Элдияр Жээналиев чет өлкөдө окуп жүргөндө бир жөнөкөй нерсени тез эле түшүнгөн: зээндүүлүк жана окууга болгон умтулуу гана дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин эшигин ача албайт. Ал үчүн сапаттуу тил даярдыгы, заманбап билим берүү технологияларына жеткиликтүүлүк жана эл аралык билим берүү тутумунун кандай иштээрин терең билүү зарыл.
Жаштардын ишкердигине салынган инвестиция эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү ачат: «Uni Language Hub» борборунун ийгилиги
2026-ж., 24-July
Италияда магистратураны аяктап, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, ал башка жаштар үчүн бул кырдаалды өзгөртүүнү чечти.
“Көптөгөн жаштардын чет өлкөдөн билим алсам деген кыялы бар экенин, бирок аларга сапаттуу даярдык, маалымат жана багыт берген насаатчылык жетишпей жатканын көрдүм. Ошондо мен жаштар чет тилдерин гана үйрөнбөстөн, окууга тапшырууга чейинки толук колдоону — IELTSке даярдануудан баштап, университетти тандоо боюнча кеңештерди ала турган жай түзүүнү чечтим. Кийинчерээк жаштар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон санариптик көндүмдөрдү өздөштүрө алышы үчүн мобилография жана SMM курстарын да ачтык”, — дейт Элдияр.
Ушинтип «Uni Language Hub» — бүгүнкү күндө жаштарга эл аралык билим алууга жардам берген жана ошол эле учурда санариптик экономикада талап кылынган заманбап кесиптик көндүмдөрдү өнүктүргөн билим берүү борбору пайда болгон.
Иштин биринчи жылында команда борборду дээрлик өз каражаттарынын эсебинен өнүктүрдү. Билим берүү кызматтарына суроо-талап жогору болгонуна карабастан, заманбап окуу инфраструктурасына инвестициянын жетишсиздиги андан аркы өнүгүүнү чектеп турган.
Өсүштүн жаңы баскычы Орусия Өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨПтүн долбоорунун алкагында ишке ашырылган акселерациялык программага катышкандан кийин башталды. Сынактык тандоодон ийгиликтүү өтүп, Элдияр 566 410 сом (6 476,96 АКШ доллары) өлчөмүндө каталитикалык каржылоого ээ болду. Бул каражат билим берүү борборун модернизациялоого жана окутуунун сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берди.
“БУУӨПтүн колдоосунун аркасында биз заманбап интерактивдүү окуу классын түзө алдык. Интерактивдүү панель, кызматкерлер үчүн моноблокторду, коопсуздук камераларын жана башка жабдууларды сатып алдык. Бул окутуунун сапатын кыйла жогорулатып, сабактарды натыйжалуу кылды», — дейт Элдияр.
Бизнести өнүктүрүүгө салынган инвестициялар тез эле өз жемишин берди. Модернизациялоо ата-энелердин жана өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп, билим берүү кызматтарынын түрүн кеңейтүүгө жана жаш мугалимдер үчүн төрт жаңы жумушчу орунду түзүүгө шарт түздү. Бүгүнкү күндө «Uni Language Hub» өсүп-өнүгүп, билим берүү кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүргөн жана Кыргызстандын жаштары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн туруктуу жаштар ишканасына айланууда.
“Эң башкысы — бул грантты көптөгөн катышуучулардын ичинен утуп алганыбыз болду. Бул бизге өзүбүзгө болгон зор ишенимди берип, алдыга дагы да жигердүү кадам таштоого дем берди”, — деп бөлүшөт ишкер.
Азыркы учурда «Uni Language Hub» борборунда 250дөн ашык адам билим алууда. Окуучулардын эл аралык IELTS сынагынан алган орточо упайы 6.0дон 7.0ге чейин жетүүдө. Борбордун бүтүрүүчүлөрү КМШ өлкөлөрүндөгү, Кытайдагы, Европа Биримдигиндеги, Түркиядагы жана Малайзиядагы алдыңкы университеттерде гранттык негизде окуп, стипендияларды алып жатышат.
Команда бул жетишкендиктер менен токтоп калууну пландабайт.
“Биздин максат — «Uni Language Hub» борборун Кыргызстандын алдыңкы билим берүү уюмдарынын бирине айлантуу. Биз жаңы филиалдарды ачууну, программаларды кеңейтүүнү жана аймактардагы дагы көбүрөөк жаштардын эл аралык мүмкүнчүлүктөргө жол ачышын каалайбыз”, — деп жыйынтыктады Элдияр.
«Uni Language Hub» борборунун өрнөгү жаштардын ишкердигин колдоо жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө кандай салым кошоорун айкын көрсөтүп турат. Акселерациялык программаларды, ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү жана каталитикалык каржылоону айкалыштыруу менен, БУУӨП жаш компанияларга бизнести кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана жаштарга эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет. Бул ыкма жеке секторду чыңдоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандыруу аркылуу Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Отуз жылдан ашык убакыттан бери БУУӨП Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууда стратегиялык өнөктөшү болуп келет. Инклюзивдик өсүштү, адамдык капиталды өнүктүрүүнү жана жаштар менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо максатында Экономика жана коммерция министрлиги, Ош шаарынын мэриясы жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып келет.
Бир гана 2025-жылы БУУӨП 24 шаарда 150дөн ашык жаштар уюмдарынын лидерлеринин дараметин күчөттү. Мунун ичинде БУУӨПтүн 412 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициясы жана жаш ишкерлердин өзүнөн кошулган 183 000 АКШ долларына жакын салымы менен жаштардын 48 ишкердик демилгеси колдоого алынды. Бул Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында жаштар үчүн кеминде 150 жумушчу орун түзүүгө жана жергиликтүү деңгээлде экономикалык туруктуулукту чыңдоого мүмкүндүк берди.
«Uni Language Hub» билим берүү борборун колдоо демилгеси Орусия Федерациясы каржылаган БУУӨПтүн «Жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана социалдык биримдик менен туруктуулукту чыңдоо үчүн жергиликтүү деңгээлде жаштардын ишкердигин туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «FSDS» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган. Бул долбоор Жаштарды өнүктүрүү концепциясын 2030-жылга чейин ишке ашырууга, ошондой эле жаштар ишкердиги, инвестициялык саясат, экспорттук дараметти өнүктүрүү, аймактарды өнүктүрүү жана коомдук ишенимди чыңдоо тармактарындагы улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.