БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты
БУУӨП жана Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты
2026-ж., 16-June
Бишкек, 2026-жылдын 15-июну — БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Тараптар мамлекеттик саясатты калыптандырууда, реформаларды мыйзамдык деңгээлде камсыз кылууда жана парламенттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Жогорку Кеңештин өзгөчө ролун баса белгилешти.
Марлен Маматалиев БУУӨПтүн мамлекеттик институттарды өнүктүрүүгө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга кошкон олуттуу салымын белгиледи.
“Биз Бириккен Улуттар уюмун жана анын Өнүктүрүү программасын туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга, мамлекеттик институттарды чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырууда маанилүү өнөктөш катары баалайбыз», — деп белгиледи Төрага.
Ал ошондой эле мыйзам чыгаруу ишин колдоо жана парламентти кесиптик өнүктүрүү үчүн заманбап аянтча катары Парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүү борборун андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына өзгөчө көңүл бурулду, бул өлкөнүн эл аралык аренадагы беделинин бекемделишин айгинелейт.
Александра Соловьева Жогорку Кеңеш БУУӨПтүн реформаларды илгерилетүүдөгү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп кала берерин белгиледи. Ал кызматташтыктын ийгиликтүү натыйжаларын, анын ичинде 30 миңден ашык ченемдик укуктук актыларды кодификациялоону, санариптик парламентти өнүктүрүүнү, мыйзам чыгаруунун заманбап куралдарын киргизүүнү, парламенттик отчеттуулуктун механизми катары Төраганын жылдык отчетун даярдоону, ошондой эле депутаттар жана Аппарат кызматкерлери үчүн электрондук билим берүү платформаларын өнүктүрүүнү баса белгиледи.
Ошондой эле климаттык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар БУУӨПтүн эксперттик колдоосу менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын “Климаттык аракеттер жөнүндө” Мыйзамынын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул мыйзам өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу, климаттык каржылоону тартуу жана жашыл өнүгүүнү илгерилетүү үчүн бекем негиз түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар натыйжалуу, ачык жана отчеттуу парламентаризмди өнүктүрүү максатында өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
БУУӨП Жогорку Кеңеш менен 20 жылдан ашык убакыттан бери кызматташып, парламенттик институттарды өнүктүрүүгө, парламенттик ишмердүүлүктү санариптештирүүгө, мыйзам чыгаруу процесстерин өркүндөтүүгө жана парламенттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүп келет.