Ноокат, 2026-жылдын 19-май күнү — Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктап, объект толук кандуу ишке киргизүүгө даяр экендиги тастыкталды. Бүгүн станциянын расмий презентациясы өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү катышты.
Ноокаттагы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тестирлөөсү ийгиликтүү аяктап пайдаланууга толук даяр
2026-ж., 19-May
Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, каржылоо Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна (АИВ), кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан камсыздалды. Долбоор COVID-19 пандемиясы маалында өлкөнүн саламаттык сактоо системасында пайда болгон олуттуу көйгөйлөргө жооп иретинде жүзөгө ашырылды. Пандемия учурунда медициналык кычкылтекке болгон суроо-талап кескин өсүп, айрыкча алыскы аймактардагы ооруканалар үчүн анын жетишсиздиги эң орчундуу маселелердин бири болуп калган.
Ноокат району 330 миңден ашуун калкы жана 605 стационардык орунга ылайыкталган саламаттык сактоо мекемелери менен өлкөнүн түштүк аймагындагы эң ири райондордун бири болуп саналат. Буга чейин райондук оорукана медициналык кычкылтекти сырттан жеткирүүлөр аркылуу гана алып келген. Жаңы станциянын ишке берилиши менен кычкылтек түздөн-түз оорукана аймагында өндүрүлүп, медициналык мекемелердин тышкы жеткирүүлөргө болгон көз карандылыгы кыйла азайтылат. Станция суткасына болжол менен 100-150 баллон сертификатталган медициналык кычкылтек өндүрүүгө жөндөмдүү. Бул көлөм Ноокат райондук ооруканасынын муктаждыгын гана камсыздабастан, коңшу үч-төрт райондогу медициналык мекемелерди да кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоор олуттуу экономикалык натыйжа да берет. Мурда медициналык кычкылтекти сатып алууга жылына орто эсеп менен 32 миллион сом сарпталса, жаңы станция ишке киргенден кийин бул чыгым болжол менен 3,7 миллион сомго чейин кыскарат. Бул дээрлик он эселик үнөмдү камсыздайт.
“Бул станция Ноокат району үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Ал аймактык саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун бекемдөөгө багытталган маанилүү инфраструктуралык объект болуп саналат. Эми оорукана бейтаптарды жашоо үчүн зарыл болгон медициналык кычкылтек менен өз убагында камсыздай алат жана тышкы жеткирүүлөргө көз карандылык кыйла төмөндөйт. Ошондой эле жаңы станциянын коңшу райондорго да кызмат көрсөтө ала тургандыгы — өлкөнүн түштүк аймагындагы калктын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”,— деди Ноокат аймактык ооруканасынын директору, Азимбаев Кубатали
“COVID-19 пандемиясы медициналык кычкылтекке үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүк адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ экенин дагы бир жолу көрсөттү. Бүгүн биз жөн гана жаңы техникалык жабдууну эмес, саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун күчөтүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимди көрүп жатабыз. Бул станция жергиликтүү деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу менен катар, оорукандардын тышкы жеткирүүлөргө болгон көз карандылыгын азайтып, келечектеги өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын арттырат. Станция Ноокат районуна гана эмес, коңшу райондорго да кызмат көрсөтө тургандыгы миңдеген адамдар үчүн өмүр сактоочу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат”,— деди Патрик Хаверман, БУУӨП Туруктуу өкүлүнүн орун басары.
Германияда чыгарылган жана чогултулган заманбап жабдуулар атмосфералык абадан кычкылтекти бөлүп алып, аны жогорку басым алдында сертификатталган медициналык баллондорго толтурат. Станциянын өндүрүмдүүлүгү суткасына болжол менен 1 200 куб метрди түзөт. Жабдуунун пайдалануу мөөнөтү кеминде 10 жылга эсептелген. Медициналык кычкылтектин бир баллонунун өздүк наркы болжол менен 100 сомду түзсө, буга чейин сертификатталбаган жеткирүүчүлөрдөн сатып алынган кычкылтектин баасы орто эсеп менен 250 сом болгон.
Оорукананын адистеринин маалыматына ылайык, учурда кычкылтек берүүчү чекиттер дээрлик бардык палаталарга жана кабыл алуу бөлүмүнө орнотулган. Бул оор абалдагы бейтаптарды өз убагында турукташтырууга шарт түзөт. Дарыгерлердин айтымында, интенсивдүү кычкылтек терапиясынын жардамы менен бейтаптын абалын 2–3 күндүн ичинде турукташтырууга болот, ал эми толук дарылоо курсу орто эсеп менен 12 күндү түзөт. Өткөн жылы Ноокат районунда 2 500дөн ашуун бала пневмония диагнозу менен катталган жана алардын дээрлик бардыгы медициналык кычкылтекке муктаж болгон. Жаңы станциянын ишке кириши менен оорукана мындай муктаждыктарды толук көлөмдө камсыздоого даяр.
Станция мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилет. Анын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында оорукана жетекчилиги, райондук жана облустук администрациялар менен биргеликте атайын эксплуатациялык жана техникалык колдоо планы иштелип чыгат.
Суроолор боюнча: Айнагул Абдрахманова, Коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси, +996 770 183 493 ainagul.abdrakhmanova@undp.org