууну үзгүлтүккө учураткандардын үлүшү 27%дан 2-3%га чейин төмөндөдү. Бишкек шаарында дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун ийгиликтүүлүгү 46%дан 79%дан ашык көрсөткүчкө чейин өстү. 

Туруктуулукту сыноо: COVID-19 пандемиясы (2020–2021-жылдар) 

COVID-19 пандемиясы көп жылдык эмгектин натыйжаларын коркунучка кептеди. 2020-жылы кургак учуктун аныкталган учурларынын саны дээрлик үчтөн бирге азайган: жабык мекемелер, ашыкча жүктөлгөн медициналык кызматкерлер жана калктын дарыгерге баруудан коркуусу инфекциянын жашыруун жайылуу коркунучун жаратты. 

Буга жооп катары буга чейин белгилүү болгон курал — видео-көзөмөлдүү дарылоону тездетилген түрдө жайылтуу чарасы көрүлдү. Пандемияга чейин пилоттук долбоор болгон бул ыкма бир нече айдын ичинде бейтаптарды коштоонун негизги механизмине айланды. Ай сайын кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен ооруган 1000ге жакын бейтап аралыктан жардам алып жатты: дары-дармектерди үйгө контактысыз жеткирүү, аралыктан кеңеш берүү жана психосоциалдык колдоо көрсөтүлдү. 

БУУӨП жана Глобалдык фонд шашылыш каржылоону мобилизациялады: өлкөгө коргонуу каражаттары, реагенттер, ИВЛ аппараттары жана кычкылтек жабдуулары келди. Иштеп жаткан GeneXpert аппараттары COVID-19 диагностикасына ылайыкташтырылып, бул пандемия күчөгөн мезгилде тесттен өткөрүүнү кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. 2021-жылы кургак учукка каршы кызмат компьютердик томограф алды, бир катар мекемелерде медициналык кычкылтек өндүрүү станциялары курулд. 

Бул кризис тутумдун жашыруун күчүн ачып берди: топтолгон ийкемдүүлүк, санариптик куралдар жана медицина кызматкерлери менен бейтаптардын ортосундагы ишеним глобалдык кырсык шарттарында да кургак учукка каршы кызматтарды сактап калууга шарт түздү. Кризиске каршы көрүлгөн чаралардын көбү — ВКЛ, аралыктан коштоо, күчөтүлгөн амбулатордук моделдер — кийинчерээк туруктуу практиканын бир бөлүгү болуп калды. 

Санариптик трансформация жана коомчулуктар менен иштөө (2022–2026-жылдар) 

Пандемиядан кийин өнөктөштүк технологиялык инновацияларды бейтаптардын социалдык муктаждыктарына терең көңүл буруу менен айкалыштырып, жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Бул жердеги негизги бурулуш — инфекция менен күрөшүүнүн вертикалдык моделинен баш тартып, адамдын өзүн, анын жашоо шартын, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн борборго койгон ыкмага өтүү болду. 

Диагностикадагы жасалма интеллект 

Облустук кургак учукка каршы борборлор үчүн жасалма интеллект системасы бар көчмө санариптик рентген аппараттары (СПРА с ИИ) сатып алынды. Программалык камсыздоо рентген сүрөттөрүн бир нече мүнөттүн ичинде талдап, өпкөдөгү патологиялык өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө аныктайт жана кургак учуктун ыктымалдуулугун баалайт. Бул алыскы райондордогу рентгенолог дарыгерлердин жетишсиздигинин курч көйгөйүн жарым-жартылай чечти.  

Аппараттардын мобилдүүлүгү скринингдин жаңы форматтарын ачты: текшерүүлөр мектептерде, медреселерде, жергиликтүү администрациялардын имараттарында, ал тургай музейде өткөрүлдү. Ыкчам диагностика ыкмалары менен камтуу 2025-жылга чейин 95%га жетти. Санариптештирүү эффективдүүлүктүн куралы гана эмес, медициналык жардамга жетүүдөгү аймактык жана социалдык теңсиздикти кыскартуунун жолу болуп калды. 

Шелтерлер (баш калкалоочу жайлар) жана социалдык колдоо: турак жай — айыгуунун шарты болгондо 

Көптөгөн бейтаптар үчүн айыгууга карай жолдогу негизги тоскоолдук оорунун өзү эмес, жашоо шарттары: турак жайынын жоктугу, үй-бүлөсү менен байланыштын үзүлүшү, жумушсуздук болуп саналат. 2021-жылы БУУӨП жана Глобалдык фонддун колдоосу менен Бишкекте шелтер («Ганеша» КФ), ал эми 2022-жылы Ош шаарында («Плюс Центр» КФ) ачылган. Бул жөн эле баш калкалоочу жай эмес: бул жерде бейтаптар үч маал ысык тамак, медициналык көзөмөл жана психологиялык колдоо алышат, ошондой эле документтерин калыбына келтирүүгө, социалдык жөлөк пулдарды алууга жана үй-бүлөсү менен кайра табышууга көмөк көрсөтүлөт. Социалдык кызматкерлер жана юристтер коомго кайтып келүүнүн жеке планын түзүүгө жардам беришет. 

Тарых барактарынан: миңдеген чакырым алыстыктагы дарылоо 

Ош облусунан барган эмгек мигранттары өзгөчө тобокелдик тобун түзөт. Алар өздөрүн жакшы сезе баштаганда эле, көп айлык терапия курсун аягына чыгарбай, Орусияга жумушка кетип калышчу. БУУӨП/ГФ долбоорунун суб-реципиенти болгон «Плюс Центр» бейөкмөт уюму өзгөчө чечим тапты: Кыргызстандагы бейтаптардын жакындары ай сайын дары-дармектерди алып, чет өлкөгө жөнөтүп турушту, ал эми бейөкмөт уюмдун кызматкерлери дары ичүүнү көзөмөлдөө үчүн күн сайын бейтап менен видеобайланышка чыгып турушту. 

Натыйжада, дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган 18 жаштан 40 жашка чейинки сегиз бейтап үйдөн миңдеген чакырым алыстыкта жүрүп, дарыланууну толугу менен ийгиликтүү аякташты. 

Жыйынтыктар жана келечектин пландары 

2011-жылы дары-дармектердин тартыштыгын алдын алуу боюнча кризиске каршы чара катары башталган иш-аракеттер 2026-жылга карата кургак учукту көзөмөлдөөнүн туруктуу, жогорку технологиялык жана терең гуманитардык тутумун түзүүгө өсүп жетти. Глобалдык фонддун 2024–2026-жылдарга каралган учурдагы гранты 27,8 миллион АКШ долларын түзөт; ал алдыңкы дары-дармектерди сатып алууга, экспресс-диагностиканы кеңейтүүгө жана алдын алуу программаларын колдоого багытталган. Муну менен катар, түзүлгөн инфраструктура жана ыкмалар эл аралык каржылоого көз карандысыз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык негизги функцияларды бара-бара мамлекеттик башкарууга өткөрүп берүү иши жүрүп жатат. 

Өлкөнүн глобалдык максаты — БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык, 2030-жылга чейин кургак учук эпидемиясын толугу менен жоюу болуп саналат. Акыркы он беш жылдыктын тажрыйбасы көрсөткөндөй: инфекция менен күрөшүүдө кылымдык тажрыйбасы бар улуттук кызмат каржылоону, технологияларды жана башкаруучулук экспертизаны алып келе алган эл аралык өнөктөштөр менен күчүн бириктиргенде гана туруктуу натыйжаларга жетүүгө болот. Дүйнөдөгү мына ушул кызматташтык модели бүгүн Кыргызстанды кургак учуксуз келечекке ишенимдүү алып барууда.