Климат, энергетика жана айлана-чөйрө

Конфликттерге жана табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу БУУӨПтүн ишинин өзөгүн түзөт. Биз улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен чыр-чатактарды, табигый кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, башкаруу жана калыбына келтирүү үчүн иштейбиз. БУУӨП конфликттерге байланыштуу саясатты иштеп чыгуу боюнча ар кандай демилгелерди жетектейт жана мамлекеттик институттардын потенциалын чыңдоо үчүн техникалык жардам көрсөтөт.

«Климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди жана морт экосистеманы коргоо үчүн табигый чечимдерди тездетүү» кластерибиз айыл-чарбада климаттын өзгөрүүсүндө туруктуулукту жогорулатуу жана адаптациялоону жумшартуу үчүн каржылоо механизмдерине жетүү максатында ар кандай өнөктөштөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, каржы институттары жана жеке сектор менен кызматташат. Туруктуу жана интеллектуалдуу чечимдер улуттук жана субнационалдык деңгээлде жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жаратылыш ресурстарын, кайра жаралуучу энергияны, экосистемалык кызматтарды, химиялык заттарды жана калдыктарды ачык, жоопкерчиликтүү жана туруктуу башкаруу үчүн иштелип чыгат. Улуттук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун гендердик стратегияларын ишке ашыруу, тобокелдиктерди башкара алуу жана жашоо-тиричиликти калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн.