«Алатай» жаратылыш паркындагы тазалык акциясы

2019-ж., 25-September

Токтогул шаарынын ыктыярчылары жана "Алатай" жаратылыш паркынын егерлери

21-сентябрь – Эл аралык тазалык күнү. Бул окуянын алкагында, ПРООН Кара-Суу көлүнө сапар уюштурду, ал Токтогул районунда «Алатай» жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан. Токтогул шаарындагы ыктыярчылар жана «Алатай» егерлери менен бирге ПРООН бул уникалдуу бийик тоодогу көлдүн жээгинде тазалык акциясын өткөрдү.

Болгону эки сааттын ичинде 120 дан ашык кап таштанды чогултулду. Негизинен, бул пластик жана айнек бөтөлкөлөр, газ баллончиктер, ошондой эле жана жаратылышта эс алууга тиешелүү башка буюмдар. Көл «Бишкек-Ош» трассасынан үч сааттык жолдо жайгашкан жана жол абдан татаал. Ошондуктан таштандыларды чыгаруу үчүн машиналар ал жакка бара элек болчу. Мындан тышкары, жергиликтүү егерлерге жаратылышты коргоо боюнча негизги жумушунан башка, эс алуучулардын артынан тазалап жыйноого да туура келет.  

«Алатай» паркынын аянтында экотуризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар жана бул багытта ПРООН/ГЭФтин долбоору туристтик инфраструктураны түзүү, туристтик каттамдарды иштеп чыгуу жана экотуризмдин жаңы багыттарын, мисалы, бердвотчингди жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

«Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктары 2016-жылы түзүлгөн. Бул өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары, алар биринчи кезекте кызыл китепке кирген фауна жана флоранын түрлөрүнүн, анын ичинде ак илбирс, ак тырмактуу аюу, Семенов карагайы, суусамыр дабыркайчылдар жашаган жана көбөйгөн жерлери менен белгилүү. 

БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биотүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.