Ноокатта медициналык кычкылтек чыгаруучу станция кантип ишке кирди

2025-ж., 20-August
Nurse in pink scrubs checks blood pressure on a patient wearing a headscarf in a clinic.

Медайым бейтаптын кан басымын өлчөйт

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Асил Досбекова, өнөкөт бронхит менен ооруган бейтап, буга чейин жаңы ыкманы сынап көргөн жана салыштырууга мүмкүнчүлүгү бар деп, ал байкоолору менен   бөлүшүүгө шашууда:

— Мурун демим кысылып, тамагым тыгылып, какырык көп болчу. Кычкылтек алгандан кийин дем алуу жеңилдей баштады, жөтөлүм аз болду. Бул жашоонун башка сапаты.

Дүйнө 2020-жылдын башында COVID—19 пандемиясына туш болгондо, Кыргызстанда эч ким — дарыгерлер да, саламаттыкты сактоо боюнча эксперттер да, жөнөкөй жарандар да- эң тартыш нерсе кычкылтек болорун элестете алышкан эмес.

Пандемиянын ортосунда саламаттыкты сактоо системасы керебеттердин жана дарыгерлердин жетишсиздигинен гана эмес, медициналык кычкылтек өндүрүү үчүн өзүнүн инфраструктурасынын жоктугунан да аялуу экени айкын болду.

Patient with a white headscarf sits up in a hospital room, connected to an IV drip, window on left.

Асил Досбекова, өнөкөт бронхит менен ооруган бейтап

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Өзгөчө кырдаал реакциясы

АИВ жана КУ боюнча Координатор, БУУӨП / Глобалдык фонд долбоорунун жетекчисинин орун басары Инга Бабичева мындай деп эскерет:

— Биз тез аракет кылуу керектигин түшүндүк. Активисттер, эксперттер жана саламаттыкты сактоо министрлиги Глобалдык фондго кайрылып, учурдагы гранттын каражаттарынын бир бөлүгүн COVID-19га каршы чукул чараларга бөлүштүрүүгө уруксат берүүнү өтүнүштү.

Глобалдык фонд ыкчам жооп кайтарып, 1 миллион 200 миң долларга жакын каражат бөлгөн. БУУӨПтүн эл аралык сатып алуу механизми аркылуу Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттары, дезинфектанттар жана — өзгөчө маанилүү болгон — жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) тез арада жеткирилди. Алардан 10 гана  болгон, бирок алар Кургак учук кызматы жана Улуттук госпиталды кошо алганда, COVID-19 бейтаптарын биринчи кабыл алган мекемелерде адамдардын өмүрүн сактап калышкан.

Кийинчерээк Глобалдык фонд дагы бир каржылоо пакетин — 6,6 миллион доллар бөлүп берди. Бул каражатка тесттер, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоочу заттар сатып алынып, ковид ооруканалары ремонт болду. Ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына компьютердик томограф орнотулду — ал учурда өлкөдөгү экинчи аппарат эле. Андан кийин дагы бир томограф Улуттук фтизиатрия борбору үчүн сатып алынды.

Ал эми үнөмдөлгөн каражатка өлкөнүн түштүгүндөгү эң калктуу райондордун биринде кычкылтек маселесин өзгөрткөн долбоорду ишке ашырууну чечишти.

Person at a white desk, blue top, writing in a notebook with laptop and papers.

Инга Бабичева, АИВ жана КУ боюнча Координатор, БУУӨП / Глобалдык фонд долбоорунун жетекчисинин орун басары

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Эмне үчүн Ноокат?

Ноокатка кислород кичи заводун орнотуу чечими логистикадан улам келип чыккан: бул жерден 3-4 жакын жайгашкан райондук ооруканаларды кычкылтек менен камсыз кылуу ыңгайлуу. Шаарларда медициналык жардамга жетүү жогору, ал эми чет жакаларында — баары кыйла татаалыраак.

Ноокат районунун аймактык ооруканасынын директору Кубатали Азимбаев мындай дейт:

— Бизде 330 миңден ашуун калк жана 605 оорукана керебет бар, бардык бейтаптардын дээрлик жарымы кычкылтекке муктаж. Мурда биз чет өлкөдөн келген кычкылтекке көз каранды болсок, эми өзүбүздү жана коңшу аймактарды кычкылтек менен камсыздай алабыз.

Станция сертификатталган медициналык кычкылтекти өндүрөт, пандемия маалында айласыздан техникалык кычкылтек колдонулган. Айырма өтө маанилүү: техникалык кычкылтек дем алуу үчүн арналган эмес жана бейтаптар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Ташуу үчүн кычкылтек баллондору жана атайын машина сатып алынган. Райондун тургундары станциянын орнотулушун байкап, анын кооптуу эместигин сурашып, адистерден түшүндүрмө алышты: жабдуулар толугу менен эл аралык стандарттарга жооп берет.

Group of people in white lab coats standing outdoors beside a chain-link fence.

Ноокат ооруканасынын дарыгерлери кычкылтек баллондорун кантип колдонуу керектиги боюнча тренинг учурунда

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Станция кантип иштейт

Долбоордун техникалык адиси Дмитрий Макаров айтып берди:

— Станция абадан кычкылтекти чыгарып, басым астында сертификатталган цилиндрлерге айдайт. Анын өндүрүмдүүлүгү — суткасына болжол менен 200 баллон толтурулат, ар бири 6 куб метрден. Бул күнүнө болжол менен 1200 куб метр кычкылтек дегенди билдирет.

Оор абалдагы бейтапка бир баллон 30–40 мүнөт гана жетет, ал эми жеңил абалдагы бейтапка бир нече саатка жетиши мүмкүн. Баллондор ооруканага муктаждыгына жараша таратылат, жеткирүү атайын унаа аркылуу жүргүзүлөт.

Станция Германияда чогултулган, айрым өзгөртүүлөр Түркияда жасалган. Контейнердин форматы аны дээрлик каалаган ылайыктуу жерде жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Иштөө мөөнөтү — олуттуу бузулууларсыз 10 жыл, жыл сайын эки жумалык техникалык тейлөө жүргүзүлөт. Негизги элементтерди алмаштыргандан кийин дагы ошончо убакыт иштей алат.

Бул жерде бир баллондун өздүк наркы — болжол менен 100 сом, ал эми сертификатталбаган станцияларда — 250 сом чамасында. Башкача айтканда, чыгымдар 2,5 эсе аз.

Кычкылтек станциясын орнотуу долбоорунун демилгечиси Саммитдин Марипов баса белгилеп:

— Өткөн жылы райондо 2,5 миңдей бала өпкө сезгенүүсү (пневмония) менен ооруп, алардын бардыгына кычкылтек керек болду. Станциянын аркасында биз аларды дарылоо менен татаалдашуунун алдын ала алдык. Мурда оорукана жылына кычкылтекке  32 миллион сом сарптаса, ал эми чыгымдар 3,7 миллион сомго түшүүдө. Бул дээрлик он эсе үнөмдөөнү билдирет.

Реанимация бөлүмү толук иштеген учурда да Ноокат ооруканасы чоңдордун жана балдардын дарылануу муктаждыктарын толугу менен камсыздай алат.

Man in a white shirt holds a red folder while inspecting large industrial tanks.

Дмитрий Макаров, долбоордун техникалык адиси

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Бул бейтаптарга жана дарыгерлерге кандай таасир этет

Дарыгер Ирсалат Имарова мындай кошумча кылат:

— 2020-жылга чейин абдан оор болчу. Азыр кычкылтек берүүчү чекиттер дээрлик ар бир палатада, ал тургай кабыл алуу бөлүмүндө да бар. Биз оор абалдагы бейтапты 2–3 күндө турукташтыра алабыз, ал эми 12 күндө эч кандай кыйынчылыксыз айыктыра алабыз.

Бейтап Рахимжан Таджибаев мындай деп эскерет:

— Мен көгөрүп, араң дем алып келгем. Кычкылтекке кошушту — бир нече мүнөт өтпөй эле жеңилдеп калдым.

Андан ары эмне болот…

Станция мамлекеттин балансына өткөрүлөт. Анын туруктуу иштеши үчүн план иштелип чыгат, анын ишке ашырылышына оорукананын өзү, райондук жана облустук администрациялар катышат.

Инга Бабичеванын айтымында, бул долбоор өлкөнүн кычкылтек инфраструктурасын кайрадан карап чыгып, модернизациялоону талап кыларын көрсөттү. Улуттук стандарттар, муктаждыктардын баалоосу жана ички жана тышкы инвестициялар зарыл.

— Бул станциянын орнотулушу — болгону башталышы гана, — дейт ал. — Ар бир жаран, жашаган жерине карабай, өмүрдү сактап калуучу кычкылтекке жеткиликтүү болушу керек.