Кыргызстандагы эрте эскертүү системасы: реалдуу убакыт режиминде тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү

2025-ж., 27-June
Man in a white shirt stands next to an open equipment cabinet in a mountainous area.

Даурбек Сакыев, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору

БУУӨП / Кыргызстан

Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан толуу Кыргызстан ак кар, көк мөңгүлөрдүн жашыруун, бирок өтө опурталдуу коркунучтары менен бет келүүдө. Бул – бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуусу. Бул көлдөр тоолуу жамааттарга коркунуч жаратып жатат.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев бул маселенин тамыр кармаган адис. «Бизде 2000ден ашык бийик тоолуу көлдөр бар жана алардын 368и коркунучтуу деп таанылган. Жыл сайын мөңгүлөрдүн эришинен улам жаңылары пайда болууда. Алардын ар бири — мүмкүн болуучу кырсык», – дейт Сакыев.

Бул коркунучка натыйжалуу каршы туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жапон Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен инновациялык чечимдерди киргизүүдө. Жасалма интеллектке негизделген IT-модулду USCMFESке интеграциялоо  – башкы элемент. Бул бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуу коркунучу жана сел учурунда болжолдоонун тактыгын жана чечим кабыл алуунун ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Expansive mountain landscape with snow-capped peaks and turquoise glacial lakes under a cloudy sky.

Кыргызстанда 2000ден ашык бийик тоолуу көлдөр бар жана алардын 368и коркунучтуу деп таанылган

БУУӨП / Кыргызстан

«Система спутниктик сүрөттөрдү жана метеостанциялардан алынган маалыматтарды камтыган маалыматтардын эбегейсиз көлөмүн автоматтык режимде талдоого, ошондой эле көлдөрдүн абалына ретроспективдүү талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал көлдүн абалындагы өзгөрүүлөрдү өз алдынча аныктайт, анын аянтынын көбөйүшүн баалайт жана эгер кырдаал кооптонууну жаратса, адиске кооптонуу сигналын берет», – дейт Даурбек Сакыев.

Системанын маанилүү артыкчылыгы - коркунуч тууралуу эскертүүлөрдү байланыштын ар кандай каналдары аркылуу ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү: «112 Кыргызстан» мобилдик тиркемеси, SMS-билдирүүлөр, радио жана телевидение. Бул жергиликтүү бийлик органдарына жана ӨКМ кызматтарына калкты коргоо боюнча өз убагында чараларды көрүүгө, анын ичинде кооптуу аймактардан эвакуациялоого мүмкүндүк берет.

Системанын натыйжалуулугу иш жүзүндө далилденди. 2024-жылдын июль айында анын ишинин аркасында Ысык-Көл облусундагы «Зындан Западное» көлүнүн жарылуу коркунучун өз убагында аныктоого мүмкүн болду. Спутниктик маалыматтарды талдоо суунун деңгээлинин тез көтөрүлүшүн көрсөттү, бул Туура-Суу айылынын тургундарын шашылыш эвакуациялоо үчүн сигнал болуп кызмат кылды.

Two men stand beside a solar-powered weather station in a mountainous area.

Интегралдык AI менен иштеген IT модулу

БУУӨП / Кыргызстан
«Өз убагында эвакуациялоонун аркасында адам курмандыктарына жол бербөөгө жана материалдык зыянды азайтууга мүмкүн болду. Мурда ушундай иш-чараларды өткөрүү үчүн жумалар жана эбегейсиз ресурстар талап кылынса, азыр система муну автоматтык түрдө жана жогорку тактык менен аткарат»,
- деп баса белгиледи Сакыев.
A man wearing headphones looks out of a helicopter at mountainous scenery.

Даурбек Сакыев, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору

БУУӨП / Кыргызстан

Мурда мөңгү көлдөрүнүн абалын баалоо үчүн ӨКМ кызматкерлери тоолорго кымбат жана жетүүгө кыйын болгон экспедицияларды уюштурууга же тик учактарды колдонууга туура келчү. Жаңы автоматташтырылган система мониторинг процессин тездетпестен, чыгымдарды дагы кыйла азайтууга мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында ошондой эле Чолпон-Ата жана Чоң-Сары-Ой шаарларында заманбап автоматтык гидрометеорологиялык станция орнотулуп, жаан-чачын жана температурага күнү-түнү байкоо жүргүзүлүүдө. Бул сел жана суу ташкыны процесстеринин коркунучу жогору болгон райондордо эрте эскертүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн бир топ күчөттү.

«Бул инновациялык системаны иштеп чыгуу ӨКМ менен БУУӨП командасынын тыгыз кызматташтыгынын жана ырааттуу ишинин аркасында мүмкүн болду, - деп белгиледи Сакыев, - Биз бул дымактуу долбоорду региондо аналогдор жок болсо дагы, кыска мөөнөттө ишке ашыра алдык. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн чыныгы ийгилик».

A solar-powered environmental monitoring station beside a river, surrounded by a fence.
БУУӨП / Кыргызстан

Системаны жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу башка табигый коркунучтарга мониторинг жүргүзүү үчүн ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгү анын туруктуулуктун универсалдуу куралына айлантат. Келечекте долбоорду Кыргызстандын башка аймактарына, анын ичинде Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарына жайылтуу пландаштырылууда. Андан тышкары, системага Непал жана Индия сыяктуу региондун башка өлкөлөрү да кызыгуусун билдиришти.

БУУӨП жана Жапония Өкмөтүнүн өнөктөштүгү реалдуу убакыттагы маалыматтар, коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана алдын ала жумшартуу аркылуу мөңгү көлдөрүнө мониторинг жүргүзүү жана жарылуу коркунучун азайтуу боюнча улуттук потенциалды чыңдоого мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада сел өтүүчү 1663 метр канал бекемделип, 150 үй чарбасы түздөн-түз коргоого алынып, 10 коомдук топ окутулуп, толук жабдылды. Демилгенин алкагында 2 автоматташтырылган метеостанция орнотулуп, жасалма интеллектке негизделген улуттук мониторинг системасы иштелип чыкты, ал жакында түзүлгөн Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча бирдиктүү системанын негизин түздү.

Бул инновациялык технологияларга жана эл аралык кызматташтыкка инвестициялоо өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун негизги факторлору болуп саналат.