Сонун Борончиева 2008-жылдан бери Ысык-Көл облусу Түп районундагы майыптыгы бар адамдардын «Келечек-Сары-Кол» коомдук уюмун жетектеп келет. Ал кол өнөрчү Кыял Борончиева менен бирге элдик өнөр кирешенин булагы гана болбостон, коомго толук кандуу катышуунун көпүрөсү боло аларын далилдешти.
Кол өнөрчүлүк — инклюзияга жана туруктуу өнүгүүгө жол
2026-ж., 13-April
Сонун Борончиева өмүрүн майыптыгы бар адамдарды колдоого арнаган. Анын жетекчилиги алдында уюм социалдык жардам, билим берүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инклюзия багыттарында бир катар долбоорлорду ишке ашырган.
Кыял Борончиева — кол өнөрчү жана Түп райондук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалими. Ал окуучуларга жана борбордун тарбиялануучуларына улуттук кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, ар кандай материалдардан буюмдарды тапшырык менен жасап келген. Анын иши чыгармачылык менен социалдык миссиянын айкалышы болуп саналат, анткени анын окуучуларынын арасында майыптыгы бар балдар да бар.
Тажрыйбасына жана чеберчилигине карабастан, эки айым тең бирдей тоскоолдуктарга туш болушкан. Сапаттуу чийки зат — кийиз жана жүн жетишсиз болчу. Туристтердин суроо-талабын түшүнүү жетишсиз эле: алар кандай буюмдарды каалашат, кандай сувенирлерди сатып алышат, нукура кыргыз өнүмүнөн эмнени күтүшөт. Ошондой эле тажрыйбалуу устаттар жетишсиз болуп, онлайн сатуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ал эми байланыш тармагы тар болчу.
Алар БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору тууралуу интернеттен билишкен. Катышуу чечими аң-сезимдүү кабыл алынган: алар өз көндүмдөрүн жакшыртуу менен гана чектелбестен, айыл жергесиндеги жаш аялдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерин тартууну, аларга киреше табуу жана өз алдынчалуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү каалашкан.
Долбоордун алкагында уюм тренингдерге, семинарларга жана мастер-класстарга катышуу, Ош, Алай, Чоң-Алай жана Бишкектеги усталар менен тажрыйба алмашуу, «Тумар» компаниясы аркылуу сапаттуу чийки зат алуу, ошондой эле онлайн жана офлайн сатуу жана каржылык сабаттуулук боюнча колдоо алды. Маанилүү этаптардын бири — Өзбекстанда өткөн «Жибек жолу туризми — 2025» жарманкесине катышуу болду.
«Эң маанилүүсү — тажрыйба алмашуу жана мастер-класстар болду. Алар бизге продукциянын сапатын жакшыртып, туристтерге чындап керектүү болгон нукура буюмдарды жаратууга жардам берди.»
Жыйынтыктар байкаларлык болду. Мурда продукциялар жергиликтүү жарманкелерде аз көлөмдө сатылса, азыр «EthnoMir POINT» сувенир дүкөнүндө жана туристтик логистикалык борборлордо сунушталууда. Онлайн заказдар Түштүк Кореядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан келип түшүүдө. Топ рынокто өзгөчөлөнгөн автордук оюнчуктарды да иштеп чыкты.
Экологиялык өндүрүш принциптерин өздөштүрүү менен уюм жүндүн калдыктарын кайра иштетип, кошумча киреше булагын түздү. Катышуучулардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалы жакшырды жана келечекке болгон ишеним артты.
Бул жыйынтыктардын артында терең мааниге ээ окуя жатат. БУУӨПтүн колдоосу уюмга кийинки кадамды жасоого жардам берди — майыптыгы бар балдардын энелерин, айылдагы жаш аялдарды жана киреше менен катар коомдо өз ордун издеген адамдарды тартууга шарт түздү.
Мурда үйдө отурган аялдардын бүгүн кооз буюмдарды жасап, киреше табып, өздөрүн керектүү сезип жатышы — Сонун Борончиеванын айтымында, эң чоң жыйынтык.
«Эгер кол өнөрчүлүк менен алектенсеңиз — тынымсыз үйрөнүңүз, сапатка көңүл буруңуз, долбоорлорго катышып, тажрыйба топтоңуз. Ар бир аракет ийгиликке алып келет. Элдик өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон кичинекей салым да Кыргызстандынын маданий мурасын сактоого кошкон чоң салым.»
«Келечек-Сары-Кол» уюмунун окуясы өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык артыкчылыктардын ишке ашырылышын чагылдырат. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында БУУӨП «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору аркылуу өсүш жана экспорт үчүн келечектүү тармактарды, анын ичинде кийиз жана тери буюмдарын жашыл нишалык сектор катары колдойт.
Мындай демилгелер кол өнөрчүлүк менен туризмди бириктирип, туруктуу кошумча нарк чынжырларын түзүүдө. Бүгүнкү күндө долбоор 50дөн ашуун кол өнөрчү аялды камтып, экспортко багытталган чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүп, инновациялык жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтип, аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын экономикадагы ролун бекемдөөдө.