Тоолор жана климат: БУУӨП аярлуулукту туруктуулукка айлантууга кантип көмөктөшүүдө

2026-ж., 24-April

Кыргызстандын тоолору жөнүндө сөз болгондо, адатта алардын кооздугу эске түшөт. Бирок Кыргызстан үчүн тоолор биринчи кезекте суу, азык-түлүк коопсуздугу, биологиялык ар түрдүүлүк, жергиликтүү жамааттардын жашоо каражаты жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулук болуп саналат. Дал ушул жерде климаттын өзгөрүшү, экосистемалардын бузулушу жана адамдардын жашоо сапатынын ортосундагы байланыш эң ачык жана эң курч көрүнөт.  

Ошондуктан Кыргызстан үчүн тоолор боюнча күн тартиби символикалык эмес — ал стратегиялык мааниге ээ. Бүгүн ал эл аралык деңгээлде дагы да күчтүү угулууда. 2026-жылдын 23-апрелинде Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында Кыргызстан “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: аярлуулукту туруктуу өнүгүүгө чейин” деген аталыштагы өлкөлүк сайд-ивент өткөрүүдө. Бул аталыштын өзү эле негизги чакырыкты так чагылдырат: тоолуу аймактарга тобокелдиктерди азайтууга, туруктуулукту бекемдөөгө жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам берген практикалык чечимдер керек.  

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы чечимдерге багытталган ыкма менен карайт. БУУӨПтүн Климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча аймактык техникалык адиси Наталья Олофинская белгилегендей, тоолуу аймактардагы климаттык тобокелдиктер, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана жердин деградациясы барган сайын бири-бири менен тыгыз байланышып, курч маселеге айланууда. Бул чакырыктарга жооп интеграцияланган болушу керек — тоолуу жамааттардын туруктуулугун бекемдөө, экосистемаларды жана жашоо булактарын коргоо, ошондой эле суу, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун күчөтүү. 

Глобалдык деңгээлде БУУӨП өлкөлөргө чачыранды демилгелерден системалуу ыкмаларга өтүүгө көмөктөшөт. Бул климаттык жана экологиялык стратегиялар, инвестициялык портфелдер жана каржылоо механизмдери аркылуу ишке ашат. Бул контекстте экологиялык максаттарды бюджеттик жана инвестициялык пландоо менен байланыштырган инструменттер өзгөчө маанилүү. Мындай мисалдардын бири — Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси, ал өлкөлөргө табиятты коргоо үчүн туруктуу каржы булактарын табууга жана кеңейтүүгө жардам берет. 

Борбор Азия үчүн бул ыкма өзгөчө маанилүү. Бул аймакта суу ресурстары, чек аралык экосистемалар, миграциялык коридорлор, климаттык тобокелдиктер жана жердин деградациясы бир өлкөнүн чегинен тышкары жайылган. Ошондуктан тоолуу аймактардын туруктуулугу регионалдык кызматташтыксыз мүмкүн эмес. Бул координацияланган ыкмаларды, биргелешкен инвестицияларды жана экономиканын, коопсуздуктун жана миллиондогон адамдардын бакубат жашоосунун негизинде турган табигый системаларды коргоо боюнча жалпы түшүнүктү талап кылат. 

Кыргызстанда бул иштер буга чейин эле конкреттүү түрдө ишке ашып келет. БУУӨП климат жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатындагы улуттук стратегияларды жаңылоого көмөктөшүп, аларды иш жүзүндөгү пландарга жана долбоорлорго айландырууда. Ошондой эле алдын алуу системаларын өнүктүрүп, тоолуу жамааттардын туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет. Бул айрыкча климаттык тобокелдиктер абдан реалдуу болгон аймактарда маанилүү: көчкү, сел, суу ташкындары, мөңгүлөрдүн эриши жана бийик тоолуу көлдөрдүн туруксуздугу. 

Маанилүү багыттардын бири — эң аялуу тоолуу аймактарда мониторинг жана алдын алуу системаларын өнүктүрүү. Жапон Өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргызстан мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан келип чыккан селдерди алдын алуу чечимдерин ишке ашырууда. Бул эми абстракттуу климаттык күн тартиби эмес — адамдардын өмүрүн, инфраструктураны жана бүтүндөй жамааттарды коргогон реалдуу чаралар. 

Каржылоо да өзгөчө мааниге ээ. Тоолор күн тартиби узак мөөнөттүү ресурстарды жана туруктуу инвестициялык чечимдерге өтүүнү талап кылат. БУУӨП өлкөлөргө экологиялык жана климаттык чараларды системалуу кылган каржы механизмдерин түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын жана жеке сектордун катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле БУУӨП билимге, эксперттик колдоого жана техникалык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыздап, өлкөлөргө далилдерге негизделген чечимдерди иштеп чыгууга, эл аралык мыкты тажрыйбаларды колдонууга жана тоо-климат күн тартибин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн институттук потенциалды бекемдөөгө жардам берет. 

Кыргызстан үчүн бул учур өзгөчө маанилүү. Келерки жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен башталган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” алкагы жыйынтыкталат. Ошол эле учурда 2026-жыл климат, биологиялык ар түрдүүлүк жана жерди калыбына келтирүү боюнча глобалдык процесстерде маанилүү мүмкүнчүлүк терезесин ачат. Бул тоолор боюнча күн тартибин күчөтүү жана аны туруктуу өнүгүү боюнча глобалдык диалогдун өзөгүнө чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүк. 

БУУӨПтүн ролу өзгөчө маанилүү: ал алсыздыкты туруктуулукка, ал эми стратегиялык максаттарды адамдар, табият жана келечек үчүн реалдуу иш-аракеттерге айландырууга көмөктөшөт.