2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында «Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе болуп өттү. Иш-чара 8-март — Эл аралык аялдар күнүнө карата «Укуктар. Адилеттик. Бардык аялдар жана кыздар үчүн аракеттер» деген глобалдык тема алкагында уюштурулду.
Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик жана баарына тең мүмкүнчүлүктөр
2026-ж., 2-March
Иш-чара майыптыгы бар аялдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн, ошондой эле медиа жана гендер маселелери боюнча эксперттердин ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылды.
Бул демилге 2023–2030-жылдарга карата «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын алкагындагы милдеттенмелерин аткарууну түздөн-түз колдойт. Анын негизинде майыптыгы бар аялдардын кызмат көрсөтүүлөргө, мүмкүнчүлүктөргө жана коомдук ресурстарга тең жеткиликтүүлүгү социалдык жеңилдик эмес, өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүсүнүн маанилүү шарты экендиги түшүнүгү жатат.
Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева, адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мандатынын алкагында, майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоодо системалуу мамиленин жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Акыйкатчы институту майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде кыздардын жана аялдардын укуктарынын сакталышын системалуу түрдө мониторинг жүргүзүүнү улантарын айтты.
Бул иш системалык тоскоолдуктарды аныктоого жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн практикага багытталган сунуштарды иштеп чыгууга багытталган. Мониторингдин жыйынтыктары укуктардын ишке ашырылышынын учурдагы абалын объективдүү баалоого, бар болгон боштуктарды аныктоого жана негизги социалдык жана коомдук кызматтарга тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
«Бүгүн биз майыптыгы бар аялдар жөнүндө айтып жатабыз — азыркыга чейин сакталган тоскоолдуктарга карабастан, коомдук турмушка активдүү катышып, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан аялдар тууралуу. Бул ар бир адамдын тең кадыр-баркын жана тең укуктарын сөзсүз таануу жөнүндө. Теңдик жана инклюзия принциптери жөн гана жарыяланып тим болбостон, мыйзамдарда, укук колдонуу практикасында жана коомдун күнүмдүк турмушунда реалдуу чагылдырылышы керек», — деп белгиледи Жамиля Жаманбаева.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин министрдин орун басары Айнура Орозбаева майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын чараларын тааныштырып, социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, иш менен камсыз кылууга жана социалдык коргоо механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
«Биз тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып жатабыз. “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы — бул декларациялардан адамдардын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөргө өтүүгө мүмкүндүк берген практикалык инструмент», — деп белгиледи ал.
БУУӨП жана майыптыгы бар адамдардын уюмдары менен өнөктөштүктө министрлик майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча практикалык колдонмону да сунуштады. Документ иш берүүчүлөр үчүн багытталган жана инклюзивдүү кадрларды тандоо жана жумушка алуу, жумуш орундарын сактоо, кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсү, ошондой эле универсалдуу дизайнды, акылга сыярлык ыңгайлаштырууларды жана инклюзивдүү корпоративдик маданиятты киргизүү боюнча сунуштарды камтыйт.
Саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гулнара Баатырова да чыгып, мыйзамдарды гендердик теңдик жана инклюзия принциптерин эске алуу менен өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Равенство» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова майыптыгы бар аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине түз катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«Биз жөнүндө бизсиз эч нерсе болбошу керек. Майыптыгы бар аялдар чечим кабыл алуу процесстеринин толук кандуу катышуучулары болушу керек. Биздин тажрыйбабыз, билимибиз жана лидерлигибиз — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү ресурс. Чыныгы инклюзия аялдардын реалдуу катышуусуз мүмкүн эмес».
Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева БУУӨПтүн колдоосу системалуу мүнөзгө ээ экенин белгиледи:
«БУУӨП “эч кимди артта калтырбоо” принциптерин карманат. Акыркы жылдары биздин колдообуз менен 55 миңден ашуун адам юридикалык жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүк алышты, алардын ичинде аялдар жана майыптыгы бар адамдар да бар. Биз мыйзамдык реформаларды илгерилетүүгө, иш менен камсыз кылуу тармагында инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүгө жана майыптыкты аныктоо системасын санариптештирүүгө көмөк көрсөттүк. Биздин максат — майыптыгы бар аялдар жардам алуучулар гана болбостон, коомдук жашоонун жана өнүгүү процесстеринин тең укуктуу катышуучулары болушу».
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Матильда Богнер эл аралык механизмдер белгилеген артыкчылыктарга токтолду:
«БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрктун “Адам укуктары — чечимдерге жол” деген көз карашына таянып, БУУнун механизмдери, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Атайын баяндамачы Кыргызстан үчүн бир нече негизги багыттарды белгилешкен: адилет сотко тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, майыптыгы бар аялдардын муктаждыктарын эске алуу үчүн дезагрегирленген маалыматтарды чогултуу жана стереотиптерсиз инклюзивдүү медиа стандарттарды калыптандыруу. Мамлекеттин, эксперттик коомчулуктун жана журналисттердин биргелешкен аракеттеринен бул сунуштар ар бир аялдын укуктарын жана кадыр-баркын реалдуу коргоого канчалык деңгээлде айланары көз каранды».
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар инклюзивдүү саясатты өнүктүрүү, майыптыгы бар аялдардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын таануу жана майыптык жана гендер маселелерин жоопкерчиликтүү чагылдыруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл медианын коомдук пикирди калыптандыруудагы жана туруктуу стереотиптерди жоюудагы ролуна бурулду.
Пресс-кафе майыптыгы бар аялдардын лидерлиги коомдо табигый көрүнүш катары кабыл алынган, ал эми тоскоолдуктарды жоюу мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен жоопкерчилиги болгон коомду калыптандырууга багытталган маанилүү кадам болду.