БУУӨП Ош жана Баткен аймактарында жергиликтүү өнүгүүнү тездетүү үчүн аймактык өнөктөштүктү күчөтүүдө

2025-жылдын 21-апрелинен 23-апрелине чейин БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева жана командасы Ош жана Баткен областарында иш сапары менен барып, кызматташтыкты бекемдөө жана өнүгүүнүн негизги артыкчылыктары боюнча жыйынтыктарды тездетүү үчүн улуттук өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүштү

2025-ж., 23-April
A man and a woman exchange a certificate in a formal setting with a logo on the wall.

Ош шаарында БУУӨП 2024-жылдын «Эң мыкты өнүктүрүү өнөктөшү» наамына татыды

2025-жылдын 21-апрелинен 23-апрелине чейин БУУӨПтүн  Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева жана командасы  Ош жана Баткен областарында  иш сапары менен барып, кызматташтыкты бекемдөө жана өнүгүүнүн негизги артыкчылыктары боюнча жыйынтыктарды тездетүү үчүн улуттук өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүштү.

Ош шаарында БУУӨП социалдык-экономикалык өсүшкө, климаттын туруктуулугуна жана коомдук биримдикке кошкон салымы үчүн Президенттин Ыйгарым Укуктуу Өкүлү тарабынан 2024-жылдын өнүктүрүү боюнча «Эң мыкты өнүктүрүү өнөктөшү» наамына ээ болду.

Жолугушуулар  жаңы кабыл алынган Ош облусун 2030-жылга чейин Өнүктүрүү Программасын Колдоо, анын ичинде ишкердүүлүктү кеңейтүү, инвестициялык шарттарды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну көтөрүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана климаттык адаптацияны жогорулатуу маселелерине арналды.

Баткенде  БУУӨП өкмөттүн артыкчылыктуу багыттары жана «Баткен-2024» инвестициялык форумунун жыйынтыктары менен шайкеш келтирилген узак мөөнөттүү региондук өнүгүү көз карашын сунуштады. Инклюзивдик экономикалык өсүштү, соода кызматташтыгын, санариптик мамлекеттик кызматтарды жана муниципалдык климаттык адаптацияны колдоо боюнча милдеттенмелер кабыл алынды.

Ош жана Баткен шаарларынын вице-мэрлери менен болгон жолугушууларда инвестициялык кеңештерди өнүктүрүү, жаштар жана аялдардын ишкердигин колдоо, санариптештирүү жана туруктуу шаардык пландаштыруу негизги темалар болду.

БУУӨП ошондой эле кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү, чыгармачыл өнөр жайларды колдоо, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, аялдар менен жаштардын ишкерлиги сыяктуу демилгелердин аркасында жашоосу жакшырган долбоордун бенефициарлары менен жолугушту. Бул аракеттер экономикалык туруктуулукту, кызматтарды көрсөтүүнү жана социалдык инклюзивдүүлүктү, өзгөчө алыскы жана аз камсыз болгон аймактарда жакшыртты.

Эки региондо тең улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөр БУУӨПтү стратегиялык, чечимдерге багытталган өнүгүү өнөктөшү катары билишет. БУУӨП ийгиликтүү моделдерди кеңейтүү, саясатка катышууну күчөтүү жана анын колдоосу Өкмөттүн өнүгүү күн тартиби менен тыгыз шайкеш келишин камсыз кылуу аркылуу бул импульсту бекемдейт.