Бир күндүн ичинде жердин дээрлик жарым миллиард жылдык тарыхын жөө басып өтүүгө мүмкүн болгон жерди элестетиңиз.
Бут алдындагы жарым миллиард жылдык тарых: Мадыген жердин байыркы тарыхы Баткендин келечегине кантип айлантууда
2026-ж., 20-July
Сүрөт: Геопарк Мадыген https://geopark.kg/glavnaya/o-geoparke/galereya/
Бул — Баткен облусундагы Фергана өрөөнү менен Түркүстан кырка тоосунун ортосунда жайгашкан уникалдуу аймак — Мадыген. Геологиялык катмарлардын дээрлик үзгүлтүксүз ырааттуулугу жердин кембрий доорунан тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхына көз салууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, Мадыген — барактары сыя менен эмес, таш менен жазылган эбегейсиз чоң табигый архив.
Мадыген — геологиялык катмарлардын дээрлик үзгүлтүксүз ырааттуулугу жердин тарыхын кембрий доорунан бүгүнкү күнгө чейин изилдөөгө мүмкүндүк берген Баткен облусундагы өзгөчө аймак. Окумуштуулар аны Борбордук Азиядагы эң ири палеонтологиялык кенчтердин бири деп аташат: бул жерден он миңдеген казылып алынган калдыктар табылган жана изилдөөлөр дагы деле жаңы ачылыштарды алып келүүдө.
“Мадыген — бул дүйнөлүк палеонтологиялык кенч. Бул аймакта, жердин жүздөгөн миллион жылдык геологиялык тарыхы ачык-айкын көрсөтүлгөн»,— деп белгилейт долбоордун илимий кеңешчиси, Тянь-Шань геологиялык коомунун катчысы Алексей Дудашвили. .
Алексей Дудашвили, долбоордун илимий кеңешчиси, Тянь-Шань геологиялык коомунун катчысы
Мадыгендин уникалдуу жаратылыш мурасы өзгөчө кылдат мамилени жана узак мөөнөттүү коргоону талап кылат. Бирок аны сактап калуу бир гана окумуштуулардын же мамлекеттик органдардын аракети менен мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундар үчүн бул аймак илимий баалуулук гана болбостон, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн булагына айланышы керек. Мисалы, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы кесиптердин пайда болушуна, кол өнөрчүлүктү колдоого жана үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө шарт түзүшү зарыл.
Дал ушул принцип БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) ишмердүүлүгүнүн негизин түзөт. Программа жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо аркылуу жаратылыш мурасын жөн гана корголуучу аймак катары эмес, туруктуу өнүгүүнүн жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуунун маанилүү ресурсуна айлантууга көмөктөшөт. Бул багыттагы иштер Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) Чакан гранттар программасынын «Исфара — Козу-Баглан дарыялар аралыгында туруктуу өнүгүүнүн негизи катары геоландшафттарды комплекстүү сактоо жана ЮНЕСКОнун Глобалдык геопаркын түзүү потенциалын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында «Дестинация Баткен» коомдук бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Тянь-Шань геологиялык коому жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Мадыген аймагында ЮНЕСКОнун потенциалдуу Глобалдык геопаркын түзүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрдү.
Долбоорду ишке ашыруу учурунда Мадыген аймагында табигый жана геологиялык мурастардын инвентаризациясы жүргүзүлдү. 40тан ашык жергиликтүү тургун гид катары окутулуп, даярдалды. Мектеп окуучулары жана студенттер талаа мектептерине катышып, ал жерде геология окуу куралындагы сүрөт эмес, көз менен көрүп, кол менен кармап көрө турган реалдуу тарыхка айланды.
Самаркандек айылында керектүү жабдуулар, музей экспозициялары жана үч өлчөмдүү (3D) карталар менен жабдылган визит-борбор түзүлдү. Бүгүнкү күндө бул жерде экскурсиялар уюштурулуп, жергиликтүү мектептин мугалимдери география жана биология сабактарын өтүп жатышат.
Мындан сырткары, аймакта 5 байкоо аянтчасы, 10 маалымат тактасы, 25 көрсөткүч жана кире беришке стела орнотулду.
“Азыр тургундардын көбү Мадыгенди сактоо туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн түшүнүп калышты. Бул — жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол. Геологиялык парктар жөнүндө атайын мыйзамдын кабыл алынышы Мадыген үчүн абдан маанилүү кадам болду. Эми аны иш жүзүндө ашырууну камсыз кылуу жана мамлекеттин, илимпоздордун жана жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен геопаркты башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү зарыл”,— дейт “Дестинация Баткен” коомдук бирикменин аткаруучу директору Муса Усонов.
Муса Усонов, “Дестинация Баткен” коомдук бирикменин аткаруучу директору
Инфраструктураны татаал шарттарда курууга туура келди. Аймактардын алыстыгы, жолдордун начардыгы жана курулуш материалдарын ташуу кошумча күч-аракетти талап кылды. Бирок анын натыйжасы азыртадан эле байкалууда: туристтик каттамдар түшүнүктүү жана коопсуз болуп, коноктордун саны бара-бара өсүүдө, ал эми саякатчылар өздөрүнө жергиликтүү даярдалган жол көрсөтүүчүлөрдү таба алышат.
Мадыген бир эле учурда табигый лабораторияга, ачык асман алдындагы окуу классына жана туруктуу жумуш ордунун булагына айланууда.
2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аянты 8 160 гектарды түзгөн «Мадыген» мамлекеттик табият эстелиги түзүлгөн. Бул статус уникалдуу геологиялык объекттердин жана табигый ландшафттардын бүтүндүгүн сактоого жардам бериши керек.
ЮНЕСКОнун Глобалдык геопаркы статусу — бул жөн гана картадагы жаңы аталыш же адамдар үчүн жабык аймак эмес. Бул мурастарды коргоону, билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү, геотуризмди, жергиликтүү ишканаларды жана маданий салттарды бириктирген модель. Дал ушул геотуризм ЮНЕСКО тарабынан мындай аймактарды туруктуу экономикалык өнүктүрүүнүн негизги куралдарынын бири катары каралат.
Мадыгендин Кыргызстандын эң жаркын визиттик карталарынын бирине айлануусу үчүн бардык шарттары бар: илимий ачылыштар, өзгөчө фантастикалык пейзаждар, байыркы тарых, маданий мурастар жана бул жер тууралуу сыймыктануу менен айтып берүүгө даяр адамдар.
Эми эң башкысы — тең салмактуулукту сактоо. Туристтер бул жерден таш калдыктарын (окаменелости) эмес, сүрөттөрдү жана унутулгус таасирлерди алып кетиши керек. Баткендин жаштары геопарктан чектөөлөрдү эмес, келечекти көрүшү зарыл. Байыркы ландшафттар аймакка киреше алып келип, ошол эле учурда баштапкы калыбында бүтүн сакталып калышы кажет.