Өнөктөштүк - чыныгы жыйынтыктар: БУУӨП жана Жапония иш жүзүндө

2025-ж., 31-July
A large group of people posing together outside a building on a sunny day.

Жапон делегациясы Балыкчыдагы жаштар борборунун алдында

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

29 жана 30-июль күндөрү БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү Александра Соловьёва жана Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси урматтуу Хидэки Года Ысык-Көл облусундагы БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашкан долбоорлор менен таанышуу үчүн иш сапар менен барышты.

Сапардын жүрүшүндө делегация жаштар жана жергиликтүү жамааттар менен жолугуп, өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылган демилгелердин реалдуу жыйынтыктары менен таанышышты. Стратегиялык кызматташтык жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, коомдордун туруктуулугун бекемдөөгө жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болууда.

A group of people seated at a table, focusing on a presentation, with laptops in front of them.

Балыкчы шаарындагы жаштар борборунда

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Жапон делегациясынын сапары Балыкчы шаарындагы Жаштар борборунан башталды - бул борбор өлкө боюнча түзүлгөн 10 муниципалдык жаштар борборунун бири болуп саналат. Аталган борборлор БУУӨП жана Жапония Өкмөтүнүн колдоосу менен жаштардын потенциалын ачууга жана алардын коомдогу ролун чыңдоого багытталган.

Делегацияны борбордун кызматкерлери жана демилгелүү жаштар жылуу тосуп алып, аларга борбордо ишке ашып жаткан демилгелерди, ийгиликтерди жана өзгөрүүлөрдү тааныштырды. Борборлор кадимки окуу жайы болуудан чыгып, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, идеяларды ишке ашырууга көмөктөшкөн реалдуу өзгөрүү аянтчаларына айланып калды.

2020-жылдан бери 4000ден ашуун жаштар ишкердик, жергиликтүү башкаруу жана жаңжалдарды алдын алуу боюнча окуудан өтүп, жигердүү жамаат лидерлерине айланышты. Бул демилгелердин натыйжасында 225тен ашуун жумуш орду түзүлүп, жаштардын демилгелери үчүн $325 000дан ашуун каражат тартылган.

Борбор активдүү түрдө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, БУУ агенттиктери, KOICA, JICA жана башка өнөктөштөр менен кызматташып, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Four individuals standing in an office, engaged in conversation.

Балыкчы шаарындагы жаштар борборунда

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Сапардын кийинки багыты - Чолпон-Ата шаарындагы жаңы технологиялык долбоор болду. Жапония Өкмөтүнүн колдоосу менен бул жерде жасалма интеллектти колдонгон жаңы муундагы эрте эскертүү системасы ишке киргизилди. Ал система мөңгү көлдөрүнүн абалын реалдуу убакыт режиминде байкап, табигый кырсыктардан, айрыкча сел жана суу ташкындарынан алдын алуу боюнча маанилүү функцияларды аткарат.

Чукул кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун алкагында 1663 метр узундуктагы бекемделген сел каналдары курулду, эки автоматташтырылган метеостанция орнотулуп, көпканалдуу эскертүү системасы ишке киргизилди. Бул система жогорку тобокелдиктеги тоолуу аймактардагы 150дөн ашуун үй-бүлөнү коргоп, алардын коопсуздугун камсыз кылат. 2024-жылы система аркылуу 490 адам эвакуацияланса, 2025-жылы мөңгү көлдөрүнүн жарылышынан улам 950ден ашуун адам коопсуз аймакка чыгарылды. Жергиликтүү адистер белгилешкендей, спутниктик маалыматтар жана санариптик технологиялар бүгүнкү күндө өлкөнүн алыскы аймактарында да калктын өмүрүн сактоодо маанилүү роль ойноп жатат.

Three people sit around a table in a meeting room, discussing intently.

Хидэки Года, Жапониянын Элчиси, Чолпон-Атага болгон сапар учурунда

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Ысык-Көл облусуна болгон экинчи күндөгү сапардын жүрүшүндө Жапониянын Элчиси Года мырза жана БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александра Соловьёва Караколдо жаш аял ишкерлер менен жолугушуп, алардын айыл аймактарды креативдүү, санариптик жана ишкердик аркылуу өнүктүрүү аракеттерин баалашты. 

Финляндия Өкмөтү каржылаган «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен жана БУУӨПтүн негизги ресурстарына Жапониянын стратегиялык салымы аркылуу, бул аялдар жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда.

Альбина Алимова электрондук коммерция жана укмуштуу окуялуу туризм тармагындагы кошумча баа чынжырлары аркылуу алыстагы аймактарда киреше түзүлүшүн көрсөттү. Анын ишмердүүлүгү кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, жумуш орундарын көбөйтүүгө гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын маданий өзгөчөлүктөрүн сактоого өбөлгө түзөт.

Альбина Алимова презентация учурунда

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Креативдүү студиянын негиздөөчүсү Наргиза Турбатова жапон салттуу амигуруми сайма техникасы аркылуу гүлдөп турган бизнести түзүүнүн үлгүсүн көрсөттү. Санариптик платформалардын жардамы менен ал өзүнүн кол өнөрчүлүк өнүмдөрүн жаңы базарларга жеткирип, туруктуу жана ийгиликтүү ишкердикти өнүктүрдү.

 

Андан соң делегация ишкер Асел негиздеген «Royal Gate» этнокемпингине барышты. Долбоордун колдоосу менен ал инфраструктураны модернизациялап, жергиликтүү өнөктөштүктөрдү түзүп, кирешелерди үч эсеге көбөйттү. Ошол эле учурда жаштар жана аялдар үчүн туруктуу жумуш орундарын түздү.

Бул ири долбоордун алкагында 64 аял жана жаштар менторлордун колдоосу менен окуудан өтүп, алардын 35и бизнесин өнүктүрүүгө колдоо алышты. Финансылык сабаттуулук жана маркетинг боюнча 89 катышуучу окутулду. Аялдар жетектеген 28 бизнес онлайн форматка өткөрүлүп, алардын кирешеси орточо 17%га өстү. Натыйжада 56 жаңы жумуш орду түзүлүп, алардын 41ин аялдар ээлешти.

 

Бул окуялар - жөн гана жеке ийгиликтер эмес, айыл жергесиндеги толук кандуу экономикалык өнүгүү моделдери болуп саналат. Сапар ошондой эле Жапония менен БУУӨПтүн ишкер аялдарды колдоону масштабдоого, экотуризмди, жаштардын жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдарда тобокелдикти башкаруу системасын күчөтүүгө багытталган келечектүү диалог үчүн аянтча болду.