«Дөлөн» кар көчкү станциясы: Кыргыз тоолорундагы коопсуздуктун күзөтчүсү

2025-ж., 30-June
Two men stand in the snow near a bulldozer, with snowbanks and mountains in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

Деңиз деңгээлинен бийиктикте, булуттар менен кар баскан чокулар айкалышкан Соң-Көл тоо кыркасында легенда кайрадан жанданды. 1946-жылы курулган «Дөлөн» кар көчкү станциясы жөн гана техникалык объект эмес, бул – Кыргызстандын тоо ашууларындагы өмүрдү жана коопсуздукту сактоонун символу.

Дал ушул кооз, бирок катаал аймакта Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде «Мен – Тянь-Шань» культтук тасмасы тартылган. Далай жылдан бери кароосуз калган станция Жапон өкмөтү колдогон БУУӨПтүн долбоорунун жардамы менен экинчи өмүрүнө ээ болду.

Two gray houses with blue roofs in a barren landscape, surrounded by snow-capped mountains.

«Дөлөн» кар көчкү станциясы

БУУӨП / Кыргызстан

2020-жылдан баштап үзгүлтүксүз метеорологиялык байкоолор кайра жанданып, ал эми 2023-жылы жаңыланган станция расмий ачылган. Заманбап жабдуулар ар бир үч саат сайын өтө маанилүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет: температура, жаан-чачын, шамал, кар катмары. Бардык маалыматтар реалдуу убакытта тез чара көрүү кызматтарына берилет.

«Биздин милдет – күн сайын кар көчкү жүрүүчү кооптуу аймактарды көзөмөлдөө. Ар бир он күндө биз эң кооптуу аймактарда тереңдетилген изилдөөлөрдү жүргүзөбүз, кардын бийиктигин, анын тыгыздыгын, түзүмүн жана температурасын өлчөйбүз. Анан ушул маалыматтардын негизинде биз кар көчкүнүн жүрүү ыктымалдыгын болжолдойбуз», – дейт станциянын башчысы Нурбек Исабаев.

Станция Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кар көчкү жүрүүчү 17 кооптуу аймактарды, анын ичинде эң татаал Кызыл-Бел ашуусун көзөмөлдөйт. Ошондой эле Аксай–Торугарт, Акталаа–Казарман жана башка райондордогу кооптуу аймактар дагы көзөмөлдө. Кар жааган учурда жана кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулаганда «Дөлөн» ыкчам түрдө тиешелүү кызматтарга маалымат берет. Зарыл болгон учурда, жол кыймылы убактылуу токтотулат, айрыкча кыш айларында, бул жол менен күн сайын Кытайдан жүк ташыган оор жүк ташуучу унаалар өтүп турат.

Two buildings with blue roofs in a rural landscape under overcast skies.

«Дөлөн» кар көчкү станциясы

БУУӨП / Кыргызстан

«БУУӨПтүн долбоорунун аркасында станция жөн гана кайра жаралбастан, заманбап жана жогорку технологиялуу болуп калды. Реалдуу убакытта маанилүү параметрлер боюнча маалыматтарды берүүчү автоматтык метеорологиялык станция орнотулду. Биз жаңы техника, жабдуулар, шаймандар жана транспорттор менен камсыз болдук. Кеңсе, чарбалык блок жана резервуардык түйүн сыяктуу жаңы имараттар курулду», – деп белгилейт Нурбек Исабаев.

Тоолуу райондордо кырсыктардын негизги себеби кар көчкү экенин эске алсак, ишенимдүү мониторинг коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Дал ушул себептен улам Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП Кыргызстандын тобокелдиктерди эрте эскертүү жана аларга жооп кайтаруу боюнча улуттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоосуна жардам берүүдө. Жаңы кар көчкү станциялары курулуп жатат, алардын баары так өлчөөлөр жана күнү-түнү байкоо жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Станциянын иши жай мезгилинде да токтобойт: кызматкерлер мөңгүлөргө экспедицияга барышат, эриген учурда жарылып кетүү коркунучу бар көлдөрдү көзөмөлдөшөт. Климаттын өзгөрүшү барган сайын күч алып, кар көчкү азайганы менен, тобокелдиктер өсүүдө.

«Климат көз алдыбызда өзгөрүп жатат. Эгер мурда кар көп болуп, кар көчкү тез-тез болуп турса, анда 2023–2024-жылдары дээрлик болгон жок»,
– дейт Нурбек Исабаев.

 

Коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө эрте эскертүү жана өз убагында көрүлгөн чаралар табигый кырсыктардын кесепеттерин жумшартууга жана азайтууга, адам өлүмүн жана экономикалык зыянды кыскартууга мүмкүндүк берет. «Дөлөн» станциясынын иши, долбоордун алкагында курулган башка станциялар сыяктуу эле, Кыргызстандын тоолуу жолдорунда адамдардын жана транспорттун коопсуздугун камсыздоодо маанилүү звено болуп саналат.

Жапониянын колдоосу менен БУУӨП эрте эскертүү инфраструктурасын жана институционалдык потенциалды жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктарга даярдыгын жана аймактык кызматташтыгын күчөттү. Бул демилгенин алкагында Дөлөндө, Чапчымада жана Башкы-Теректе кар көчкүнүн мониторинги боюнча үч станция курулуп, толук жабдылды, алар тобокелдик жогору болгон аймактарда реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берип турушат.

Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн 22 атайын транспорт каражаты тартылып, 100дөн ашуун адис ГИС жана аралыктан зонддоо технологиялары боюнча окуудан өтүштү. Калкты кабарлоо боюнча улуттук система үч облуска чейин кеңейтилди, ал эми кризистик жана өзгөчө кырдаалдарда маалыматты башкаруунун бирдиктүү системасы координацияны оптималдаштыруу үчүн кеңейтилди.