Ментор Элвира Акунова жана анын эки ментиси – Нурсултан менен Дилбаранын окуясы, БУУӨП тарабынан көрсөтүлгөн системалуу колдоо региондордогу ишкерлерге кандайча өз ишин тартипке салып, туруктуу бизнеске айлантууга жардам бергенин даана көрсөтүп турат. Бул кызматташтык Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азия өлкөлөрүндө соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Ментордук колдоо бизнеске жаңы дем берип, коомчулукту бекемдейт
2025-ж., 14-July
Ментор Элвира Акунова жана анын эки ментиси менен
Ментор Элвира Акунова жана анын эки ментиси – Нурсултан менен Дилбаранын окуясы, БУУӨП тарабынан көрсөтүлгөн системалуу колдоо региондордогу ишкерлерге кандайча өз ишин тартипке салып, туруктуу бизнеске айлантууга жардам бергенин даана көрсөтүп турат. Бул кызматташтык Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азия өлкөлөрүндө соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Башаламандыктан брендге карай жол
Нурсултан аары чарбачылыгы менен алектенет. Ментордук программага чейин ал балды чийки түрүндө, таңгаксыз, бренди жана позиционированиеси жок сатчу. Программага катышуудагы максаты жөнөкөй эле болчу – бизнес кандай иштээрин түшүнүп, так билим алуу. Ментору Элвира Акунова менен иштөө учурунда ал бизнес-процесстерин иреттеп, бренд түзүп, эсепке алууну жолго коюп, өнөктөштүк келишимдерди түзүүнү үйрөндү.
«Мурда ишимде тартипсиздик болсо, азыр тартип орноду. Ментордун жардамы менен бизнесиме 70% системалуу түшүнүк киргизе алдым», – дейт Нурсултан.
Ошондой эле ал продукция коопсуздугу жана сапатты башкаруу боюнча окууларга катышып, экспортко чыгуу пландарын түзө баштады. Бул стратегия ага продуктуну жөн гана таңгактабастан, ишкердикти комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Элвира Акунова үчүн ментордук программага катышуу – өзүнүн жаңы өнүгүү этабы болду. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп эле тим болбостон, катышуучулардын өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшүп келет. Анын пикиринде, чыныгы ментор жалпы картинаны көрө билип, адамды угуп, ага ылайык ыкма тандап, ишти адаптациялоого жөндөмдүү болушу керек.
«Ментордук – бул шаблон эмес, бул адам менен, анын мүмкүнчүлүктөрү жана максаттары менен иштөө жөндөмү. Мындай колдоо аркылуу биз региондордо экономикалык туруктуулукту калыптандырып жатабыз», – деп белгилейт Элвира.
Нурсултан башка ишкерлер менен активдүү байланышта. Ал өзүн өз ара колдоо көрсөтүп, биргелешкен пландарды түзүп жаткан коомчулуктун бир бөлүгү катары сезет. Ал жаңы баштаган ишкерлер менен тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз ара жардам бизнес чөйрөнү бекемдеп, коркунучтарды азайтарын белгилейт.
«Эгерде чынжыр катары иш алып барсак, ийгиликке жетпей калуу коркунучу азаят. Колдоо – бул баарыбызга алдыга жылууга көмөкчү болгон күч», – дейт ал.
Жеке өсүү жана бизнес кеңейтүү
Дилбара Муратова Программага өзүнүн бизнесин өнүктүрүү жана жаңы продуктыларды иштеп чыгуу максатында келген. Элвира менен бирге алар бизнес-план түзүп, максаттарды аныкташып, ишкердик баарлашуу көндүмдөрүн бекемдешти.
«Мен үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана жаңы өнөктөштөрдү табууну үйрөнүү абдан маанилүү болчу. Бул багытта Элвира мага практикалык жардам берди», – дейт Дилбара.
Программада жеке өнүгүү боюнча тренингдер да камтылган. Ушул иш-чаралар жана ментор менен үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдүн натыйжасында Дилбара жаңы билимдерге, тааныштарга ээ болуп, маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана бизнесин кеңейтүүнүн багытын аныктоого жетишти.
«Эң башкысы – баштоодон коркпоо. Ментор менен иштөө мага үйрөнүүнү, кеңешүүнү жана алдыга карай арыш таштоону үйрөттү», – деп бөлүшөт ал.
Элвира, Нурсултан жана Дилбаранын окуясы – ментордук программанын чыныгы натыйжасын чагылдырган жандуу мисал. 2024–2025-жылдары программага 62 ментордук жуп катышып, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар жана жаштар түздү. Катышуучулар аары чарбачылыгы, туризм, кургак жемиштерди жана жаңгыктарды кайра иштетүү, тери жана кийиз кол өнөрчүлүгү тармактарында иш жүргүзүшөт. Программа аларга кирешелерин жогорулатып гана тим болбостон, туруктуу бизнес байланыштарды түзүүгө, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана региондордун экономикалык турмушуна активдүү аралашууга жол ачты.
Ишкердикти колдоо БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга көмөктөшүп, региондордун экономикасын стимулдаштырат жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Ошондой эле программа Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө туруктуу жана инклюзивдүү бизнес моделдерин жайылтууга салым кошот.