Кыргыз Республикасынын социалдык биримдик чөйрөсүндөгү улуттук программаларын жана стратегияларын ишке ашырууда комплекстүү мамилени бекемдөөгө колдоо көрсөтүү

2023-ж., 29-September
Group picture of participants

Group picture of the participants. Osh city, Kyrgyzstan

UNDP Kyrgyzstan

Бишкек, 2023-жылдын 29-сентябры – Кыргызстандагы БУУӨП Кыргыз Республикасынын коомдук биримдикти чыңдоого багытталган айрым улуттук программаларын жана стратегияларын оптималдаштырууга жана инвентаризациялоого көмөк көрсөтүүдө. Бул максатта 18-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бишкек менен Ош шаарларында мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары ортосундагы жалпы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Консультацияларга катышкан органдар:

•  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

•  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

•  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

•  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

•  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги

•  Жаштар комитеттери, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, активисттер, конфессиялар аралык кеңештер, коомдук алдын алуу борборлору жана ушул сыяктуу коомдук бирикмелер

•  Аламүдүн жана Сокулук райондорунун, Токмок, Кара-Балта, Балыкчы, Талас, Ош, Өзгөн, Ноокат, Кызыл-Кыя, Баткен, Айдаркен, Раззаков, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Кадамжай шаарларынын, Кочкор жана Сузак айыл аймактарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары

•  Аламүдүн жана Сокулук райондорунун мамлекеттик администрациялары

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында социалдык биримдикти чыңдоого багытталган “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы”, “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, «2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясы», «БУУнун 1325-резолюциясы боюнча иш-аракеттердин улуттук планы» (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук) сыяктуу бир катар маанилүү стратегиялык документтер кабыл алынган. Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасында экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан стратегиялык документтерди оптимизациялоо максатында аларды ишке ашыруунун, мониторинг жана отчеттуулуктун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жарандык коомдук уюмдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү үчүн кайра кайталанып калууну болтурбоо жолдору караштырылып, мындан аркы иш-чаралардын планы иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкери Замир Турсунбеков: “Консультативдик жолугушуулар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жарандык коом уюмдарынын аракеттерин, потенциалын жана ресурстарын консолидациялоо аркылуу жогоруда аталган стратегиялык документтерди ишке ашырууда комплекстүү мамилени камсыз кылууга жана коомдук биримдикти чыңдоодо олуттуу натыйжаларга жетүүгө багытталган”.

Белгилей кетсек, консультативдик жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыгындагы кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын өзүнчө кабыл алынган улуттук программаларды жана стратегияларды оптималдаштыруу жана инвентаризациялоо жөнүндө” Протоколунда түзүлгөн ведомстволор аралык топ, көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу эксперттери тарабынан өткөрүлдү.

Cүрөттөргө шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjAWrTX жана https://flic.kr/s/aHBqjAVWXY 

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan   же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org