Биотүрдүүлүк – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи
2025-ж., 29-October
Жалал-Абад областындагы Сары-Челек көлү
Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө байлыгы жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ландшафттар монгулордон жана бийик тоолуу шалбаалардан тартып жаңгак-жемиш токойлоруна жана жарым чөлдүү талааларга чейин ар кыл экосистемаларды камтыйт. Илимий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда дүйнөлүк флоранын болжол менен 2 пайызы жана фаунанын 3 пайызы кездешет. Бул биздин өлкөнү дүйнөдөгү 34 глобалдык биотүрдүүлүк очокторунун бири катары таанылуусуна өбөлгө түзөт. Аны менен катар, Кыргызстанда бүткүл адамзат үчүн зор мааниге ээ болгон генетикалык ар түрдүүлүк да сакталган.
Экосистемалар адамдарды таза суу менен камсыздайт, климатты жөнгө салат, топурактын түшүмдүүлүгүн арттырат, көмүртекти сиңирип, эрозиянын алдын алат. Табигый жөнгө салуучу системалар катары алар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартат жана айлана-чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылат. Арийне, антропогентик басым, токойлордун кыйылышы, ашыкча мал жаюу жана климаттын өзгөрүшү экосистемалардын бузулушуна жана жашоо чөйрөлөрүнүн жоголушуна алып келүүдө. Натыйжада жаратылыш байланыштары үзүлүп, жапайы жаныбарлардын саны кыскарып, суу ресурстары азайуу коркунучунда турат.
Жалал-Абад областындагы Падыша-Ата коругу
Ак илбирс — Кыргызстандын символу жана тоо экосистемаларынын абалынын индиктору. Ал байырлаган экосистемалар жакшы абалда дегенди билдирет. Ак илбирс образы улуттук сыймык болуу менен бирге, дүйнө коомчулугуна жаратылышты сактоо биргелешкен жоопкерчилик аркылуу гана мүмкүн экенин эске салат.
Кыргыз Республикасы Биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүү маселелерин эл аралык деңгээлде активдүү илгерилетип келет. 2021-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган «Табият чек араларды билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору» аттуу резолюцияны бир добуштан кабыл алган. Ал эми 2022-жылы өлкөнүн демилгеси менен 2023–2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. 2024-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү катары белгилеп, Кыргызстандын тоо экосистемаларын сактоого кошкон салымын дүйнөлүк деңгээлде тааныды.
Кыргызстандын тоолорундагы фототузак аркылуу тартылган ак илбирс
Табият үчүн өнөктөштүк
БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстан Өкмөтү менен туруктуу өнүгүү, жаратылышты коргоо, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана ресурстарды туруктуу пайдалануу жаатында отуз жылдан ашуун тыгыз кызматташып келет. Бул кызматташтык экологиялык саясатты жана стратегияны иштеп чыгуудан тарта жер-жерлердеги практикалык иш-чараларды камтыйт.
Учурда БУУӨП колдоосу менен Өкмөт 2040-жылга чейинки биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда. Ал документ өлкөнүн табигый байлыктарын сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү багыттарды жана чараларды аныктайт.
Программанын негизги элементинин бири Кыргызстандын экологиялык каркасы болуп саналат. Экологиялык каркас бул өз ара байланышкан жаратылыш аймактарынын тутуму: өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар (ӨКЖА), буфердик зоналар, экологиялык коридорлор жана биотүрдүүлүктүн маанилүү аймактары, дарыялардын өзөндөрү жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын жашоо чөйрөлөрү.
Экологиялык каркас экосистемалардын бүтүндүгүн сактоонун жана алардын табигый байланыштарын камсыздоонун негизи катары каралат. Мындай ландшафттык ыкма жаратылыш системаларынын туруктуулугун камсыз кылып, адам менен табияттын гармониялуу жашоосуна өбөлгө түзөт.
Стратегиядан натыйжага
БУУӨП өлкөгө саясатты иштеп чыгууда гана эмес, практикалык жыйынтыктарга жетүүдө да жардам берип келет. Мисалы, БУУӨП–ГЭФ долбоорлорунун алкагында Борбордук Тянь-Шанда Хан-Теңири, Батыш Тянь-Шанда Кан-Ачуу жана Алатай жаратылыш парктары түзүлүп, алардын дарамети күчөтүлгөн.
Ошондой эле Чаткал экологиялык коридору жана Кабак буфердик зонасы уюштурулуп, алар жапайы жаныбарлардын, анын ичинде ак илбирстин табигый жер которуусуна мүмкүндүк берет. Мындай өнөктөштүктун натыйжасында Кыргызстандагы ӨКЖА аянты 2010-жылдагы 3,8 пайыздан 2025-жылы 7,4 пайызга чейин өстү. Бул болсо биотүрдүүлүктү сактоо боюнча өлкөнүн жана глобалдык максаттарга жетүүдөгу чоң кадам.
Учурда бул ийгиликтер башка аймактарда да таратылууда. Алсак, учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУӨП менен биргеликте Памир-Алай аймагында Чоң-Алай, Арпа, Арка жана Айгүл-Таш аттуу төрт жаңы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштурууда. Ошондой эле аймактагы жаратылыш парктары менен коруктарды башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы менен Кулун-Ата коругунун ортосунда экологиялык коридор түзүү иштери жүрүп жатат.
Каржылоо жана коомчулуктардын катышуусу
Жаратылышты сактоо туруктуу каржылоосуз жана жергиликтүү жамааттардын активдүү катышуусуз мүмкүн эмес. БУУӨП өлкөгө биотүрдүүлүктү сактоого арналган туруктуу каржы механизмдерин иштеп чыгууда жардам көрсөтүп келет. Бул багыттагы маанилүү кадам - БУУ системасынын өнөктөштөрү менен биргеликте Жаратылышты сактоо боюнча Улуттук трасттык фондду түзүү. Фонд ички жана эл аралык ресурстарды бириктирип, жаратылышты коргоо долбоорлорун жана демилгелерин колдоого багытталган узак мөөнөттүү механизм болуп саналат. Ал БУУнун Көп өнөктөштүк трасттык фондунун үлгүсүндө иштейт жана ачык-айкындуулук, инклюзивдүү башкаруу жана жоопкерчилик принциптерине негизделет. Бул механизм каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана реалдуу жыйынтыктарга жетүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, фонд аралаш каржылоо аркылуу жеке сектордун инвестицияларын тартуу жана бизнестин жаратылышты коргоо демилгелерине катышуусун стимулдаштыруу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
Ошол эле учурда БУУӨП деградацияланган токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүүдө, экотуризмди өнүктүрүүдө жана альтернативдүү киреше булактарын түзүүдө жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөтөт. Айрыкча жайыт жана токой ресурстарын кайра иштетүү жана колдонуу аркылуу жаратылышты коргоого экономикалык кызыкчылыктар түзүлүүдө.
Мониторинг жана эл аралык отчеттуулук
БУУӨП колдоосу менен Кыргызстанда биотүрдүүлүктү улуттук деңгээлде мониторингдөө системасы өркүндөтүлүүдө. ӨКЖАларды башкаруунун заманбап инструменттери, анын ичинде SMART системасы, жаңы маалымат чогултуу жана талдоо ыкмалары киргизилүүдө. Бул экосистемалардын абалын көзөмөлдөөгө, кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун баалоого жана илимий негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Учурда БУУнун Биологиялык түрдүүлүк боюнча Конвенциянын Жетиинчи улуттук отчетун даярдоо иши башталды. Бул документ Кыргызстан жетишкен прогрессти эл аралык коомчулукка көрсөтүп, өлкөнүн туруктуу жаратылыш пайдалануусуна болгон позициясын бекемдейт.
Табият жана адам – бирдиктүү система
Кыргызстанда БУУӨПтүн биотүрдүүлүктү сактоо боюнча ишмердүүлүгү стратегияны, саясатты, каржылоону жана практиканы айкалыштырат. Экологиялык каркастын түзүлүшү, Трасттык фонддун өнүгүшү, мониторинг системаларынын иштелип чыгуусу жана талаадагы долбоорлор өлкөнүн жаратылыш капиталын башкаруунун жаңы үлгүсүн түзүүдө.
Жаратылыштын табигый байланыштарын жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо аркылуу Кыргызстан адам менен жаратылыш биримдикте жашаган туруктуу келечекти калыптандырууда.