Кыргызстан калдыктар жана өнөр жай чыгаруулары боюнча улуттук климаттык отчеттоо системасын бекемдөөдө

Бишкек, 2026-жылдын 11-майы — Кыргызстанда күн сайын миңдеген тонна таштанды чыгат. Анын бир бөлүгү полигондорго жөнөтүлөт, бир бөлүгү кайра иштетилет, дагы бир бөлүгү саркынды суу системалары аркылуу өтөт. Бул процесстердин баары айлана-чөйрөгө жана климатка таасир этет. Ошондуктан өлкө үчүн калдыктар жана өнөр жай чыгаруулары боюнча так маалыматка ээ болуу барган сайын маанилүү болуп жатат.

2026-ж., 11-May
Group photo of diverse professionals in business attire posing on a staircase.

11–13-май күндөрү Бишкекте «Калдыктар» секторунда парник газдарынын улуттук инвентаризациясын даярдоо боюнча практикалык семинар өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан БУУӨП жана Ачыктык потенциалын бекемдөө боюнча глобалдык колдоо программасынын (CBIT-GSP) колдоосу менен уюштурулууда. 14–15-майда өнөр жай процесстери жана продукцияларды пайдалануу сектору боюнча дагы бир семинар өткөрүлөт. 

Парник газдарынын инвентаризациясы — бул өлкөдө чыгаруулардын кайсы тармактарда жана кандай көлөмдө пайда болуп жатканын аныктоого жардам берген система. Мындай маалыматтар мамлекеттик саясатты туура пландоо, инфраструктураны жаңылоо жана климаттык каржылоону тартуу үчүн маанилүү. 

Айрыкча калдыктар секторунда бул маселе актуалдуу бойдон калууда. Шаарлар өсүп, таштандынын көлөмү көбөйгөн сайын полигондорго, саркынды суу тазалоо системаларына жана калдыктарды башкаруу инфраструктурасына түшкөн жүк да күчөйт. Бул өз кезегинде метан сыяктуу парник газдарынын көбөйүшүнө алып келет. Так маалыматтарсыз бул багытта натыйжалуу чечим кабыл алуу кыйын. 

"Биз үчүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын талаптарын өз убагында аткаруу гана эмес, натыйжалуу климаттык саясатты иштеп чыгууга негиз боло турган ишенимдүү, ачык жана илимий негизделген маалымат системасын түзүү да маанилүү", — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Экологиялык жана климаттык саясат башкы башкармалыгынын башчысы Бариева Айзада Жантаевна. 

 

“БУУӨП Кыргыз Республикасын жашыл экономиканы өнүктүрүүдө ырааттуу колдоп келет. Биз үчүн климаттык отчеттуулук, калдыктарды башкаруу жана жашыл экономика өзүнчө эмес, бири-бири менен байланышкан багыттар. Бул — туруктуу өсүштү камсыз кылуу, шаарларды таза кармоо жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселеси”, — деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.  

Семинарлар жергиликтүү бийлик органдары үчүн да маанилүү. Анткени калдыктар боюнча негизги маалыматтар дал ошол жергиликтүү деңгээлде чогултулат: канча таштанды чыгарылаары, алар кандай чогултулары жана кайда жеткирилери боюнча маалыматтар улуттук климаттык отчеттуулуктун негизин түзөт. 

Кыргыз Республикасы буга чейин биринчи Эки жылдык ачыктык докладын тапшырган. Учурда өлкө экинчи Эки жылдык ачыктык докладын жана Бешинчи улуттук билдирүүсүн даярдоодо. Бул документтер Париж макулдашуусунун алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткаруу менен катар, өлкөгө өзүнүн климаттык жана экономикалык саясатын жакшыраак пландоого жардам берет. 

Калдыктар сектору боюнча семинардан кийин көңүл өнөр жай тармагына бурулат. 14–15-май күндөрү адистер курулуш материалдарын өндүрүү, химиялык процесстер жана фторлуу газдарды пайдалануу менен байланышкан чыгаруулардын эсебин жүргүзүү маселелерин талкуулашат. Бул маалыматтар өнөр жайды заманбап жана экологиялык талаптарга ылайык өнүктүрүү үчүн маанилүү. 

БУУӨП ошондой эле CBIT-GSP программасы Борбор Азия өлкөлөрүнө климаттык отчеттуулук системаларын жакшыртууда, адистердин потенциалын күчөтүүдө жана мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны бекемдөөдө маанилүү колдоо көрсөтүп жатканын белгилейт. 

Мындан тышкары, Кыргызстан улуттук CBIT долбоорун ишке ашыруу үчүн Глобалдык экологиялык фондго өтүнмө берүүнү пландап жатат. Бул климаттык маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүүгө шарт түзөт. 

Эки семинар тең Кыргызстанда климаттык башкарууну күчөтүү боюнча кеңири иштин бир бөлүгү болуп саналат. Өлкө өзүнүн чыгаруулары тууралуу маалыматты канчалык так билсе, туруктуу өнүгүү боюнча чечимдерди ошончолук натыйжалуу кабыл ала алат.