ВИЧ менен жашаган адамдар, кургак учук менен ооруган бейтаптар жана негизги топтордун өкүлдөрү*, тилекке каршы, күнүмдүк жашоодо ден соолугунун көйгөйлөрүнөн тышкары, көп көйгөйлөргө кабыл болушат. Кыргызстанда бул адамдар көп учурда стигманын, басмырлоонун жана укук бузуулардын курмандыгы болушат. Бул көйгөйдү чечүү, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана алардын жашоосун жакшыртуу үчүн, БУУӨП жана анын өнөктөштөрү көчө юристтеринин (өз кардарларын юридикалык маселелер боюнча кеңеш бере ала турган, окутулган БӨУ кызматкерлеринин) тармагын жана укук бузууларды жана аларга болгон реакцияны каттоо үчүн электрондук маалымат базасын түзүштү. REAct» («Укуктар-далилдер-аракеттер»), аталышындагы платформа өлкөдөгү ВИЧ жана кургак учукка кабылган жамааттар арасындагы укук бузууларды көзөмөлдөө үчүн негизги курал болуп саналат.
Караколдук көчө юристи Мария түшүндүргөндөй, «бул документтештирилген кейстер – биздин бийликке, чечим кабыл алган адамдарга жетүүгө, жана чындыгында негизги топтордун укуктарындагы иштер кандай экендигин көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүгүбүз».
684 укук бузуулар учуру
Frontline AIDS британиялык уюму иштеп чыккан REAct, Кыргызстанда БУУӨП/ Глобалдык фондунун «ВИЧ жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоорунун алкагында «Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагындагы негизги топтор үчүн кызматтардын туруктуулугу» долбоору менен биргеликте киргизилет. Базаны «Өнөктөштүк тармак» ассоциациясы координациялайт, ал ошондой эле стигманы төмөндөтүү боюнча башка дагы иш-чараларды ишке ашырат. БУУӨП\Глобалдык Фондунун долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фонду көчө юристтерин жана РЕАкторлорду үзгүлтүксүз окутат жана муктаж болгон кардарларга юридикалык жардам көргөзөт.
Бул жергиликтүү жамааттардын деңгээлиндеги комплекстүү юридикалык жардам көп адамдарга өз укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берди.
2020 жылы REAct маалымат базасында 503 учур катталган, анын ичинен 76% (384) укук бузуулар катары классификацияланат. 2021 жылдын биринчи алты айынын ичинде 373 арыз катталган, анын ичинен 300 – адам укуктарын бузуу.
Жамааттардын базасындагы юридикалык жардам
2020 жылдын мартында ишке киризилген платформа, азыр бүт өлкө боюнча 15 тейлөөчү БӨУ да иштеген 29 «РЕАкторлор» тарабынан колдонулат. РЕАкторлор – ВИЧ жана кургак учук менен күрөш боюнча программаларда иштеген жергиликтүү БӨУ кызматкерлери. Алардын көбү өздөрү калктын негизги топторунун өкүлдөрү. Аутрич-жумушчулары катары, алардын калктын бул топторуна чектелбеген жеткиликтүүлугу бар, алардын көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билишет, жана алардын ишенимине ээ боло алышат. Буга параллель болуп, алар юридикалык маселелер боюнча билим алышат, жана өз кардарларына кеңеш бере алышат жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам бере алышат. Мындай кеңири камтуунун аркасы менен бардык негизги топтордун өкүлдөрү укук бузуулардын учурлары жөнүндө билдире алышат жана басмырлоодо эркин достук чөйрөдөн юридикалык жардам сурай алышат.
Мезгил мезгили менен бул учурлар жөнүндө өкмөткө, жарандык коомчулукка жана ММК ларга билдирилет жана калктын бул топторуна карата укук бузууларды жана басмырлоону жокко чыгаруу боюнча сунуштар басылып чыгарылат.
«РЕАкт көчө юристтери үчүн негизги курал болуп саналат, - деп түшүндүрөт «Өнөктөштүк тармак» ассоциациясында иштеген Бегимай Мыктарбекова. «Биз React электрондук тутуму калктын негизги топторунун арасындагы ар бир укук бузуу учурун көзөмөлдөөгө, талдоого жана басмырлоого реакция кылганга жардам берет деп үмүт кылабыз». Жалпысынан алганда, бул платформа укук бузуулар менен күрөшкө, калктын бул аярлуу топторунун укуктарын коргоого жана басмырлоонун бардык түрлөрүн кыскартууга арналган.
Негизсиз камакка алуу, ырайымсыз мамиле жана физикалык зомбулук
Катталган учурларга укук бузуулардын ар кандай түрлөрү, басмырлоо жана медициналык же башка кызматтарга жеткиликтүүлүктөрду четке кагуу кирет. 2020 жылдын отчетуна, ылайык, эң аярлуу топтор болуп сайылчу баңгизат колдонуучулар, ВИЧ менен жашаган адамдар, жана секс-жумушчулар эсептелет. Укук бузуулар көп учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан негизсиз камакка алуу жана кыянаттыктар түрүндө жана кардарларга кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.
Кардарлардын арыздарына физикалык коркутуулар, опузалоолор, мазактоолор, физикалык зомбулук, медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, полиция тарабынан зомбулук, кемсинткен мамиле жана ал эмес кыйноо учурлары кирет.
Отчетто «ВИЧ менен жашаган адамдарга карата болгон стигманын жана басмырлоонун эң ачык көрүнүшүнүн бири болуп медициналык кызматкерлер тарабынан аларга катуу басынтуу мамилеси, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуусу эсептелет» деп айтылат. Мисалы, 17 жаштагы өспүрүм көп убакыт бою медициналык кызмат, анын ичинде вакцинацияны жергиликтүү медициналык мекемедеги басмырлоонун айынан ала алган эмес. ВИЧ менен жашаган адамдар, ошондой эле үйүндө жана күнүмдүк жашоодо, мисалы, административдик маселелерди чечүүдө басмырлоого кабылышат.
Ошол эле отчетко ылайык, сайылуучу бангизат колдонгон же метадондук терапияны алып жаткан адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан эң аярлуу: «баңгизат колдонуучу адамдарга карата милиция тарабынан түз укук бузууларына: физикалык жана психологиялык зомбулугу, метадон менен алмаштыруучу терапига жеткиликтүүлүктү четке каккандыктан келип чыккан абстиненттик синдромдун фонунда көрсөтүүлөрдү берүүгө мажбурлоо, кулчулук эмгекти колдонуу (милиция бөлүмүндө пол жуудуруу) , ошондой эле бул адамдарды мыйзамсыз, көп учурда эч кандай негизи жок эле камакка алуулардын көптөгөн учурлары кирет».
Басмырлоону кадам сайын жокко чыгаруу
Укук бузуу учурлары билдирилгенде, көчө юристтери аларды РЕАктта катташат жана өз кардарларын алардын укуктары жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн көрүлө турган юридикалык чаралар тууралуу кеңеш беришет. Көчө юристтери көп учурда жабыркаган менен укугун бузуучунун ортосунда түздөн түз ортомчунун ролун аткарат, же, эгер кардар макул болсо, арыз же доо арыз берүүгө берүүгө ардам берет. Керек болгон учурда кардарларга бекер кесипкөй юристтер жана жактоочулар берилет.
Тилекке каршы, РЕАктта катталган бардык иштер чечилбейт, арыздануучулардын үчүнчү бөлүгү чара көрүүдөн баш тартышат. 2020 жылдын отчетунда « ишти укуктук тараптан кароонун жүрүшүндө көп учурда курмандыктар өзүнүн ВИЧ статусун, жыныстык ориентациясын же негизги топтоорго таандык экенин ачыкка чыгаргандан көрө, укуктарынын системалуу бузулушуна чыдаганды артык көрүшөт», деп корутунду чыгарылды.. Кардарлар кайраттанып арыз берген учурларда, көп учурда, жетиштүү юридикалык жардам болбосо, милиция аларды көрмөксөндүккө салат, же, андан дагы жаманы, кыянаттык кылат.
Мисалы, РЕАктта катталган учурлардын бири, эки трансгендердик аялга тиешелүү, алар маршруткада мазактоого дуушар болуп, андан кийин аларды күч менен ыргытып жана сабап салышкан. Анан аларды полиция бөлүмүнө жеткиришип, айдоочу жана жүргүнчүлөр аларга каршы арыз беришкен. Өз кезегинде, полиция трансгендерлүү аялдарга жооп берүүгө, өз укуктарын билүүгө же жардам сурап жактоочуга кайрылууга мүмкүндүк беришкен эмес. Бирок долбоордун жардамы менен бул кардарлар узак убакыттагы сот процессине чыдап жана арызды жокко чыгара алышты.
Көчө юристтеринин жана РЕАкторлордун жумушу калктын аярлуу топторунун адамынын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу үчүн, ошондой эле кургак учуктун жана ВИЧ тин эпидемияын токтотууга жана тоскоолдуктарды алып салууга абдан маанилүү. РЕАкт азыр бүт Кыргызстанда колдонулуп жатат жана адилеттүүлүккө ишенүүгө тийиштүү куралдары жана колдоо пайда болгон калктын негизги топторуна ал жеңил жеткиликтүү.
Бирок эстен чыгарбоо керек, көптөгөн учурларда жабыркагандар мурункудай эле кошумча басмырлоодон жана кыянаттыктан коркуп билдирбей келишет. Бирок, теңге - тең деген принцип менен негизделген «көчө юристтер» долбоорунун өсүп жаткан популярдуулугунун аркасы менен барган сайын көбүрөөк калктын негизги топторунун өкүлдөрү кадам сайын басмырлоого каршы күрөшүп, өз укуктарын коргоп жатышат.
REAct жөнүндө көбүрөөк билиңиздер, отчетторду жүктөңүздөр жана укук бузууларды көзөмөлдөңүздөр: https://react-aph.org/countries/kyrgyzstan/
* Негизги топтор: калктын ВИЧ-инфекцияга өзгөчө аярлуу топтору (ВИЧ менен жашаган адамдардын өнөктөштөрү, эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, сайылуучу бангизат колдонгон адамдар, секс-жумушчулар …).
