Жети-Өгүздө туристтер эми жөн гана сувенир сатып алышпайт — алар өз колдору менен боз үй тигишип, кийиз басып, үйлөрүнө даяр буюм менен катар кыргыз элинин жандуу салт-санаасын да алып кетишет. Бул тажрыйбанын артында Гүлбара Шадакова турат — конок үйүнүн кожойкеси, ал жөнөкөй кызматтан кол өнөрчүлөр тобунун жетекчисине чейин өсүп, кокустук сатуу ыкмасынан туруктуу бизнеске өтүп, өз айылындагы уздар үчүн киреше булагын түзө алды.
Салттуу кол өнөрчүлүк киреше булагы катары: Гүлбара Шадакованын тарыхы
2026-ж., 27-March
"Таберик" кол өнөрчү тобу
Туристтер менен иштөө учурунда Гүлбара баалуулук жаратуу чынжырындагы негизги боштукту байкаган: чыныгы, нукура сувенирлерге суроо-талап жогору болгону менен, жеринде сунуш жетишсиз болчу. Бул сатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоголушуна гана эмес, жергиликтүү экономиканын жана аймактын маданий мурасынын толук пайдаланылбай калышына алып келген.
2025-жылы Гүлбара БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсотүү» долбооруна кошулган. Бул долбоор Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен тыгыз өнөктөштүктө, 2025–2028-жылдарга карата «Кыргызстанда жасалган» Улуттук экспорттук программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Эки боз үй жана эксперттик колдоо алгандан кийин «Таберик» тобу кыргыз элинин байыркы өнөрүн — боз үй тигүүнү — заманбап туристтик тажрыйбага айландырды. «Боз үйдү тандоо кокустук болгон жок. Долбоордун алкагындагы окутуулар туристтер менен иштөө түшүнүгүн түп-тамырынан өзгөрттү. Биз, кыргыздар, көчмөн эл катары боз үйдү тигип-жыюу боюнча уникалдуу билимге ээбиз. Биз бул мүмкүнчүлүктү жандуу туристтик тажрыйбага айландырууну чечтик: азыр коноктор усталар менен бирге боз үй тигишет, анын ичинде болсо элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт», — деп эскерет Гүлбара. «Туристтер үчүн жөн гана сувенир эмес, аны жасоо процесси жана ошол тажрыйба маанилүү. Боз үй биздин жандуу устаканага айланды — бул жерде салт менен заманбап туризм айкалышат».
Долбоорго катышуу так жана сезилерлик жыйынтыктарды берди. Гүлбаранын айтымында, эксперттик колдоонун аркасында «Таберик» тобунун мүчөлөрү өз продукциясынын сапатын жакшыртып, түстөрдү туура айкалыштырууну жана рынок талаптарына ылайык буюмдарды жаратууну үйрөнүштү. Ошондой эле алар каржылык эсеп жүргүзүүнү өздөштүрүштү — бул көндүмдү ал эң баалуу жетишкендиктердин бири катары белгилейт. Мындан тышкары, алар калдыктарсыз өндүрүш принциптерин жана айлана-чөйрөгө аяр мамилени киргизип, сапат менен баанын ортосундагы байланышты терең түшүнүштү: сапаттуу буюмдар жогору баада сатылып, бул алардын кирешесинин туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет.
Өзгөрүүлөр бизнес менен гана чектелген жок. Гүлбара келинин кол өнөрчүлүккө үйрөтө баштады, «Таберик» аркылуу унутулбашы керек болгон улуттук салттарды муундан муунга өткөрүүдө. Неберелери да кызыгуу көрсөтүп жатышат, демек, мурастын үзүлбөс жиби сакталууда.
Гүлбаранын келечек пландары так жана дымактуу: жаштарды топко тартуу, лекалдарды даярдоо үчүн заманбап жабдууларды киргизүү, орнаменттерди иштеп чыгууда компьютердик программаларды колдонуу. Анын түшүнүгүндө салт менен технология — бири-бирине каршы эмес, тескерисинче, бири-бирин толуктаган өнөктөштөр.
«Ар бир адамда жөндөм бар. Үйдө отуруп күтпөңүздөр. Өнүгүп, жаштарды окутуп, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө катышкыла. Мен бул долбоорго катышканыма абдан кубанычтамын — мыкты тренерлер менен таанышып, чоң билим алдым. Бүтүндөй командага терең ыраазычылык билдирем».
Гүлбаранын окуясы — жалгыз мисал эмес. Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк барган сайын туруктуу кошумча нарк чынжырларынын бөлүгүнө айланып, жергиликтүү өндүрүштү, туризмди жана рынокторду байланыштырууда. БУУӨП «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ушундай моделдерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, кол өнөрчүлөргө эпизоддук сатуудан туруктуу, рынокко багытталган бизнеске өтүүгө жардам берүүдө.
Мындай окуялар жергиликтүү демилгелердин өлкөнүн туруктуу экономикасынын бир бөлүгүнө айланып жатканын көрсөтөт. Учурда БУУӨП кийиз жана тери буюмдарынын кошумча нарк чынжырындагы катышуучулардын потенциалын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Долбоорго 50дөн ашуун кол өнөрчү аял катышууда, алар 3 экспортко багытталган чакан ж-а орто ишканага жана 6 кол өнөрчүлөр тобуна бириккен.