«Бир айыл – Бир продукт»: Жоопкерчиликтүү ишкердүүлүккө карай жол
2025-ж., 2-July
Ишкер Наргиза Эркинбаева
2014-жылы Наргиза Эркинбаева пикирлештери менен бирге өз аймагынын потенциалын ачып, жергиликтүү жамааттарга жардам берүү жолун ойлонот. Жапон эл аралык кызматташуу агенттигинин колдоосу менен өлкөдө жергиликтүү өнүктүрүүнүн жапон модели – «Бир айыл – Бир продукт» (ОСОП) долбоору киргизилген. Наргиза «ОСОП+1» коомдук кызыкчылыктар корпорациясын жетектеген.
Идеясы эң жөнөкөй: жергиликтүү ресурстарды колдонуу, аларга баалуулук кошуу жана ар бир айылдын өзгөчөлүгүн чагылдырган уникоду продукцияларды жаратуу.
«Биз ар бир айылда дүйнөгө кызыктуу боло турган өзгөчөлүк бар деп ишенчүбүз, – деп эскерет Наргиза. – Биздин милдет – ошол кенчтерди табуу, адамдарга өзүнө ишенүүгө жардам берүү жана суроо-талапка ээ боло турган сапаттуу продукцияларды жасоону үйрөтүү».
Он жылдын ичинде «Бир айыл – Бир продукт» өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тартылган 3000ден ашык катышуучулары бар өндүрүүчүлөрдүн туруктуу тармагына айланды. Ассортименти таң калтырат: даамдуу балдан жана колго жасалган кийиз буюмдардан баштап табигый косметикага жана жыгач, таштан жасалган оригиналдуу сувенирлерге чейин. «Бир айыл – Бир продукт» дүкөндөрү Бишкек, Каракол жана Ош шаарларында иштеп, алардын продукциялары барган сайын Жапонияга, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга экспорттолуп, сатып алуучулардын жүрөгүн багындырууда.
Ийгиликке жетүү жолу оңой болгон жок. Наргиза башында алар өндүрүшкө жана сатуу базарын издөөгө гана көңүл буруп, ал эми адам укуктары маселелери көңүл сыртында калганын моюнга алат.
Алардын өнүгүүсүнүн жаңы этабы Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» долбооруна катышуудан башталды. Бул долбоор Кыргызстанды кошкондо 17 өлкөдө ишкердик ишмердүүлүктө адам укуктарын коргоо стандарттарын жогорулатуу боюнча глобалдык демилгенин бир бөлүгү болуп калды. Анын негизги максаты – коммерциялык ишмердүүлүктүн адам укуктарына тийгизген терс таасирин минималдаштыруу.
БУУӨПтүн колдоосунун аркасында «Бир айыл – Бир продукт» эмгек шарттарын көзөмөлдөө системасын киргизип, адилеттүү эмгек акыны камсыз кылып, ишкер айымдарды колдой баштады жана айлана-чөйрөгө кам көрдү. Уюм Бизнес жана адам укуктары академиясынын мүчөсү болуп калды. Анда 53 ата мекендик компаниялардын, анын ичинде 12 жапон компаниясынын, биргелешкен ишканалардын жана алардын жеткирүүчүлөрүнүн/өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү адам укуктары жаатында тийиштүү текшерүү маселелери боюнча интенсивдүү окуудан өтүштү.
«Биз тренингдерден өткөндөн кийин туруктуу бизнес адамдарга урмат көрсөтпөстөн мүмкүн эмес экенин түшүндүк. Бул жөн гана мыйзамдарга ылайык келүү эмес, бул ишеним, репутация жана биздин келечегибиз»,– дейт Наргиза.
«Бир айыл – Бир продукт» сыяктуу уюмдардын тажрыйбасы кеңири улуттук трансформациянын бир бөлүгү болуп калды. 2024-жылы Кыргыз Республикасы Борбор Азияда жана КМШда биринчи болуп Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын кабыл алды. Бул адилеттүү жана жоопкерчиликтүү ишкердүүлүккө карай маанилүү кадам болду.
Бүгүнкү күндө «Бир айыл – Бир продукт» жөн гана ийгиликтүү бренд эмес, ишкердик адам укуктарын, социалдык жана экологиялык баалуулуктарды урматтоо менен айкалыштырылышы мүмкүн экендигинин үлгүсү. Уюмдун продукциялары сапаттын жана бизнеске жоопкерчиликтүү мамиленин белгиси болуп калды.
Бул окуя БУУӨП менен Жапония өкмөтүнүн өнөктөштүгү жергиликтүү демилгелердин потенциалын ачып, туруктуу өнүгүүнүн, адам укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн принциптерин кандайча алга жылдырарын көрсөтөт.