БУУӨПтүн жалпы маалыматы: Жаштарды мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу 2026
БУУӨПтүн жалпы маалыматы: Жаштарды мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу 2026
2026-ж., 12-May
2025-жылы БУУӨПтүн жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш- мердүүлүгү Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына шай- кеш келген. Аталган программада жаштардын жарандык катышуусу, STEM-билим берүү жана иш- кердикти колдоо туруктуу адамдык өнүгүү үчүн артыкчылыктуу багыттар катары аныкталган.
БУУӨП беш пилоттук муниципалитетте жаштардын лидерлик потенциалын, жергиликтүү че- чим кабыл алуу процесстерине катышуусун жана жамааттардын туруктуулугун чыңдоого көмөк- төштү. Бул багыттагы иштер интеграцияланган окутууларды, чакан гранттарды жана инклюзивдүү, чыр-чатактарды эске алган ыкмаларды камтыды. 350дөн ашуун жаш аялдар жана эркектер жаран- дык катышуу, бюджет пландоосуна катышуу, конфессиялар аралык диалог, ошондой эле коомдук демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшүп, жергиликтүү өнү- гүүнүн активдүү катышуучуларына айланышты.