КР Финансы министрлиги, КР Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Европа Биримдиги жана БУУӨП "Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик каржыны башкаруу реформаларын өркүндөтүү"

БИШКЕК, 2026-жылдын 8-апрели – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) бүгүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүү үчүн мамлекеттик каржыны башкаруунун натыйжалуулугун, ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга багытталган жаңы долбоорду ишке киргизишти.

2026-ж., 8-April

Долбоордун ачылыш аземинде

БУУӨП Кыргызстан

Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик каржыны башкаруу реформаларын илгерилетүү" долбоору Европа Биримдиги тарабынан 1,1 миллион АКШ долларынан ашык каржыланган. Ал БУУӨП тарабынан Финансы министрлиги жана Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Бул демилге өлкөдө бюджеттик процесстерди күчөтүү үчүн эл аралык мыкты тажрыйбаларды жана санариптик чечимдерди ишке ашырат. Негизги артыкчылыктуу багыттар программалык жана гендердик факторлорго жооп берүүчү бюджеттөөнү институционалдаштыруу, инфраструктуралык долбоорлордо каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн заманбап мамлекеттик инвестицияларды башкаруу системасын түзүү жана суу менен камсыздоо сектору үчүн туруктуу каржылоо механизмдерин иштеп чыгууну камтыйт.

Долбоордун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди: "Бул долбоор биздин улуттук реформа күн тартибибизге түздөн-түз дал келет. Мамлекеттик каржы системабызды чыңдоо 2040-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү стратегиябызды ишке ашырууда жана жарандарыбыз үчүн жакшы натыйжаларды жана жогорку сапаттагы мамлекеттик кызматтарды камсыз кылууда негизги орунда турат. Биз бул демилгени ишке ашырууга толук берилгенбиз жана Европа Биримдигине менен БУУӨПкө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз".

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло мырза долбоордун стратегиялык маанисин баса белгиледи: «Мамлекеттик каржылык башкаруу техникалык жөндөмдөй көрүнүшү мүмкүн, бирок анын негизинде ишеним турат — мамлекеттик ресурстардын ачык-айкын башкарылышын жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул программа Кыргызстандагы натыйжалуураак, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдүү каржылык башкарууну колдоо аркылуу ошол ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте, биз анын маңыздуу реформаларга салым кошуп, бардыгы үчүн туруктуу өнүгүүнү алдыга жылдыраарына ишенебиз».

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве долбоордун жалпы өнүгүү аракеттерине шайкештигин баса белгиледи. «Бул демилге БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтык алкагына шайкеш келет, ачык-айкын, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу башкарууну илгерилетет. Ал өнөктөштүктүн күчүн көрсөтөт — өкмөттү, Европа Биримдигин жана БУУну бириктирип, 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашырууну тездетүү жана эч кимдин артта калбашы үчүн зарыл болгон каталитикалык өзгөрүүлөрдү жаратат».

Долбоор техникалык жардам көрсөтөт, 300дөн ашык мамлекеттик кызматкер үчүн потенциалды жогорулатат жана реформалардын стратегиялык жана туруктуу мүнөзүн камсыз кылуу менен Кийинки Муундагы Мамлекеттик каржылык башкарууну өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

«Бул долбоор Кыргызстандын каржы архитектурасын чыңдоо боюнча көп жылдык биргелешкен иштин негизинде курулат», - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева. «Биздин ролубуз - санариптештирүү, климаттык каржылоо жана инклюзивдүү бюджеттөө жаатында глобалдык тажрыйбаны алып келүү, аны улуттук контекстке ылайыкташтыруу. Биз бул долбоордун, айрыкча аялдар жана аялуу коомчулуктар үчүн туруктуулукту күчөтүүчү реалдуу натыйжаларды беришин камсыз кылууга умтулабыз».

Мамлекеттик чыгымдарды улуттук натыйжалар менен тыгызыраак шайкеш келтирүү менен, долбоор 5-Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (Гендердик теңдик, таза суу жана санитария, тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар) жетүүнү түздөн-түз тездетет.