Инклюзивдүү медиа чагылдыруу - майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашырууга багытталган кадам

10-март күнү Бишкек шаарында журналисттер, блогерлер, редакция кызматкерлери жана санарип контент жаратуучулар үчүн «Сот адилеттигине жетүү жана майыптык темасын медиада инклюзивдүү чагылдыруу» аттуу тренинг өткөрүлдү.

2026-ж., 10-March
Group photo of diverse professionals in a conference room with banners and tables.

Иш-чара мыйзам үстөмдүгү, сот адилеттигине жетүү жана майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу маселелерди гендердик аспекттерди эске алуу менен туура жана инклюзивдүү чагылдыруу боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды. Өзгөчө көңүл медиа каражаттарынын майыптыгы бар адамдар күнүмдүк турмушта, анын ичинде сот адилеттиги системасына кайрылууда туш болгон тоскоолдуктар тууралуу коомдук түшүнүктү калыптандыруудагы ролуна, ошондой эле бул темаларды этикалык жана басмырлоосуз чагылдыруу принциптерине бурулду. 

Бул демилге Кыргызстандын Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенция боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга жана инклюзивдүү коомду калыптандыруу боюнча улуттук аракеттерди колдоого багытталган. Анын ичинде майыптыгы бар адамдардын кызматтарга, инфраструктурага жана адилет сотко жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. 

Катышуучуларга мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты. 

Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков массалык маалымат каражаттарынын майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүдөгү жана алардын күнүмдүк жашоосунда, анын ичинде сот адилеттиги системасына кайрылууда туш болгон тоскоолдуктар тууралуу коомдук түшүнүктү калыптандыруудагы маанилүү ролун белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык кызматтар секторунун башчысы Чолпон Мамбетаипова медиа коомдук күн тартибин калыптандырууда жана теңчилик менен басмырлоого жол бербөө принциптерин жайылтууда чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи. 

Өз сөзүндө БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман медиа инклюзивдүү коомду өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи: 

«Адилет сотко жетүү — адилеттүү коомдун негизи. Медиа сот адилеттиги системасын бардык адамдар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн да түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылууга көмөктөшүү менен негизги роль ойной алат». 

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, адилет сотко жетүүнү кеңейтүү жана инклюзивдүү мамлекеттик институттарды өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдойт. Журналистиканын кесиптик стандарттарын өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү медиа мейкиндигин калыптандыруу бул аракеттердин маанилүү бөлүгү болуп саналат. 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар реалдуу медиа-кейстерди талдап, туура терминологияны, гендердик аспекттерди жана дискриминациясыз жана стигматизациясыз материалдарды даярдоонун практикалык инструменттерин талкуулашты. Тренингди медиа-тренер жана эксперт Асель Сооронбаева өткөрдү. 

Катышуучуларга ошондой эле адилет сотко жетүү темасын инклюзивдүү чагылдыруу боюнча колдонмолорду жана тренингдик модулду камтыган методикалык материалдар сунушталды. 

Ушундай эле тренингди Ош шаарында өткөрүү пландалууда. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин демилгеси менен, БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттике тегиз  жетүүнү күчөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.