БУУӨПтүн Адам өнүгүүсү боюнча доклады – 2025 ЖИ доорундагы адамдар жана мүмкүнчүлүктөр; Жасалма интеллект Кыргызстан үчүн эмнени билдирет

Бишкек, 2026-жылдын 21-апрели — БУУӨП 2025-жылга карата Адам өнүгүүсү боюнча жаңы докладын жарыялады. «Тандоо маселеси: ЖИ доорундагы адамдар жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталган бул баяндама 1990-жылдан бери чыгып келе жаткан эң абройлуу глобалдык изилдөөлөрдүн бири болуп саналат. Докладда жасалма интеллектке өзгөчө көңүл бурулуп, бүгүн кабыл алынган чечимдер ЖИ адамзаттын өнүгүүсүнө түрткү болобу же тескерисинче теңсиздикти тереңдетеби — дал ошол нерсени аныктай турганы белгиленет.

2026-ж., 21-April
Two-panel banner with dark left side showing Cyrillic text and circular emblem; blurred beige right side; UNDP logo in top-right.
БУУӨП

Тынчсыздандырган жаңы чындык

Доклад дүйнөдө адам өнүгүүсүнүн темпи жай болуп бара жатканын көрсөтөт. Глобалдык Адам өнүгүүсүнүн индекси (АӨИ) акыркы жылдары эң төмөн өсүштү көрсөтүүдө — 2020–2021-жылдардагы кризистик мезгилди эсепке албаганда. Өтө жогорку жана төмөн АӨИ көрсөткүчтөрү бар өлкөлөрдүн ортосундагы ажырым мурда кыскарып келген болсо, акыркы төрт жылда кайрадан кеңейүүдө. 

Эгерде азыркы темп сакталса, дүйнө 2030-жылга коюлган өнүгүү максаттарына өз убагында жете албай калышы мүмкүн. Мына ушундай шартта жасалма интеллект бир эле учурда чоң мүмкүнчүлүктөрдү да, олуттуу тобокелчиликтерди да алып келген фактор катары каралууда.

Ошол эле учурда адамдар ЖИ жашоону жакшырта алат деген ишенимде. БУУӨП жүргүзгөн глобалдык сурамжылоодо (21 өлкөдө 21 миңден ашык адам катышкан) респонденттердин үчтөн экиси жакынкы бир жыл ичинде ЖИни билим берүүдө, саламаттык сактоодо же жумушунда колдонорун билдиришкен.

Ар он кишинин алтоосу ЖИ жаңы жумуш орундарын түзөт деп эсептесе, көпчүлүгү анын жардамы менен иштеги натыйжалуулук жогорулайт деп ишенишет.

Иш-аракеттердин үч негизги багыты

Доклад келечекти божомолдобойт — аны калыптандырууга чакырат. Анда үч негизги багыт белгиленген:

Биринчи — өз ара толуктоочу экономика.

ЖИ адамдарды алмаштырбастан, алар менен бирге иштеши керек. Саясат адамдар менен технологиянын кызматташтыгы аркылуу өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталууга тийиш.

Экинчи — максаттуу инновация.

ЖИнин өнүгүүсү адамдардын реалдуу муктаждыктарына — билим берүү, саламаттык сактоо, илим тармактарына — багытталышы зарыл.

Үчүнчү — мүмкүнчүлүктөргө инвестиция.

Адамдар ЖИни натыйжалуу колдонуу үчүн билимге, көндүмдөргө жана сапаттуу кызматтарга жеткиликтүү болушу керек. Санариптик теңсиздик бул жерде негизги тоскоолдуктардын бири.

Кыргызстан кайсы деңгээлде

Докладга ылайык, 2023-жылы Кыргызстандын АӨИ көрсөткүчү 0,720 түзүп, өлкө адам өнүгүүсү жогорку деңгээлдеги мамлекеттердин катарына кирген (193 өлкөнүн ичинен 117-орун). 1990-жылдан бери бул көрсөткүч 10,9%га өсүп, саламаттык сактоо, билим берүү жана жашоо деңгээлинде туруктуу прогресс болгонун көрсөтөт.

Ошол эле учурда гендердик теңсиздик индекси 0,340 (83-орун), ал эми гендердик социалдык нормалар индекси 98,02 деңгээлинде бойдон калууда. Бул — гендердик теңчиликке жетүүдө дагы деле социалдык тоскоолдуктар бар экенин билдирет. Дал ушул багыттарда туура саясат, анын ичинде ЖИни жоопкерчиликтүү колдонуу, олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келе алат.

Тандоо маселеси

Докладдын негизги жыйынтыгы төмөдөгүчө: келечек алдын ала аныкталган эмес. ЖИнин таасири технологиянын өзүнө эмес, аны кантип иштеп чыгып, колдонууга киргизгенибизге байланыштуу.

Кыргызстан үчүн — жаш калкы бар, санариптик экономикасы өсүп жаткан жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырып жаткан өлкө катары — бул өзгөчө маанилүү учур.

БУУӨП Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана экономикалык өнүгүү тармактарында ЖИ мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө даяр. Максат — эч кимди артта калтырбаган өнүгүүнү камсыз кылуу.

Толугураак доклад менен таанышып алсаңыздар болот: https://hdr.undp.org/content/human-development-report-2025